Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 29-декабры № 224
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 Мыйзамынын редакциясыны ылайык)
1-берене.
(КР 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
(КР 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
29-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
"9. Жарандарга, юридикалык жактарга жаңы милдеттерди жүктөөчү, жоопкерчиликти белгилөөчү же күчөтүүчү ченемдик укуктук актылар боюнча ченем чыгаруучу орган же болбосо компетенциясына ушул ченемдик укуктук актыларда көтөрүлгөн маселелер кирген мамлекеттик орган (кызмат адамы) милдеттүү тартипте маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |