КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 14-декабры № 198
2015-жылдын 9-декабрында Астана шаарында кол коюлган Эл аралык илимий-техникалык борбордун ишин улантуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2015-жылдын 9-декабрында Астана шаарында кол коюлган Эл аралык илимий-техникалык борбордун ишин улантуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Эл аралык илимий-техникалык борбордун Катчылыгына көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |