Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2016-жылдын 29-декабры № 227
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 311-статьянын биринчи абзацы "Чарбачылык субъекттин" деген сөздөрдөн кийин "(адамдардын тобунун)" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 312-статьянын биринчи абзацы "Чарбачылык субъекттин" деген сөздөрдөн кийин "(адамдардын тобунун)" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 534-статьянын 1-бөлүгүндө "316" деген цифралар "3151" деген цифраларга алмаштырылсын.
2-берене.
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж, № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-берене. Жарнак жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Жарнак жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамынан жана башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат";
2) 5-берененин 4-пунктунун биринчи абзацында "атайын уруксат берүүнү (лицензияны) талап кылса, бирок андай уруксат берүү (лицензия) алынбаса," деген сөздөр "лицензияны жана (же) уруксатты талап кылса, бирок андай уруксат жана (же) лицензия алынбаса" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 7-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"товардын мүнөздөмөсү - анын табияты, курамы, даярдоо ыкмасы жана датасы, арналышы, керектөө касиеттери, колдонуу шарттары, ылайыктуулук сертификатынын же ылайыктуулук жөнүндө декларациянын болушу, тамак-аш продукциясын техникалык регламенттин талаптарына ылайыктуулугун маркалоо жөнүндө, ошондой эле саны жана чыгарылган жери жөнүндө;";
4) 15-беренеде:
а) берененин аталышында "почталык жөнөтүүлөрдөгү" деген сөздөр "коомдук транспорттун аялдамаларындагы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жарнакты коомдук транспорттун аялдамаларында таратуу коомдук транспорттун аялдамалары аймагында турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уруксаты менен гана жүзөгө ашырылат. Коомдук транспорттун аялдамасына жайгаштырылган жарнак аялдаманын аталышын жаап калбоого тийиш.";
5) 27-берененин 1-пунктунда "жарнак берүүчүлөрдүн, жарнак чыгаруучулардын жана жарнак таратуучулардын зарыл болгон бардык документтерин жана башка материалдарын" деген сөздөр "жарнак берүүчүлөрдүн, жарнак чыгаруучулардын жана жарнак таратуучулардын ишине тийиштүү документтерин жана материалдарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 31-берененин 1-пунктунун үчүнчү абзацы, 2-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтары, 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 32-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |