Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 20-февралы № 27
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2017-жылдын 19-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 992-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 149-беренеде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Ушул бөлүктө каралган мөөнөттөрдү узартуу жана токтотуп туруу күндөрүн кошуп алганда, даттанууну кароо мөөнөтү даттанууну берген күндөн кийинки күндөн тартып 90 күндөн ашпоого тийиш.";
б) 3-бөлүгүндө "1-бөлүгүндө" деген сөздөр "1 жана 2-бөлүктөрүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 346-берененин 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 355-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Патент удаалаш өтүүчү календардык күндөрдүн кандай болбосун санына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте, сатып алынышы мүмкүн. Патентти 90 календардык күнгө сатып алууда салыктын суммасы 5 пайызга, 180 календардык күнгө - 10 пайызга төмөндөйт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 24-февралында № 31 (2756) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |