Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 2-марты № 41
Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 14-глава төмөнкүдөй мазмундагы 851-статья менен толукталсын:
"851-статья. Билим берүү уюмдарында окуп жаткан он сегизден жыйырма бир жашка чейинки курактагы балдардын алиментке укугу
1. Алиментти төлөө жөнүндө макулдашуу болбосо, академиялык отпускада болгон мезгилди кошпогондо, алар окууну аяктаганга чейин сот уюштуруу-укуктук формасына карабастан, бардык типтеги жана түрдөгү билим берүү уюмдарында күндүзгү формада акы төлөөнүн негизинде окуп жаткан он сегизден жыйырма бир жашка чейинки курактагы жардамга муктаж болгон өз балдарын багууга ата-энелерди милдеттендирүүгө укуктуу.
2. Билим берүү уюмдарынын күндүзгү формасында акы төлөө негизинде окуп жаткан он сегизден жыйырма бир жашка чейинки курактагы жардамга муктаж болгон балдарга алименттин өлчөмү сот тарабынан уюштуруу-укуктук формасына карабастан, бардык типтеги жана түрдөгү билим берүү уюмдарында окутууга төлөнүүчү нарктын элүү пайызынын өлчөмүндө аныкталат.";
2) 125-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацы "жетилген учурда" деген сөздөрдөн кийин ", ал эми билим берүү уюмдарынын күндүзгү формасында окуп жаткан он сегизден жыйырма бир жашка чейинки курактагы балдарга карата окуу аяктагандан кийин же жыйырма бир жашка жеткенде" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 10-мартында № 35 (2757) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
2017-жылдын 19-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |