Редакцияот 22.12.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2016-жылдын 22-декабры № 213

Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу

1-берене.

Кыргыз Республикасынын 2015-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет атайын каражаттарды эске алуу менен кирешелер боюнча 113 899 213,5 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча 120 427 181,8 миң сом суммасында, чыгашалардын кирешелерден 6 527 968,3 миң сом суммасында ашуусу менен бекитилсин.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев