Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 25-январы № 12
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2016-жылдын 21-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, ст.392) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 333-статьянын 3-бөлүгүндөгү "эсепке албастан" деген сөздөр "эсепке алуу менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 335-статьянын 1-бөлүгү "негизги иштеген жери боюнча" деген сөздөрдөн мурда ", эмгек акысына райондук коэффициенттерди жана бийик тоолуу шарттардагы иш стажы үчүн кызматтык маянасына үстөктөрдү кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 27-январында № 7 (2732) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |