Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 22-декабры № 215
Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө
(КР 2017-жылдын 28-декабрындагы N 217 (22) Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2016-жылдын 30-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 139889140,3 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 161333262,4 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 21444122,1 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмүн жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынан 21444122,1 миң сом суммасында каражат 1-тиркемеге ылайык жумшалсын.
(КР 2017-жылдын 28-декабрындагы N 217 (22) Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2017-2019-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2018-2019-жылдарга республикалык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн төмөнкүдөй болжолу жактырылсын:
1) 2018-жылга кирешелер боюнча болжол - 140882232,2 миң сом суммасында, 2019-жылга - 142129843,4 миң сом суммасында;
2) 2018-жылга чыгымдар боюнча болжол - 161149361,4 миң сом суммасында, 2019-жылга - 162339315,3 миң сом суммасында;
3) Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын болжолу - 20267129,2 миң сом суммасында, 2019-жылга - 20209471,9 миң сом суммасында.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2018-2019-жылдарга жактырылган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрүн аларды ар бир дайындуу мезгилге кабыл алууда тактоо жүргүзүүгө укуктуу.
(КР 2017-жылдын 28-декабрындагы N 217 (22) Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене.
Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин киреше бөлүгү жана 2018-2019-жылдарга болжолу 3 жана 3-1-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин жана 2018-2019-жылдарга болжолунун чыгашаларын каржылоого каражаттар 4, 5, 6-тиркемелерге ылайык белгиленсин.
5-берене.
1. 2017-2019-жылдарга мамлекеттик инвестициялар боюнча чыгашалар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. 2017-жылы капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 9513697,2 миң сом суммасында бекитилсин жана алардын артыкчылыгын эске алуу менен алар мурунку мезгилдерде каралган объекттердин курулуштарын жана 2017-жылга түзүлгөн тизмекте бекитилген объекттердин курулуштарын, реконструкциялоосун бүткөрүүгө багытталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 400000,0 миң сом багытталсын.
4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2017-жылы - 380000,0 миң сом суммасында, 2018-жылы - 500000,0 миң сом, 2019-жылы - 600000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотацияларды алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыгы белгиленсин.
(КР 2017-жылдын 28-декабрындагы N 217 (22) Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене.
1. Корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу, тамак-аш азыктарын сатып алуу, социалдык камсыз кылуу боюнча жөлөкпулдар, калкка социалдык жардамдарды берүү боюнча жөлөкпулдар, стипендиялар), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелер боюнча чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
2. Бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлүшү, алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы менен байланыштуу корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.
3. Ушул Мыйзамга ылайык өздүк чыгашалардын корголгон беренелерин толук каржылоону камсыз кылуу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жоопкерчилик жүктөлсүн.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2017-2019-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
7-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү киргизүүгө укуктуу:
1) эгерде бул Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген сумманын чегинде ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү;
2) тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле түзүмдүк өзгөрүүлөрдөн, өндүрүштүн көлөмдөрүнүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн), баалардын деңгээлинин өзгөрүүлөрүнөн келип чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери менен республикалык бюджеттин өз ара эсептерине тактоолорду;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана/же тескемелерине ылайык кечиктирилгис иш-чараларды аткаруу үчүн ушул Мыйзамга өзгөртүүлөр жөнүндө мыйзам долбоору киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча айына бир жолудан көп эмес алардын булактарын көрсөтүү менен кошумча чыгашаларды каржылоо тууралуу сунуштарды.
8-берене.
2017-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 150000,0 миң сом суммасында белгиленсин.
9-берене.
1. Мурда областтардын бюджетинде турган мекемелерди 2017-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо 8-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
2. Мурда областтардын бюджетинде турган мекемелерди 2018-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо суммасынын болжолу 8-1, 8-2-тиркемелерге ылайык жактырылсын.
10-берене.
1. 2017-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
1) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан жана шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн сатуудан түшкөн салыктан - 50 пайыз өлчөмүндө;
2) ыктыярдуу патент негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттөө негизиндеги салыктан, бирдиктүү салык негизинде түшүүлөрдөн - шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө - 100 пайыз өлчөмүндө;
3) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды, мунайды, газды кошпогондо, роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча шаарлардын жана айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине - 50 пайыз өлчөмүндө;
4) жер казынасын пайдалануу үчүн салыктан (бонустар) республикалык бюджетке - 100 пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
2. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча болжолун ашыра аткаруу суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүнү салыктардын ар бир түрү боюнча пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдери боюнча жүргүзүү белгиленсин.
3. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпайт.
11-берене.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мурда алынган бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин суммасынын жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке кайтарылышы 2017-жылы - 203471,9 миң сом, 2018-жылы - 142632,7 миң сом, 2019-жылы - 142352,5 миң сом суммасында 9-тиркемеге ылайык камсыз кылынсын.
12-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңөөчү трансферттердин өлчөмү чыгашалардын 1818161,0 миң сом жаппы суммасында 10-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2018-2019-жылдарга республикалык бюджетинен теңөөчү трансферттердин өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына теңөөчү трансферттерди биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багыттасын.
4. Республикалык бюджеттен теңөөчү трансферттердин эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартышат.
5. Мыйзамдар менен каралган ыйгарым укуктардын чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффициенттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин көбөйүүсү ушул Мыйзам менен бекитилген 2017-2019-жылдарга теңөөчү трансферттердин өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
13-берене.
Эң аз эмгек акынын өлчөмү 2017-жылга - 1200,0 сом, 2018-жылга - 1300,0 сом, 2019-жылга - 1400,0 сом суммасында белгиленсин.
14-берене.
1. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынсын.
Кайтарып берүү негизинде берилген бюджеттик каражаттарды өз убагында кайтарып бербөө жана аларды пайдаланганы үчүн пайыздарды төлөөнүн мөөнөтүн өткөрүп жиберүү аларды кыскартуу, ошондой эле кызмат адамдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдө жайгашкан мекемелерин кошпогондо, мамлекеттик мекемелерге казына тутумун четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттардын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынат.
3. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоо үчүн зарыл болгон Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражаттары турган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын өтмө эсеби 2018-жылдын 1-январына чейин сакталсын.
15-берене.
Учурдагы жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгашалар кийинки жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралсын.
16-берене.
Сот органдарынын чечимдери боюнча жеке жактарга аткаруу барагы боюнча төлөмдөр тиешелүү министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
17-берене.
1. Пилоттук министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун 2017-2019-жылдарга программалык бюджети 11, 11-1-тиркемелерге ылайык жактырылсын.
2. Министрликтердин бюджеттерин толук жана өз убагында аткаруу 11-1-тиркемеге ылайык камсыз кылынсын.
3. Министрликтер бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө ар бир кварталдык отчетторун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 11-1-тиркемеге ылайык жиберүүгө милдеттүү.
18-берене.
Ушул Мыйзамга жылына эки жолудан ашык эмес өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган бюджеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын жоболорун аткаруу камсыз кылынсын, мында биринчи өзгөртүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна учурдагы жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен киргизилүүгө тийиш.
19-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |