Редакцияот 16.12.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 16-декабры № 205

2016-жылдын 24-июнунда Ташкент шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттин статусун алуу максатында Пакистан Ислам Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандумду ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2016-жылдын 24-июнунда Ташкент шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттин статусун алуу максатында Пакистан Ислам Республикасынын милдеттенмелери жөнүндө меморандум ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына жогоруда көрсөтүлгөн Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев