Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 21-февралы № 31
"Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 18-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити 2014-жылдын 25-марты, № 21) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
23-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Чек ара тилкесинде, ошондой эле анын сырткы чегинен 500 метр аралыкта, Мамлекеттик чек ара сызыгынан чек ара тилкесинин туурасы 50-100 метрди түзгөн жерлерде аң уулоого тыюу салынат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 28-февралында № 32 (2757) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |