Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 20-февралы № 26
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 6, 557-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 20-берененин 1-бөлүгүнүн 19-1-пунктунда "өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берген учурда" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда," деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 22-беренеде:
а) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Шайлоо жана референдум өткөрүү мезгилине аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө шайлоо жана референдумду өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө сый акы төлөнөт.";
б) 6-бөлүктө "мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн отуз эсе өлчөмүндө" жана "мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн жыйырма беш эсе өлчөмүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене.
Ушул Мыйзам анын 2016-жылдын 10-октябрынан тартып күчүнө кире турган 3-беренесинин 2-пунктун кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 24-февралында № 31 (2756) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:
- өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
2017-жылдын 12-январында |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |