Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 14-февралы № 25
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Жарнак жөнүндө", "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27, 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2017-жылдын 19-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 5-пунктунда "милдеттүү түрдө сертификацияланууга жатат" деген сөздөр "товар сертификатташтырылды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жана жарнактоонун башка объекттерин жарнактоодо нарктык көрсөткүчтөр улуттук валютада көрсөтүлүүсү тийиш.".
3-берене. КР 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 17-февралында № 29(2754) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |