Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 16-декабры № 209
"Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статьяда:
он алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам - дарттардын, жаракаттардын же кемтиктердин кесепеттери менен шартталган, жашоо-турмушун чектөөгө алып келүүчү жана аны социалдык жактан коргоонун зарылдыгын пайда кылуучу организмдин функциялары туруктуу бузулган адам;";
он тогузунчу абзацта "60" жана "65" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "58" жана "63" деген цифраларга алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар - дарттардын, жаракаттардын же кемтиктердин кесепеттери менен шартталган, тулку боюндагы жана (же) психикалык кемчиликтердин натыйжасында жашоо-турмушун чектөөгө алып келүүчү жана аларды социалдык жактан коргоонун зарылдыгын пайда кылуучу ден соолугу функциялык жактан бузулган балдар;
тобокелдик топтору - балдар үйлөрүн бүтүрүүчүлөрү; эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган, турак жайынан айрылган адамдар; жумуш издеп каражат табууга башка региондордон келген мигранттар;
социалдык волонтёр - социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өз ыктыяры менен көрсөткөн жеке жак;
социалдык кызматкер - өзү аткарып жаткан иштин талаптарына жана мүнөзүнө ылайык зарыл квалификациясы бар жана социалдык жактан тейлөөнү түздөн-түз жүзөгө ашырган же болбосо алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан, аны социалдык кызматтардын тутумунда жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган адамдарга уюштурган адис.";
2) 4-статьяда:
алтынчы абзацында "өтө кыйын же" деген сөздөр алып салынсын;
он тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган адамдар;";
3) 7-статьяда:
а) 2-бөлүгүндө:
- "а" пунктунда "жатак-үйлөр" деген сөздөр "социалдык стационардык мекемелер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "в" пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ритуалдык кызмат көрсөтүүлөр агенттиги, адистештирилген сөөк коюу кызматтары.";
б) 3-бөлүгүндө:
- үчүнчү абзацында "үйлөр" деген сөз "башпаана жайлары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- тобокелдик топтору үчүн социалдык мейманканалар.";
4) 14-статьяда:
а) расмий тилдеги 1-бөлүгүндө "лицам преклонного возраста" деген сөздөр "пожилым гражданам" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Социалдык жактан тейлөөнүн жарым стационардык уюмдарында жана мекемелеринде күндүз болуу шарттарында көрсөтүлүүчү социалдык жактан кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдуу социалдык стандарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";
5) 21-статьянын аталышында жана биринчи абзацында "Өтө кыйын" деген сөздөр "Оор" деген сөзгө алмаштырылсын;
6) 22-статьянын 3-бөлүгүндө "калкты социалдык жактан коргоо" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 241-статья менен толукталсын:
"241-статья. Социалдык кызматкерлер тарабынан көрсөтүлүүчү социалдык кызмат көрсөтүүлөр
Жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган адамдарга социалдык кызматкер тарабынан төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- социалдык-турмуш-тиричиликтик кызмат көрсөтүүлөр - башкалардын багуусуна муктаж болгон клиенттерге турмуш-тиричиликте клиенттердин жашоо-турмушун колдоого багытталган социалдык жардам түрүндө;
- социалдык-медициналык кызмат көрсөтүүлөр - тез жардамды жана үй-бүлөлүк дарыгерди үйгө чакыруу жолу менен медициналык жардам, зарыл дарылоого чейинки шашылыш жардам алууга жана клиентти саламаттык сактоо уюмдарына коштоп барууга көмөктөшүү;
- социалдык-психологиялык кызмат көрсөтүүлөр - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, атайын адистештирилген мекемелерге жана уюмдарга (жарандардын ыктыярдуу макулдугунун шартында) кайрылууга көмөктөшүү, ошондой эле коомго көнүктүрүү үчүн аңгемелешүү, баарлашуу, сөзүн угуу, шыктандыруу, активдүүлүккө кызыктыруу түрүндө психологиялык колдоо;
- социалдык-педагогикалык кызмат көрсөтүүлөр - өзүн өзү тейлөө көндүмдөрүнө, жашоо-тиричиликте жана коомдук жерлердеги жүрүм-турумга, өзүн өзү контролдоого, мамиле түзүүгө көмөктөшүү, ошондой эле социалдык-эмгектик, кесиптик реабилитациялоо менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөр жана балдарды үй-бүлөдө тарбиялоого жардам;
- социалдык-укуктук кызмат көрсөтүүлөр - квалификациялык юридикалык жардам үчүн кайрылууга көмөктөшүү (анын ичинде укуктук мүнөздөгү документтерди топтоого жана түзүүгө, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жардам).
Социалдык-турмуш-тиричиликтик, социалдык-медициналык, социалдык-психологиялык, социалдык-педагогикалык жана социалдык-укуктук кызмат көрсөтүүлөрдүн тартиби жана уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
8) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 61-глава менен толукталсын:
"61-глава. Социалдык кызматкерлердин ишин уюштуруунун негиздери
291-статья. Социалдык кызматкерлердин иши
Социалдык кызматкерлердин иши жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган адамдарга социалдык колдоо жана жардам көрсөтүүдө турат.
Социалдык кызматкерлер өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул Мыйзамдын жоболорун жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
Социалдык кызматкерлердин укуктары жана милдеттери, ишин уюштуруунун жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Үйүндө социалдык жактан тейлөө боюнча ишке социалдык волонтерлор тартылышы мүмкүн. Социалдык волонтерлор социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү социалдык кызматкердин жетекчилиги алдында көрсөтүшү мүмкүн.
292-статья. Социалдык кызматкерлерди социалдык колдоо чаралары
Калкты социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик, мамлекеттик эмес жана муниципалдык мекемелеринин жана уюмдарынын социалдык кызматкерлерин социалдык колдоо чаралары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик эмес мекемелеринин жана уюмдарынын социалдык кызматкерлерин социалдык колдоо чаралары алардын уюштуруучулары тарабынан өз алдынча белгиленет.
Социалдык кызматкер өзүнүн кызматтык милдеттерин ийгиликтүү жана ак ниет аткарганы, узак жана кынтыксыз иши үчүн төмөнкүдөй сыйлоо чаралары белгиленет: алкыш жарыялоо, "Жылдын мыкты социалдык кызматкери" наамын ыйгаруу, ведомстволук жана өкмөттүк сыйлыктарга көрсөтүү.
293-статья. Социалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу
Социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик мекемелеринин жана уюмдарынын социалдык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан координацияланат.
Социалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, бюджеттик эмес каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Социалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуунун тартиби, түрлөрү жана формалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Социалдык жактан тейлөөнүн мамлекеттик мекемелеринде иштеген социалдык кызматкерлерди аттестациялоонун шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |