Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 30-январы № 16
"Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2016-жылдын 28-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2006-жылдын 22-августу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 1-статьянын "в" пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Гидрометеорология ишин жүзөгө ашыруу тартиби
Гидрометеорология иши өлкөнүн бүткүл аймагында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, ушул Мыйзамдын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде бирдиктүү тартипте жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын аймагында гидрометеорология иши жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясынын чегинде алар менен эриш-аркак жүзөгө ашырылат жана мамлекеттин, жеке жана юридикалык жактардын гидрометеорология маалыматына, ошондой эле жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышы жөнүндөгү маалыматка муктаждыктарын камсыз кылууга багытталган.";
4) 3-статьяда:
а) статьянын аталышында "атайын ыйгарым укуктуу" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүктөгү "атайын" деген сөз алып салынсын;
в) 2-бөлүктө "Атайын ыйгарым укуктуу" деген сөздөр "Ыйгарым укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 4-статьяда:
а) статьянын аталышында "негизги түшүнүктөр" деген сөздөр "түшүнүктөр" деген сөзгө алмаштырылсын;
6) жетинчи абзацтагы "атайын" деген сөз алып салынсын;
в) сегизинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
г) он тогузунчу абзацтагы "атайын белгиленген ыйгарым укуктуу орган тарабынан, стандарттык методикалар боюнча салыштырып даярдоодон" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) статья төмөнкүдөй мазмундагы отуз алтынчы - отуз тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"улуттук гидрометеорология тутуму - мамлекеттик жана ведомстволук гидрометеорологиялык уюмдардын жана кызматтардын, гидрометеорология маалыматын жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы айлана-чөйрөнүн абалы, анын булганышы жөнүндөгү маалыматтын башка өндүрүүчүлөрүнүн жыйындысы;
маалымат продукциясын керектөөчүлөр (пайдалануучулар) - Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары, анын ичинде мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле жарандыгы жок адамдар, чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар;
гидрометеорология маалыматын түзүүчүлөр - жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалына ар түрдүү мониторингди жана гидрометрология маалыматын түзүүнү жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар;
аба ырайын болжолдоо тууралуу эрте кабарлоо тутуму - юридикалык жана жеке жактарга күн мурунтан аба ырайын болжолдоо тууралуу (жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн болуп жаткан же божомолдоно турган абалы, болжолдонуучу кооптуу табият кырсыгы жана башталып жаткан табигый жаратылыш кубулушу жөнүндө) маалыматты берүүнү камсыз кылган күчтөрдүн жана аба ырайын болжолдоочу адистештирилген техникалык каражаттар менен электр байланыш түйүндөрүнүн уюштуруу-техникалык бирикмеси.";
б) 5-статьяда:
а) "Атайын ыйгарым укуктуу" деген сөздөр "Ыйгарым укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) "уюмдары" деген сөздөн кийин ", маалымат продукцияларын түзүүчүлөр жана керектөөчүлөр (пайдалануучулар)" деген сөздөр менен толукталсын;
7) I глава төмөнкүдөй мазмундагы 51-статья менен толукталсын:
"51-статья. Улуттук гидрометеорология тутуму
Улуттук гидрометеорология тутумуна төмөндөгүлөр кирет:
а) Мамлекеттик гидрометеорология кызматы - гидрометеорология жагындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган;
б) Кыргыз Республикасынын ведомстволук гидрометеорология уюмдары, кызматтары жана башка мамлекеттик органдарынын бөлүмчөлөрү;
в) маалымат продукцияларын түзүүчү жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалына жана анын булганышына ар түрдүү байкоону жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар.
Мамлекеттик гидрометеорология кызматы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде гидрометеорология ишинин кандай болбосун түрүн жүзөгө ашырууга укуктуу. Ведомстволук гидрометеорология уюмдары жана кызматтары, юридикалык жана жеке жактар гидрометеорология ишин мамлекеттик гидрометеорология кызматы менен эриш-аркак гидрометеорология ишин жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобонун талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген маалымат продукциясын түзүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрине ылайык жүзөгө ашырышат.";
8) 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Гидрометеорология жагындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу принциптери
Гидрометеорология жагындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруунун принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
а) жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалына жана анын булганышына байкоо жүргүзүүнүн комплекстүүлүгү, глобалдуулугу жана үзгүлтүксүздүгү;
б) эгерде мындай гидрометеорология чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралса, Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерлерде байкоо жүргүзүү, маалымат чогултуу, талдоо, жалпылоо, сактоо жана таратуу процесстеринин технологиялык биримдиги;
в) жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн мониторингин мамлекеттик ички жана эл аралык гидрометеорология тутуму менен интеграциялоо;
г) жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн иш жүзүндөгү жана күтүлүүчү абалы жөнүндөгү маалыматты максималдуу натыйжалуу пайдаланууга жетишүү;
д) жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы жөнүндөгү маалыматтын аныктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.";
9) 7-статьяда:
а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "7-статья. Маалымат берүү";
б) 1-4-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 5 жана 6-бөлүктөрдө "атайын" деген сөз алып салынсын;
10) 8-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-статья. Ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктары
Ыйгарым укуктуу органдын гидрометеорология ишиндеги ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
а) калкты гидрометеорологиялык табигый көрүнүштөрдөн коргоо, алар тарабынан келтирилиши мүмкүн болгон залалдын алдын алуу же төмөндөтүү үчүн жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн мониторингин жүзөгө ашыруу;
б) калктын, экономиканын жана аткаруу бийлик органдарынын гидрометеорология маалыматына жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышы жөнүндө маалыматка болгон керектөөлөрүн канааттандыруу;
в) өнөр жай-чарбачылык объекттерин долбоорлоону, курууну жана пайдаланууну, улуттук экономиканын узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн стратегиясын иштеп чыгууну гидрометеорологиялык негиздөө үчүн керектүү гидрометеорология маалыматтарынын Мамлекеттик фондун түзүү жана башкаруу;
г) байкоо жүргүзүү тармагын гидрометеорология маалыматын алууну, чогултууну, иштеп чыгууну жана таратууну камсыз кылуучу приборлор жана жабдуулар менен жабдуу;
д) Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлүп жаткан метеорология, агрометеорология жана гидрология шарттары жөнүндө, ошондой эле жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн булганышы жөнүндө маалыматтарга дайыма талдоо жүргүзүү жана жалпылоо, режимдик жана маалымат материалдарын даярдоону жана басып чыгарууну камсыз кылуу;
е) гидрометеорология жагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
ж) жер үстүндөгү суу ресурстарын (сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү боюнча) жана аларды бирдиктүү тутум боюнча пайдаланууну мамлекеттик эсепке алууну жүзөгө ашыруу, суу кадастрын киргизүү;
з) мөңгүлөрдүн, кар көчкүлөрүнүн мамлекеттик мониторингин жүргүзүүнү жана эсепке алууну жүзөгө ашыруу, алардын кадастрларын жүргүзүү;
и) метеорология жана стандартташтыруу эрежелеринин сакталышын камсыз кылуу, өлчөө каражаттарына ички метрологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;
й) тапшырыкчылардын табыштамалары боюнча келишимдик негизде адистештирилген маалыматтарды берүү;
к) гидрометеорологиялык байкоо жүргүзүүнүн бүткүл дүйнөлүк тутумунун алкагында эл аралык маалымат алмашууга катышуу;
л) улуттук гидрометеорология тутумун калыптандыруу, иштешин жана өнүгүүсүн камсыз кылуу жана мамлекеттик гидрометеорология кызматынын тутумуна кирбеген, бирок жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалына жана анын булганышына байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырган гидрометеорология ишинин катышуучуларынын ишин координациялоо, маалымат продукциясын түзүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү;
м) гидрометеорология маалыматын жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы, анын булганышы жөнүндө маалыматты түзүү жана аларды чогултуунун, иштеп чыгуунун, талдоонун, сактоонун жана пайдалануунун бирдиктүү, өз ара байланышкан мамлекеттик чакан тутумунун иштешин камсыз кылуу;
н) эл аралык, улуттук, региондук жана жергиликтүү деңгээлдердеги гидрометеорология иштеринин тизмегин аныктоо, алардын аткарылышын камсыз кылуу жана расмий болжолдорду, башка гидрометеорология продукцияларын, жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалын жана анын булганышын баалоо боюнча маалыматтарды берүү;
о) байкоо жүргүзүүнүн, эсептөөлөрдүн, болжолдоолордун методдорунун, маалыматтардын жана продукциянын, гидрометеорология иштеринин аткарылышын контролдоо каражаттарынын биримдигин жана салыштырылышын камсыз кылуу.";
12) 11-статьянын 1-пунктунда "Атайын ыйгарым укуктуу" деген сөздөр "Ыйгарым укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) IV глава төмөнкүдөй мазмундагы 111-статья менен толукталсын:
"111-статья. Мамлекеттик гидрометеорологиялык кызматтын айрым категориядагы кызматкерлерине берилүүчү кепилдиктер
Мамлекеттик гидрометеорологиялык кызматтын татаал климаттык шарттарда, алыскы жана жетүүгө кыйын болгон жерлерде иштеген кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ченемдерге ылайык акысыз азык-түлүктөр, же болбосо азык-түлүктөрдүн наркында акчалай компенсациялар менен камсыз кылынат.";
14) 12-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ыйгарым укуктуу орган Гидрометеорологиялык маалыматтардын мамлекеттик фондун түзөт жана башкарат.";
15) 13-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-статья. Жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы жөнүндө маалыматтарды түзүүчүлөрдүн укуктары жана милдеттери
1. Жалпыга багытталган гидрометеорологиялык болжолдоолор массалык маалымат каражаттары аркылуу таратылат.
2. Шашылыш гидрометеорология маалыматы (аба ырайынын бузулушу тууралуу эскертүү) гидрометеорология ишинин катышуучуларына токтоосуз жеткирилет.
3. Маалымат түзүүчүлөр алардын уюштуруу-укуктук түрүнө жана менчиктин түрүнө карабастан айлана-чөйрөнүн абалына байкоо жүргүзүүнүн натыйжаларын жана маалымат продукцияларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте берүүгө милдеттүү.
4. Юридикалык жана жеке жактар жаратылыш айлана-чөйрөсүнө терс таасирин тийгизген, тийгизип жаткан же тийгизиши мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте токтоосуз берүүгө милдеттүү.
5. Маалымат продукциясын түзүүчүлөр байкоолорду жүргүзүүдө, гидрометеорология маалыматтарын жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы жөнүндө маалыматтарды чогултууда, жалпылоодо, талдоодо, сактоодо жана пайдаланууда, жалпыга багытталган маалымат продукциясын түзүүдө методикаларды, колдонуудагы мамлекеттер аралык жана улуттук стандарттарды, ченемдерди сактоого милдеттүү.
6. Гидрометеорологиялык байкоолорду жүргүзүүнү түзүү үчүн колдонулуучу өлчөө каражаттары өлчөнүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык метрологиялык контролго алынууга тийиш.";
16) 14-статьяда:
а) статья төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21. Ыйгарым укуктуу орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте аба ырайын болжолдоо тууралуу эрте кабарландыруу тутумун киргизет.
Аба ырайын болжолдоо тууралуу эрте кабарлоо тутумун уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";
б) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Шашылыш маалымат (аба ырайынын бузулушу) жана жалпыга багытталган маалымат бир сутка мурда эртелеп бекер берилет. Шашылыш маалыматтын (аба ырайынын бузулушу), жалпыга багытталган маалыматтын, жеткиликтүүлүгү чектелген категорияга киргизилген маалыматтын курамы, ошондой эле атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан гидрометеорология маалыматын мындай маалыматты керектөөчүлөгө берүү тартиби гидрометеорология боюнча атайын ыйгарым укуктуу органдын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Адистештирилген гидрометеорология маалыматы атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан гидрометеорология иши жагындагы кызмат көрсөтүүлөргө келишимдин негизинде акы төлөтүү менен берилет.";
17) 15-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-статья. Ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандык үчүн жоопкерчилик
Юридикалык жана жеке жактар ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандыгы үчүн, ошондой эле төмөнкүдөй учурларда жарандык, администрациялык жана жазык жоопкерчиликтерине тартылат:
а) гидрометеорология объекттерин бүлүндүрсө, бузса, бул обьекттердеги приборлорду жана жабдууларды иштен чыгарса, уурдаса;
б) Гидрометеорологиялык станциялардын жана посттордун коргоо аймактарында иштерди аткаруу эрежелерин бузса;
в) гидрометеорологиялык байкоолорду жүргүзүүнү түзүүнүн эрежелерин жана талаптарын, жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалына жана анын булганышына байкоолорду жүргүзүүнү жана керектөөчүлөргө гидрометеорология маалыматын жана жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн абалы жана анын булганышы жөнүндө аны менен байланышкан маалыматты чогултуу, иштетүү, талдоо, сактоо жана берүү боюнча иштерди бузса;
г) шашылыш маалыматтарды, авариялык кырдаалдар жөнүндө, жаратылыш айлана-чөйрөсүнүн зыяндуу заттар жана калдыктар менен булганышынын табылган очоктору жөнүндө кабарларды бурмаласа, кечиктирсе же жеткирбесе.";
18) 16-статьянын 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
19) 17 жана 18-статьялар күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 7-февралында № 15-16 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |