Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 29-декабры № 222
Паралимпиадалык спорт жөнүндө
1-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда теменкудей түшүнүктөр пайдаланылат:
1) адаптациялык дене тарбия жана спорт - ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү - таяныч-кыймылдоо аппаратында, көрүүсүндө, интеллектинде бузулуулары бар адамдар үчүн дене тарбия жана спорггун түрү, анда мындай адамдарды денебойлук реабилитациялоонун, социалдык адаптациялоонун жана интеграциялоонун натыйжалуу каражаттарынын комплекси камтьшат;
2) ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелген - таяныч-кыймылдоо аппаратында, көрүүсүндө, интеллектинде бузулуулары бар адам - бул үчүн атайын шарттарды түзбөстөн, көрсөтүлгөн ден соолук мүмкүнчүлүктөрүндө чектелгендик болбогон адамдардын жетишкендиктери менен салыштырарлык, денебойлук жана спорттук даярдыкта ийгиликтерге жетишүүсүнө тоскоолдук кылуучу денебойлук же интеллектик бузуулары бар адам;
3) балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектеби - ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү - таяныч-кыймылдоо аппаратында, көрүүсүндө, интеллектинде бузулуулары бар адамдардын арасында аларды денебойлук реабилитациялоо, социалдык адаптациялоо, интеграциялоо жана алардын споргтук натыйжаларын жогорулатуу максатында окуу-машыктыруу жана тарбиялоо процесстерин уюштүрүу жана өткөрүү негизги иши болуп саналган дене тарбиялык-ден соолук чыңдоочу жана спорттук багыттагы уюм;
4) классификатор - паралимпиадачы-спортчуларды алардын функциялык мүмкүнчүлүктөрүнун даражалары боюнча квалификациялоого милдеттүү болгон, спорттук мелдештерди уюштүрүучулар тарабынан ыйгарым укук берилген жана тийиштүү документ менен ырасталган, атайын даярдыктан өткөн адам;
5) класспфикациялоо - паралимпиадачы-спортчуларга атаандашууга тен мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында классификатор же классификаторлор тобу тарабынан алардын классификациялык категорияларын аныктоонун процесси;
7) спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча улуттук курама командалар - Паралимпиадалык оюндарга жана башка эл аралык спорттук мелдештерге даярдык көрүү жана аларда Кыргыз Республикасынын атынан чыгууга даярдануу үчүн түзүлүүчү, паралимпиадачы-спортчулардын, машыктыруучулардын, лидер-машыктыруучулардын, лидер-спортчулардын, спорттук медицина жаатындагы окумуштуулардын, адистердин, спорт жаатындагы башка адистердин, расмий спорттук коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн жамааттары;
8) Кыргыз Республикасынын Улуттук паралимпиадалык комитети - Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, анын мыйзамдарына ылайык коомдук бирикме формасында аракеттенүүчү жана Кыргыз Республикасынын курама командаларын Паралимпиадалык оюндарга, ошондой эле Эл аралык паралимпиадалык комитеттин калкасы астында өткөрүлүүчү региондук, континенттик жана дүйнөлүк мелдештерге алып барууга өзгөчө ыйгарым укуктарга ээ болгон Эл аралык паралимпиадалык комитеттин курамдык бөлүгү;
9) паралимпиадалык спорт (пара-спорт) - ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү - таяныч-кыймылдоо аппаратында, көрүүсүндө, интеллектинде бузулуулары бар адамдарды спорттук мелдештерге даярдоо жана аларды денебойлук реабилитациялоо, социалдык адаптациялоо жана интеграциялоо, аларда сергек жашоо ыңгайын калыптандыруу жана аларды спорттук ийгиликтерге жетиштирүү максатында мелдештерге аларды катыштыруунун атайын теориясы жана практикасы формасында калыптанган спорттун курамдык бөлүгү;
10) спорттун паралимпиадалык түрлөрү - дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасындагы спорт түрлөрүнүн жана спорттук сабактардын Улуттук реестрине киргизилген, ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү - таяныч-кыймылдоо аппаратында, көрүүсүндө, интеллектинде бузулуулары бар адамдардын арасында жайылтылуучу спорт түрлөрү;
11) жогорку жетишкендиктердин паралимпиадалык спорту - паралимпиадачы-спортчулардын эл аралык деңгээлдеги натыйжаларга жетишүүсүнө, улуттук, континенттик жана дүйнөлүк спорттук рекорддорду коюусуна багытталган паралимпиадалык спорттун курамдык бөлүгү;
12) паралимпиадалык кыймыл - өз катарына уюмдарды жана ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды бириктирген, максаты болуп адамдын денебойлук жана руханий өркүндөшүнө жетишүүнүн, эл аралык кызматташтыкты чыңдоонун жана майыптарды спорт менен машыгууга тартуу, жашоонун сергек ыңгайына умтултуунун каражаттарынын бири катары спортту өнүктүрүү саналган эл аралык олимпиадалык кыймылдын бөлүгү;
13) спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук федерация - ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү - таяныч-кыймылдоо аппаратында, көрүүсүндө, интеллектинде бузулуулары бар адамдар үчүн спорттун бир же бир нече түрлөрүн өнүктүрүүнү, эл аралык спорттук мелдештерге катышуу үчүн спорттун тийиштүү паралимпиадалык түрлөрү боюнча улуттук курама командаларды даярдоону максат кылуучу коомдук бирикме;
14) паралимпиадачы-спортчу - паралимпиадалык спорттун негизги субъекти, денебойлук тереңдетилген реабилитациялоо, социалдык адаптациялоо, интеграциялоо жана спорттук натыйжаларга жетишүү максатында спорттук мелдештерге катышуучу, спорттун тандап алган түрү менен туруктуу машыгуучу, ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү - таяныч-кыймылдоо аппаратында, көрүүсүндө, интеллектинде бузулуулары бар адам;
15) паралимпиадалык спорт боюнча калыс - калыстык квалификациясы бар жана спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча мелдештерди өткөрүүдө тийиштүү эрежелерди жана шарттарды сактоону камсыз кылууга чакырылган адам;
16) лидер-машыктыруучу - машыктыруучу менен бирге азиз паралимпиадачы-спортчуларга окуу-машыгуу сабактарын өтүүчү, азиз паралимпиадачы-спортчуларга лидерлик кылуу формасында мелдештерге катышуучу машыктыруучу;
17) лидер-спортчу - азиз паралимпиадачы-спортсмендерге лидерлик кылуу формасында окуу-машыгуу сабактарын жана мелдештерди өткөрүүгө катышуучу спортчу.
2-берене. Паралимпиадалык спорттун негизги принциптери
Кыргыз Республикасында паралимпиадалык спорттун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) паралимпиадалык спортту өнүктүрүүнүн гуманисттик мүнөзү, бүтүндөй спортту өнүктүрүүнүн шарттарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө карата паралимпиадалык спортту өнүктүрүүгө бирдей шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу;
2) ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын спорттук жана спорттук оюн-зоок иш-чараларга катыша жана машыга алышы үчүн спорттук курулмалардын жеткиликтүү болушу;
3) ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын паралимпиадалык спорт менен алектенүү укуктарын камсыз кылууга мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, спорттук уюмдардын, ошондой эле кызмат адамдарынын жоопкерчилиги;
4) окуу-машыктыруу сабактарына, спорттук жана спорттук оюн-зоок иш-чараларга катышуучу ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коопсуздукту камсыз кылуу;
5) паралимпиадалык кыймыл жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин урматтоо жана сактоо;
6) паралимпиадалык спортту камсыз кылуунун эң мыкты эл аралык стандарттарына жана нормаларына багыттоо;
7) спорт жаатындагы мамлекеттик бийлик органдарынын паралимпиадалык спорт жаатындагы коомдук спорттук уюмдарды паралимпиадалык спорттун таламдарын козгогон чечимдерди иштеп чыгууга милдеттүү түрдө тартуу аркылуу алар менен өз ара аракеттенүүсү.
2-глава. Паралимпиадалык спортту колдоо
3-берене. Паралимпиадалык спортту мамлекеттик колдоо
1. Паралимпиадалык спорт жана олимпиадалык спорт тең укуктуу болуп саналат.
2. Паралимпиадалык спортту мамлекеттик колдоо мамлекеттик бийлик органдары тарабынан төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:
1) республикалык жана эл аралык негизги мелдештердин календарлык планына киргизилген Паралимпиадалык оюндарга, Азиялык Пара оюндарга, Азия чемпионаттарына, дүйнөлүк чемпионаттарга жана башка эл аралык спорттук мелдештерге, ошондой эле спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча башка улуттук спорттук мелдештерге Кыргыз Республикасынын курама командаларын даярдоо жана катыштыруу боюнча иш-чараларды уюштуруу;
2) паралимпиадалык спорт жаатында адистерди, анын ичинде классификаторлорду кесиптик даярдоону, кайра даярдоону жана алардын квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
3) ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү - таяныч-кыймылдоо аппаратында, көрүүсүндө, интеллектинде бузулуулары бар жарандардын машыгууларга жана спорттук жана спорттук оюн-зоок иш-чараларга катышуусун камсыз кылуу үчүн спорттук объекттерди курууну, реконструкциялоону жана оңдоп-түзөөнү уюштуруу;
4) спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча курама командаларды финансылык, материалдык-техникалык, илимий-методикалык, медициналык-биологиялык, медициналык, допингге каршы жана маалыматтык-пропагандалык камсыз кылуу;
5) спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын ар жылдык чемпионаттарын өткөрүүнү, спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спартакиадаларды төрт жылда бир жолу өткөрүүнү уюштуруу;
6) паралимпиадалык спортту өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү демөөрчүлүккө, меценаттыкка жана кайрымдуулукка кызыктыруу;
7) ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорт багытындагы продукцияларды чыгаруучу ата мекендик спорттук өнөр жайын колдоо;
8) ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын паралимпиадалык спорт менен акысыз машыгуусу үчүн шарттарды түзүү;
9) ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү - таяныч-кыймылдоо аппаратында, көрүүсүндө, интеллектинде бузулуулары бар адамдарды паралимпиадалык спортту өнүктүрүү боюнча ишке тартуу.
4-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын паралимпиадалык спортту колдоосу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын паралимпиадалык спортту колдоосунун формаларына төмөнкүлөр кирет:
1) ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын аларга тоскоолдуксуз жетүү талаптарын эсепке алуу менен спорттук объекттерди куруу, реконструкциялоо жана оңдоп-түзөө;
2) муниципалдык менчикте турган спорттук объекттерди күтүү жана түздөн-түз максаты боюнча пайдалануу, аларды электр, жылуулук жана суу менен жабдууну камсыз кылуу;
3) ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү - таяныч-кыймылдоо аппаратында, көрүүсүндө, интеллектинде бузулуулары бар адамдардын паралимпиадалык спорт менен акысыз машыгуусу үчүн шарттарды түзүү;
4) тийиштүү аймакта спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук иш-чаралардын календарлык пландарын иштеп чыгуу, бекитүү жана жүзөгө ашыруу;
5) региондук курама командаларды түзүү жана алардын паралимпиадалык спорт боюнча региондук жана башка мелдештерге катышуусун камсыз кылуу;
6) паралимпиадалык спорт менен машыгуучу адамдарды медициналык контролдон өткөрүүнү уюштуруу, ошондой эле тийиштүү аймакта өткөрүлгөн спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук иш-чараларды медициналык камсыз кылуу;
7) ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектептерди, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептерди, спорттук клубдарды, башка адистешкен дене тарбиялык-спорттук мекемелерди түзүү;
8) ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү - таяныч-кыймылдоо аппаратында, көрүүсүндө, интеллектинде бузулуулары бар адамдар үчүн парктарда, токой-парктарда, турак кичирайондордо, жатаканаларда, короолордо, шаар четиндеги эс алуу базаларында жана алар жашаган жана эс алган башка жерлерде спорттун паралимпиадалык түрлөрү менен машыгуу үчүн шарттарды бул адамдардын денебойлук мүмкүнчүлүктөрү чектелүүлүгүн эсепке алуу менен түзүү.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү эсепке алуу менен, өздөрүндө материалдык ресурстары жана финансылык каражаттары бар болгондо паралимпиадалык спортко башка колдоолорду көрсөтүүгө укуктуу.
3-глава. Паралимпиадалык спортту жана адаптациялык дене тарбияны өнүктүрүүчү уюмдар
5-берене. Кыргыз Республикасынын Улуттук паралимпиадалык комитети жана спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук федерациялар
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук паралимпиадалык комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча жогорку орган катары таанылат, ал өлкөнүн чегинен сырткары анын атынан чыгат, Эл аралык паралимпиадалык комитет менен карам-катыш түзөт, тармактык федерациялардын жана кыймылдардын ишин координациялайт.
2. Кыргыз Республикасындагы спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук федерациялар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан расмий таанылат.
6-берене. Паралимпиадалык спортту өнүктүрүүчү уюмдар
Кыргыз Республикасында балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектептери, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектептери, паралимпиадалык даярдоо борборлору, атайын (коррекциялык) билим берүү уюмдарындагы спорттук класстар, ошондой эле балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептеринде, балдар-өспүрүмдөр дене тарбиялык даярдоо клубдарында, олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр адистешкен мектептеринде, жогорку спорттук чеберчилик мектептеринде, спорттук даярдоо борборлорунда, башка адистешкен спорттук уюмдарда адаптациялык жана паралимпиадалык спорт бөлүмдөрү жана топтору түзүлөт жана иштейт.
7-берене. Атайын (коррекциялык) билим берүү уюмдары
1. Атайын (коррекциялык) билим берүү уюмдарында окуп жаткандар (тарбиялануучулар) үчүн дене тарбиялык-спорттук клубдар, спорттук класстар, ошондой эле спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук топтор түзүлөт.
2. Атайын (коррекциялык) билим берүү уюмдарында адаптациялык дене тарбия жана спорт боюнча нускоочу-усулчулардын, адаптациялык дене тарбия жана спорт боюнча машыктыруучу-окутуучулардын, дене тарбия жана спорт боюнча башка адистердин кызмат орундары киргизилет.
3. Атайын (коррекциялык) билим берүү уюмдарынын окуучулары республикалык жана эл аралык мелдештерге катышат.
4-глава. Паралимпиадалык спорттун уюштуруучулук-нормативдик негиздери жана алардын өзгөчөлүктөрү
8-берене. Спортчуларды алардын функциялык мүмкүнчүлүктөрүнүн даражалары боюнча классификациялоо
1. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук мелдештерде атаандашуунун тең шарттарын түзүү максатында алардын уюштуруучулары ал мелдештерге катышууга арыз берген паралимпиадачы-спортчуларды алардын функциялык мүмкүнчүлүктөрүнүн даражасы боюнча классификациялоону камсыз кылат.
2. Мелдештерге катыша тургандыгы билдирилген спортчуларды алардын функциялык мүмкүнчүлүктөрүнүн даражасы боюнча классификациялоонун тартиби, жол-жобосу жана шарттары спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча федерациялар тарабынан бекитилүүчү, спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча мелдештердин эрежелеринде камтылууга тийиш. Классификациялоонун аталган тартиби, жол-жобосу жана шарттары Эл аралык паралимпиадалык комитет же анын буга ыйгарым укуктуу түзүмдөрү же тийиштүү эл аралык спорттук федерациялар кабыл алган классификациялоонун тийиштүү тартибинен, жол-жобосунан жана шарттарынан олуттуу айырмачылыктарга ээ болбошу керек.
3. Спорттун ар бир паралимпиадалык түрү боюнча мелдештерге катышуу үчүн спортчулардын класстарынын саны спорттун ошол түрү боюнча ыйгарым укуктуу комиссия жана спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча тийиштүү федерация тарабынан аныкталат.
4. Эгерде мелдештердин эрежелеринде башкача аныкталбаса, спортчу майыптык даражасы төмөн катышуучулар менен бир класста спорттун түрлөрү боюнча мелдештерге чыга алат. Мындай учурларда спортчу ошол мелдештин бүткүл убагында ошол класста калууга тийиш.
5. Спорттун түрү боюнча классификациялык комиссия кеминде үч адистен, анын ичинде медицина жана спорт жаатындагы адистен турууга тийиш. Классификациялык комиссиянын чечими коллегиялык мүнөздө болушу керек. Классификациялык комиссиянын ишинде жекече чечимдерди кабыл алууга жол берилбейт.
6. Эл аралык мелдештерге баруучу спортчулар Кыргыз Республикасынан чыкканга чейин классификацияланууга тийиш.
9-берене. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук наамдар жана разряддар
Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук ардактуу наамдарды, спорттук наамдарды жана разряддарды берүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
10-берене. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук мелдештердин календарлык планы
1. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук мелдештердин календарлык планы республикалык жана эл аралык негизги мелдештердин календарлык планынын курамдык бөлүгү болуп саналат, расмий спорттук мелдештердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук паралимпиадалык курама командаларын эл аралык спорттук мелдештерге даярдоо жана катыштыруу боюнча иш-чаралардын тизмесин аныктайт.
2. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча тийиштүү спорттук федерациялар белгилеген нормативдерди аткарган жана тандоолордон өткөн бардык паралимпиадачы-спортчулар спорттук иш-чаралардын календарлык планына киргизилген расмий спорттук мелдештерге катышууга бирдей укуктарга ээ болот.
11-берене. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук мелдештерди уюштуруу
1. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча расмий улуттук мелдештер көз карандысыз өзүнчө иш-чара катары уюштурулат жана уюштуруучулук, социалдык-тиричиликтик, эстетикалык жана рухий-адептик жогорку талаптарга жооп берүүгө тийиш.
2. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук мелдештердин эрежелеринин сакталышын контролдоону, жеңүүчүлөрдү аныктоону жана спорттук натыйжаларды белгилөөнү спорт боюнча калыстар жүзөгө ашырат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте паралимпиадалык спорт уюмдарында атайын даярдыктан жана кайра даярдоодон өткөн спорт боюнча калыстарга спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча расмий мелдештерге калыстык кылууга жол берилет.
4. Эгерде спорттук командасынын катышуусу мелдештер жөнүндө тийиштүү жободо каралган спорттук уюмдун спорттук командасы бул спорттук мелдештерге катышпаса, ушул спорттук уюмга таандык спортсмен бул мелдештерге катышып жаткан кайсы болбосун башка спорттук уюмдун командасынын макулдугу менен анын курамында бул мелдештерге катышууга укуктуу.
12-берене. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча окуу-машыктыруу программалары
1. Дене тарбия жана спорт уюмдарында спорттун ар кандай паралимпиадалык түрлөрү боюнча спортчуларды даярдоо спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча окуу-машыктыруу программаларына ылайык жүргүзүлөт.
2. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча типтүү окуу-машыктыруу программалары спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча тийиштүү спорттук федерациялар тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
3. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча типтүү окуу-машыктыруу программалары окуу-машыктыруу процессин жүргүзүүчү спорттук уюмдардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыгат жана атайын илимий-изилдөөлөрдүн жана алдыңкы спорттук практиканын натыйжаларына негизделет.
4. Балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектептеринде, башка аталыштагы спорттук мектептерде, спорттук клубдарда, ошондой эле ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар менен окуу-машыктыруу процессин жүргүзүүчү башка спорттук уюмдарда окуу-машыктыруу ишин уюштурууга тийиштүү окуу-машыгуу программаларысыз жол берилбейт.
5-глава. Паралимпиадалык спорт жаатындагы социалдык кепилдиктер жана финансылык камсыз кылуу
13-берене. Социалдык кепилдиктер
1. Мамлекет паралимпиадалык спортто жөндөмдүүлүктөрүн көрсөткөн жарандарга кепилденген көмөктү төмөнкүлөр аркылуу көрсөтөт:
1) Паралимпиадалык оюндарды кошуп алганда эл аралык спорттук мелдештерге улуттук курама команданын атынан чыгуу мүмкүнчүлүгүн берүү;
2) спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча улуттук курама командалардын мүчөлөрүнө атайын мамлекеттик стипендияларды белгилөө;
3) Паралимпиадалык оюндарга, Азиялык Пара оюндарга катышуунун жыйынтыктары боюнча акчалай сыйлоо.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздүк каражаттарынын эсебинен, мамлекетке өзгөчө эмгек сиңирген, көрүнүктүү паралимпиадачы-спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына акчалай сыйлыктарды белгилейт жана турак жай-тиричилик шарттарын жакшыртат.
14-берене. Паралимпиадалык спортту финансылык камсыз кылуу
Паралимпиадалык спортту финансылык камсыз кылуу төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:
1) республикалык жана жергиликтүү бюджетте дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө каралган каражаттардын кеминде 3 пайызын паралимпиадалык спортту өнүктүрүүгө бөлүү;
2) паралимпиадалык спорт уюмдарын спорттук шаймандар жана жабдуулар менен камсыз кылуу;
3) паралимпиадалык спортту өнүктүрүүнүн программаларын финансылоо;
4) спорттук-массалык иш-чараларды финансылоо;
5) паралимпиадалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
6) спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча расмий дене тарбиялык-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук иш-чараларды өткөрүүнү уюштуруу;
7) жергиликтүү балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектептерди, спорттук мектептердеги жана башка спорттук багыттагы уюмдардагы спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча бөлүмдөрүн жана топторун, ошондой эле атайын (коррекциялык) билим берүү уюмдарындагы спорттук класстарды спорттук шаймандар жана жабдуулар, спорттук кийим-кече менен камсыз кылуу.
6-глава. Жалпыга маалымдоо каражаттарында паралимпиадалык спортту пропагандалоо
15-берене. Аткаруу бийлик органдарынын, дене тарбия-спорттук уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын паралимпиадалык спортту пропагандалоого катышуусу
1. Дене тарбия жана спорт, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык өнүктүрүү жаатындагы аткаруу бийлик органдары, паралимпиадалык спорт жаатындагы спорттук уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары дене тарбиялык-спорттук реабилитациялоонун, социалдык адаптациялоонун жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды турмушка аралаштыруунун маанилүү каражаты катары анын өзгөчөлүгүн жана социалдык маанисин эске алуу менен паралимпиадалык спортту пропагандалоонун багыттарын, формаларын жана ыкмаларын аныктайт.
2. Жалпыга маалымдоо каражаттары, анын ичинде телерадио корпорациялар, газеталар, журналдар, башка мезгилдүү басылмалар паралимпиадалык спорт жаатында актуалдуу материалдар боюнча берүүлөрдү жана макалаларды үзгүлтүксүз жарыялоону уюштурат, ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарда дене тарбия көнүгүүлөрү, паралимпиадалык спорт менен машыгууга, сергек жашоо ыңгайына керектөөлөрдү калыптандырат.
16-берене. Зомбулукту пропагандалоого тыюу салуу
Ырайымсыздыкты жана зомбулукту пропагандалоого, адамдын кадыр-баркын кемсинтүүгө, адамдын ден соолугуна зыян келтирүүчү тыюу салынган стимуляторлорду пайдаланууга тыюу салынат.
7-глава. Корутунду жоболор
17-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |