КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 9-февралы № 21
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2016-жылдын 29-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 498-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун техникалык өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";
2) 10-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 14-февралында № 22 (2747) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |