Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 14-февралы № 25
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Жарнак жөнүндө", "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2022-жылдын 14-апрелиндеги №27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2017-жылдын 19-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
294-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"294-статья. Сатылуучу товарларга баа көрсөткүчтөрүн (жарлыктарды) илбей коюу (көрсөтүлүүчү кызматтарга прейскурант) жана нарктык көрсөткүчтөрүн улуттук валютада эмес көрсөтүү
Сатылуучу товарларга баа көрсөткүчтөрүн (жарлыктарды) илбей коюу (көрсөтүлүүчү кызматтарга прейскурант) жана нарктык көрсөткүчтөрүн улуттук валютада эмес көрсөтүү -
жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жүз элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза берилгенден кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, -
жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жүз сексен өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2-берене.
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 5-пунктунда "милдеттүү түрдө сертификацияланууга жатат" деген сөздөр "товар сертификатташтырылды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жана жарнактоонун башка объекттерин жарнактоодо нарктык көрсөткүчтөр улуттук валютада көрсөтүлүүсү тийиш.".
3-берене. КР 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 17-февралында № 29(2754) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 14-февралы № 25
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Жарнак жөнүндө", "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27, 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2017-жылдын 19-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)