Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 1-марты № 38
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2017-жылдын 19-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2015-ж., № 1, 21-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) 2-бөлүгүндө ", ошондой эле почталык байланыш бөлүмдөрү аркылуу төлөмдөрдү, эсептешүүлөрдү жана акча которууларды жүргүзүүдө келип чыккан мамилелер" деген сөздөр алып салынсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу электр жана почта байланышы чөйрөсүндөгү мыйзамда жөнгө салынуучу Кыргыз Республикасында байланыш түйүндөрүн пайдалануу жана электр жана почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрү боюнча иштерге жайылтылбайт. Байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө тиешеси жок товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр жүзөгө ашырылган учурда, операциялар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте, түздөн-түз төлөм системасы аркылуу жүргүзүлөт.";
2) 2-беренеде:
а) берене төмөнкүдөй мазмундагы биринчи абзац менен толукталсын:
"Электрондук акчанын акцептанты (акцептант) - юридикалык жак, ошондой эле электрондук акчанын банк-эмитенти же агент менен түзүлгөн келишимге ылайык, операциялардын электрондук акча менен жасалганын ырастаган документтерди берүү менен, товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн электрондук акчаларды кабыл алган жеке ишкер.";
б) алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Төлөм системасынын оператору - Кыргыз банкынын төлөм системасынын тибине жана категориясына жараша лицензиясы/каттоосу бар, төлөм системасынын иштешин камсыз кылуучу жана катышуучулар менен төлөм системасына катышуу жөнүндө келишим түзгөн юридикалык жак, түзүлгөн келишимге ылайык төлөм системасынын оператору жана катышуучулары өз ишин ушул Мыйзамга жана Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм системасынын алкагында жүзөгө ашырууга милдеттенишет.";
в) тогузунчу абзацында "Төлөм картасы" деген сөздөр "Банктык төлөм картасы (төлөм картасы)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Төлөм уюму - төлөм уюму менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн ортосундагы келишимге, ошондой эле ушул Мыйзамда жана Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте түзүлгөн төлөм уюму менен банктын ортосундагы келишимге ылайык, маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу, өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы иштерди жүзөгө ашырууга Кыргыз банкынын лицензиясы бар юридикалык жак.";
д) он экинчи абзацында "провайдер" деген сөз "төлөм системасынын оператору" деген сөздөргө алмаштырылсын;
е) он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Электрондук акча - алдын ала төлөнгөн карталарды жана электрондук капчыкты кошуп алганда, программалык-техникалык түзүлүштө электрондук түрдө сакталган жана төлөм каражаты катары кабыл алынган акча наркы.";
ж) берене төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Процессинг - финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча өз ара байланыштуу процесстерди өзүнө камтыган лицензиялануучу иш.
Электрондук акчалардын эмитенти (эмитент) - Кыргыз банкы, ошондой эле Кыргыз банкынын электрондук акчаларды чыгаруу укугуна лицензиясы бар, электрондук акчаларды накталай акчага айландыруучу кармоочуларга электрондук акчаларды төлөө боюнча шартсыз жана кайтарылгыс милдеттенмени өзүнө алган банк.";
3) 3-беренеде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Банк Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, банктык жана төлөмдүк кызмат көрсөтүүлөргө юридикалык жактар менен, ошондой эле калкка төлөм жүргүзүү, эсептешүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жеке ишкерлер менен келишим (агенттик келишим) түзүүгө укуктуу. Мында келишимдин чегинде агенттердин милдеттенмелерди аткарышы боюнча жоопкерчилигин банк тартат.";
б) 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда ар түрдүү сандык жана жөндөмө формаларындагы "кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр" деген сөздөр тиешелүү сандык жана жөндөмөлөрдөгү "товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттар менен төлөм жүргүзүүнүн ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына, өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүдөгү операциялардын түрлөрүнүн тизмегин Кыргыз банкы аныктайт.
Төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун - Кыргыз Республикасынын резиденттеринин лицензиясыз иштөөсүнө тыюу салынат.
Төлөм системасынын операторлорунун - Кыргыз Республикасынын резиденти эместеринин каттоосуз иштөөсүнө тыюу салынат.";
г) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Лицензияны алууга/каттоодон өтүүгө арыздын формасы, ага тиркелүүчү документтердин тизмеги, ошондой эле аларды кароонун тартиби Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында аныкталат.";
4) 5-беренеде:
а) 3-бөлүгү "акча которуу системасы" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) акча которууларды жүзөгө ашыруудагы коопсуздук эрежелери.";
5) 6-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндө "эмиссиясын" деген сөз "чыгарууну" деген сөзгө алмаштырылсын.
6) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз банкы, ошондой эле электрондук акчаларды чыгаруу укугуна лицензиясы бар, электрондук акчаларды чыгарган жана аны төлөөгө сунушталган электрондук акчаларды кармоочуларга электрондук акчаны төлөө боюнча шартсыз жана кайтарылгыс милдеттенмени өзүнө алган банк Кыргыз Республикасында электрондук акчалардын эмитенти болуп саналат. Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны чыгаруучу эмитент электрондук акчаларды пайдалануу менен төлөмдөрдүн коопсуз жана ишенимдүү жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчилик тартат.";
в) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Электрондук акчаны тескеген жана тиешелүү системанын акцептанттары берген товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдө электрондук акчаны пайдаланган юридикалык жана жеке жактар электрондук акчаларды кармоочулар болуп саналышат. Электрондук акчаларды пайдалануу менен операциялардын тизмеги Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларында аныкталат.";
г) 5-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "дистрибьюторлордун юридикалык жактарын" деген сөздөр "агенттерди" деген сөзгө алмаштырылсын;
д) берене төмөнкүдөй мазмундагы 51-бөлүк менен толукталсын:
"51. Кыргыз Республикасынын резиденти эместер тарабынан чыгарылган эл аралык электрондук акчаларды жайылтуу Кыргыз Республикасынын аймагында банк тарабынан жүзөгө ашырылат. Банк Кыргыз банкынын талаптарына ылайык түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде эл аралык электрондук акчаларды андан ары жайылтуу үчүн агенттерди ишке тартууга укуктуу.";
е) 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Электрондук акчалардын эмитенти же анын агенти электрондук акчаларды жайылтууда кардарды кармоочунун жана эмитенттин укуктары менен милдеттери, алар тарабынан жайылтылып жаткан электрондук акчалардын инструменттеринин (алып жүрүүчүлөрдүн) мүнөздөмөлөрү, тарифтери, коопсуздук эрежелери жана башка шарттары менен алдын ала тааныштырууга милдеттүү.";
ж) 9-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Электрондук акчалардын кыймылы боюнча эсепке алууну Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык банк жүзөгө ашырат.";
6) 10-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-берене. Электрондук төлөм документинин укуктук статусу
Электрондук санариптик кол тамга же коргоонун башка эквиваленттик каражаттары менен күбөлөндүрүлгөн формат боюнча белгиленген талаптарга жана аныктыгын ырастаган жол-жоболорго ылайык жүргүзүлгөн төлөм анын негизинде жүзөгө ашырылуучу электрондук төлөм документи (баштапкы электрондук төлөм документи), ошондой эле товарлар/кызмат көрсөтүүлөр, айыптар жана башка накталай эмес формадагы төлөмдөр (тастыктоочу электрондук төлөм документи) үчүн төлөөлөрдү жүргүзүү фактысы боюнча түзүлүүчү, анын ичинде банктык төлөм карттарын, электрондук капчыктарды жана башка инновациялык каражаттарды пайдалануу менен жүзөгө ашырылган электрондук төлөм документи (карт-чек, смс-кабарлама, электрондук билдирүү), коюлган талаптарга ылайык ырасталган кагаз төлөм документтеринин юридикалык статусуна барабар юридикалык статуска ээ жана соттук жана башка талаш-тартыштарды кароодо далил катары кабыл алынууга тийиш.";
7) 13-берененин 4-бөлүгү "төлөм системалары боюнча" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
8) 14-беренеде:
а) 2-бөлүгүнүн 2-пункту "мобилдүү телефонду" деген сөздөрдөн кийин "жана башка төлөм инструменттерин" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мобилдүү банкинг боюнча кызмат көрсөтүүлөр банк менен төлөм системасынын оператору жана/же кызмат көрсөтүүчүлөрдү берүүчүлөр менен келишими бар төлөм уюмунун ортосунда түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.";
9) 16-беренеде:
а) 6-бөлүгүндө "Байланыш оператору тарабынан" деген сөздөр алып салынсын;
б) 7-бөлүгүндө "банк, кардар жана мобилдүү байланыш оператору" деген сөздөр "банк жана кардардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10) 17-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын төлөм системасы Кыргыз Республикасынын аймагында акча каражаттарын которууну жүзөгө ашыруу боюнча иштеген төлөм системаларынын жыйындысын түшүндүрөт, ушул Мыйзамга жана Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишти жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резиденти эместер алардын операторлору болуп саналышат.";
11) 19-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз банкы же Кыргыз банкынын чечими боюнча акционердик коом формасында түзүлгөн, Кыргыз банкы берген лицензиянын жана Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде аракеттеген юридикалык жак (резидент) банктар аралык клиринг системасынын оператору болуп саналат.";
12) 20-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндө "жана көпчүлүк" деген сөздөр, үчүнчү сүйлөмүндө "коммерциялык" деген сөз алып салынсын;
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасы Кыргыз банкында каттоодон өтүүгө тийиш. Эл аралык төлөм системасынын Кыргыз банкында каттоодон өтпөй туруп Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөсүнө тыюу салынат.";
13) 21-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
14) 23-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Түзүлгөн келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында калкка төлөм кызматтарын көрсөтүүчү финансы-кредиттик мекемелер, адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер, төлөм системасынын операторлору, төлөм уюмдары жана алардын агенттери төлөм системасынын катышуучулары болуп саналышат.";
15) 24-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ошол өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын ушул ишти жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү тиешелүү документтери бар, Кыргыз банкында каттоодон өткөн жана акча которуулар системасынын ишин камсыз кылган юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси эсеп ачпастан акча которууну жүзөгө ашырган акча которуулар системасынын оператору болуп саналат. Акча которуу системасынын операторунун - резиденттин/резиденти эмесинин каттоодон өтпөй туруп Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөсүнө тыюу салынат.
2. Үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча кызмат көрсөтүүгө лицензиясы бар юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын резиденти электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүчү системанын оператору болуп саналат. Эл аралык электрондук акчалар системасынын операторунун/эл аралык электрондук акчалар системасынын эмитентинин - Кыргыз Республикасынын резиденти эмес жактын иши ушул Мыйзамга жана Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз банкында каттоосу болгондо жүзөгө ашырылат. Эл аралык электрондук акчалар системасынын операторунун/эл аралык электрондук акчалар системасынын эмитентинин Кыргыз банкында каттоодон өтпөй туруп иштөөсүнө тыюу салынат.";
16) 25-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:
"3. Төлөм системасынын пайдалануучулары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өз кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоого;
2) кепилденген накталай жана накталай эмес төлөмгө;
3) накталай эмес төлөмдөрүнүн коопсуздугуна;
4) жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндө толук жана ишенимдүү маалыматтарга;
5) ырастоочу документтер болгондо, төлөм суммасынын ордунун толтурулушуна.
4. Төлөм системаларын пайдалануучулардын укуктарын коргоо максатында төлөм системаларынын катышуучулары системаларды пайдалануучуга төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтери жөнүндө алдын ала тааныштырууга милдеттүү.";
17) 26-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26-берене. Кыргыз банкынын Кыргыз Республикасынын төлөм системасындагы функциялары жана ыйгарым укуктары";
б) 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) электрондук акчаларды чыгаруу укугуна лицензия берет жана берилген лицензиялардын реестрин жүргүзөт;
2) төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча иштерди жүзөгө ашырууга, ошондой эле маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү жүргүзүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына, өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүгө лицензияларды берет жана берилген лицензиялардын реестрин жүргүзөт;";
в) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1) акча которуу системаларынын, банктык төлөм карталарын колдонуу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасынын операторлорун жана электрондук акчалардын эл аралык системаларынын операторлорун/электрондук акчалардын эл аралык системаларынын эмитенттерин Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык электрондук акчаларды пайдалануу менен кызмат көрсөтүүлөр үчүн каттоону жүзөгө ашырат;";
г) 3-бөлүгүндө "улуттук" деген сөз алып салынсын;
18) 27-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз банкы банк иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагында банктарга жана төлөм системаларынын операторлоруна төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча инфратүзүмдү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүнү камсыз кылат.";
19) 31-берененин 6-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) системалык тобокелдиктин же ак ниетсиз иштин келип чыгышына бөгөт коюу максатында ушул Мыйзамга жана Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм системасынын операторлоруна карата таасир көрсөтүү чараларын колдонууга.";
20) 6-глава төмөнкүдөй мазмундагы 311-берене менен толукталсын:
"311-берене. Кыргыз банкы тарабынан колдонулуучу таасир көрсөтүү чаралары
1. Кыргыз банкы төлөм системасынын катышуучуларына карата таасир көрсөтүү чараларын төмөнкү учурларда колдонот:
1) төлөм системасынын/төлөм уюмдарынын операторлору ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган;
2) Кыргыз банкынын жер-жерлердеги көзөмөлдөө функцияларын жана текшерүүлөрүн жүзөгө ашырууга каршы аракеттенген;
3) финансылык отчетторду бурмалоо максатында орду анык жабылбаган жалган жана шектүү операцияларды жүзөгө ашырган;
4) төлөм системаларынын катышуучуларынын жана пайдалануучуларынын кызыкчылыктарына коркунуч алып келген аракеттер же аракетсиздиктер жасалган.
2. Кыргыз банкы ушул берененин 1-бөлүгүндө баяндалган, төлөм системасынын иштөөсүн үзгүлтүккө учуратууга алып келүүчү, ошондой эле төлөм системасынын катышуучуларынын аларды пайдалануучуларга көрсөткөн кызмат көрсөтүүлөрүнө таасирин тийгизүүчү бузууларды аныктаган учурларда, Кыргыз банкы эскертүү жиберет жана/же төмөнкү чараларды колдонот:
1) жазма эскертүү;
2) айыптык санкцияларды;
3) лицензиялардын алкагында төлөмдөрдүн жана операциялардын айрым түрлөрүн жүргүзүүнү токтото туруу же чектөө;
4) лицензияларды чакырып алуу.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн таасир көрсөтүү чаралары Кыргыз банкы тарабынан Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык колдонулат.
Айыптык санкциялар түрүндөгү таасир көрсөтүү чараларын колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын административдик мыйзамдарында аныкталат.
4. Айып салууга байланыштуу келип түшкөн каражаттар түздөн-түз Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине жиберилет.";
21) 32-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Төлөм системасынын катышуучулары өз ишин кирешелерди, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырат жана башкаруу системасында жөнөтүүчүлөрдүн, алуучулардын маалымдамасынын болушун жана аларды Террористтик жана экстремисттик иш-аракеттерге же массалык жок кылуучу куралдарды таркатууга катышы бар адамдардын тизмеги боюнча текшерүүнү камсыз кылууга тийиш.";
б) 2-бөлүгүндө "уруксат берүүчү тиешелүү документтеринин (лицензиясы, күбөлүгү) бар экенине жана Кыргыз банкынын талаптарына системанын эрежелеринин жооп бере тургандыгына" деген сөздөр "ушул ишти жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү тиешелүү документтеринин бар экенине жана Кыргыз банкында каттоодон өткөнүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Төлөм системасынын катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында туумдарды жана айыптык санкцияларды өндүрүү, ошондой эле чыгымдардын ордун толтуруу милдет эмес, укук болуп саналат жана түзүлгөн келишимдерге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тараптар аркылуу ишке ашырылат.".
2-берене.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 10-мартында № 35 (2760) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз банкы өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |