Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 138 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 8-декабры № 194
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 605-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 53 жана 54-беренелер менен толукталсын:
"53-берене. Судьялардын квалификациясын жогорулатуу
1. Судья квалификациясын жогорулатууга милдеттүү.
Судьялардын квалификациясын жогорулатуу бул мезгилге эмгек акысын сактоо менен, үч жылда бир жолудан кем эмес, окуу программаларына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Судьянын квалификациясын жогорулатуудан өтүүсүнүн тартиби жана мөөнөттөрү Жогорку соттун төрагасы жана Судьялар кеңеши тарабынан аныкталат.
3. Судьялардын квалификациясын жогорулатуу республикалык бюджеттин каражаттарынын, ошондой эле мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
54-берене. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди окутуу
1. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди окутуу Сот адилеттүүлүгүнүн жогорку мектеби тарабынан жүзөгө ашырылат. Судьянын кызмат ордуна талапкер болгон адамдар бир жылга чейинки мөөнөттөгү күндүзгү окуудан өтүүгө тийиш, аны аяктагандан кийин квалификациялык экзамен өткөрүлөт.
2. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди окутуудан өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү Жогорку соттун төрагасы жана Судьялар кеңеши тарабынан аныкталат.";
2) 15-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн биринчи жана экинчи абзацтары "улуу эмес," деген сөздөрдөн кийин "Юриспруденция" адистиги боюнча" деген сөздөр; "жана юридикалык" деген сөздөрдөн мурда "же тиешелүү багыт боюнча "бакалавр" академиялык даражасы бар болсо, "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен "Юриспруденция" даярдык багыты боюнча жогорку билими" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордун ээлөөгө биринчи жолу талапкер болгон жана судьялык иш стажы жок адамдарга, ошондой эле судьялык иш стажы бар адамдарга, мында алардын конкурска катышууга берген арызы менен адамды судьянын кызмат ордунан бошотуунун же болбосо судьянын ыйгарым укуктарын токтотуунун ортосундагы тыныгуунун мөөнөтү он жылдан ашса, төмөнкүдөй кошумча талап белгиленет - талапкерлерди окутуунун натыйжалары боюнча берилүүчү сертификаттын болушу.";
в) 9-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31) кылмыш жасоого шектелгендер же айыпталгандар же болбосо аларга карата реабилитациялабоочу негиздер боюнча жазык куугунтуктоосу токтотулгандар;";
3) 17-беренеде:
а) 1-бөлүгү "улуу эмес," деген сөздөрдөн кийин "Юриспруденция" адистиги боюнча" деген сөздөр; "жана юридикалык" деген сөздөрдөн мурда "же тиешелүү багыт боюнча "бакалавр" академиялык даражасы бар болсо, "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен "Юриспруденция" даярдык багыты боюнча жогорку билими" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1) кылмыш жасоого шектелгендер же айыпталгандар же болбосо аларга карата реаблитациялабоочу негиздер боюнча жазык куугунтуктоосу токтотулгандар;";
4) 19-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту "жогорку юридикалык билими" деген сөздөрдөн мурда "Юриспруденция" адистиги боюнча" деген сөздөр; "жөнүндө дипломунун" деген сөздөрдөн мурда "же тиешелүү багыт боюнча "бакалавр" академиялык даражасы бар болсо, "магистр" академиялык даражасын ыйгаруу менен "Юриспруденция" даярдык багыты боюнча жогорку билими" деген сөздөр менен толукталсын;
5) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 211-берене менен толукталсын:
"211-берене. Конкурстук тандоо
1. Конкурстук тандоо - бул юридикалык билимдин жогорку деңгээлине ээ, Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат орундарына сунуштоо үчүн инсандык, квалификация жана жүрүм-турум талаптарына жооп берген адамдарды табуу максатында көз карандысыз коллегиялуу орган - Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан жүзөгө ашырылуучу процесс.
Конкурстук тандоо маанилүү кесиптик жана эрктүүлүк сапаттарды аныктоо үчүн аңгемелешүүлөрдү жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
Аңгемелешүүгө төмөнкүлөр киргизилет:
1) ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап калган, иштеп жаткан судьялар;
2) судьялык иш стажы бар адамдар, мында алардын конкурска катышууга берген арызы менен адамды судьянын кызмат ордунан бошотуунун же болбосо судьянын ыйгарым укуктарын токтотуунун ортосундагы тыныгуу мөөнөтү он жылдан ашпагандар;
3) экзамен тапшыруунун натыйжалары боюнча сертификат алган адамдар.
2. Аңгемелешүүгө киргизүүдө Судьяларды тандоо боюнча кеңеш төмөнкүлөрдү иликтейт:
1) талапкерлердин документтерин жана алардын мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун;
2) декларациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык маалымат берүүчү талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери жана чыгымдары жөнүндө декларацияларын;
3) талапкердин жүрүм-турумунун кынтыксыздыгын тастыктоочу башка маалыматты (талапкерге пикирлерди, сунуштамаларды).
Судьяларды тандоо боюнча кеңеш судьянын бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерге карата декларациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык маалымат берүүчү талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери жана чыгымдары жөнүндө декларацияларын суратып алууга милдеттүү.
Документтерди иликтөөнүн натыйжалары боюнча Судьяларды тандоо боюнча кеңеш талапкерди конкурстук тандоого киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат. Талапкерди киргизүү жөнүндө чечим ачык добуш берүү менен Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынат.
3. Аңгемелешүү Судьялар кеңеши аныктаган тартипте жүргүзүлөт.
Аңгемелешүүнүн суроолору Судьялар кеңеши тарабынан жыл сайын бекитилет жана Судьяларды тандоо боюнча кеңештин расмий сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
4. Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан сунушталган талапкерлердин тизмеси Президентке сунуштоо же дайындоо үчүн конкурстук тандоодон өтүүдө алган баллдарына ылайык кемүү иретинде түзүлөт.
Конкурстун жыйынтыктары боюнча баллдардын эң көп санын алган талапкерлер Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан бош орундарга барабар санда сунуштоо же дайындоо үчүн Президентке сунуштамаланат.
Конкурстук тандоодон өткөн, бирок Президентке сунуштамаланбаган талапкерлер талапкерлердин тизмесинде калтырылат.
Тиешелүү тизмеден талапкерлерди сунуштамалоо алган баллдарынын санына жараша, кезектүүлүк тартибинде ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Талапкерлер аларды Судьяларды тандоо боюнча кеңеш Президентке сунуштамаланганына жараша талапкерлердин тизмесинен чыгарылат.
Талапкерлердин тизмеси мурда сунушталган бардык талапкерлер дайындалган же шайланган, судьялардын бардык бош кызмат орундары толтурулган же болбосо көрсөтүлгөн кызмат ордуна талапкерлердин түзүлгөн тизмеси толук пайдаланылган учурларда Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан таратылат.
Конкурстук тандоонун бардык материалдары талапкердин өздүк делосуна тиркелет. Конкурска катышкан талапкерлердин өздүк делолору кайтарылып берилбейт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сакталат.".
2-берене.
1. Ушул конституциялык Мыйзам "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн ишке ашыруунун алкактарында судьялык корпусту түзүү аяктаган күндөн тартып күчүнө кирген ушул конституциялык Мыйзамдын 1-беренесинин 5-пунктун кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул конституциялык Мыйзамдын судьялардын кызмат ордуна талапкерлер үчүн билимине карата талаптарды белгилөө бөлүгүндөгү ченемдери ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген учурда "Юриспруденция" адистиги боюнча жогорку билими же "Юриспруденция" багыты боюнча "магистр" академиялык даражасы бар, бирок тиешелүү багыт боюнча "бакалавр" академиялык даражасы болбогон адамдарга жайылтылбайт.
3. Ушул конституциялык Мыйзамдын 1-беренесинин 5-пункту күчүнө кирген күндөн тартып "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 9-июлундагы № 141 конституциялык Мыйзамынын 21-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 605-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын; 15-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында жана 18-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацында "21" деген цифра "21-1" деген цифрага алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |