Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 24-январы № 9
2015-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу"); 2015-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу" долбоору боюнча ЕРӨБ Акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну; 2016-жылдын 20-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган 2015-жылдын 30-ноябрындагы "Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу" долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга № 1 өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2015-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу"); 2015-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган "Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу" долбоору боюнча ЕРӨБ Акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну; 2016-жылдын 20-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган 2015-жылдын 30-ноябрындагы "Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоорду узартуу" долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Акционерлеринин атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек троллейбус башкармалыгы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга № 1 өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасы тарабынан көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |