Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 18-январы № 4
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, ст.77) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 364-статьяда:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн он беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга же болбосо беш суткага администрациялык камакка алууга алып келет.";
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "эки" деген сөз "он" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 365-статьянын экинчи абзацындагы "бир" деген сөз "он" деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 366-статьяда:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзацтагы "гүлбактарда," деген сөздөрдөн кийин "көп батирлүү турак жай үйлөрүнүн короолорунда," деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен он эсептик көрсөткүчтөргө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
в) 3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен жыйырмадан отузга чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
г) 4-бөлүктүн экинчи абзацындагы "бирден экиге чейинки" деген сөздөр "ондон жыйырмага чейинки" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 367-статьянын экинчи абзацындагы "ондон жыйырма" деген сөздөр "элүүдөн жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |