Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 3-декабрындагы N 147 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 24-февралы № 35
"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
2017-жылдын 12-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 435-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аудиторлор өзүнүн кесиптик ишин жүргүзүп жаткан учурда, илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштен тышкары, мамлекеттик кызматта турууга жана бөлөк акы төлөнүүчү иште иштөөгө укугу жок. Аудиторлор банктардын, финансылык-кредиттик мекемелердин жана коомдордун Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү да боло алышат.
Мында аудитор:
- эгерде ал акыркы беш жылдын ичинде ушул банкта аудитордук текшерүү жүргүзгөн болсо, банктын Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү боло албайт;
- ал Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү болуп саналса же мурда Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү болсо, аны жумуштан бошоткон же ээлеген кызмат ордунан ыктыярдуу түрдө кеткен учурдан тартып беш жыл ичинде ушул банкта аудитордук текшерүү жүргүзө албайт;
- эгерде кандай болбосун башка банкта Директорлор кеңешинин/аудит боюнча Комитеттин мүчөсү болуп саналса, башка атаандаш банктарда аудитордук текшерүү жүргүзө албайт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 28-февралында № 32 (2757) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |