Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 9-марты № 42
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө, "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 1-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1073-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Автор ага таандык чыгарманы ал аныктаган шарттарда жана мөөнөттөрдө акысыз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кандай болбосун адамдарга берүү жөнүндө жалпыга билдирүү жасай алат. Кандай болбосун адам бул чыгарманы автор тарабынан аныкталуучу шарттарда жана мөөнөттөрдө пайдаланууга укуктуу.
Колдонуу мөөнөтүнүн ичинде билдирүү кайра чакырылып алынышы мүмкүн эмес, ал эми чыгарманы пайдалануунун анда каралган шарттары өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.".
2-берене.
"Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 3, 67-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы отуз тогузунчу-кырк төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"бенефициар - төмөнкү адам:
азиз болуп саналган;
көрүүсү бузулган же болбосо адамдын көрүү функциясы тексттик чыгарманы көрүп кабыл алуусунда мындай бузулуштардын же жөндөмдүүлүгүндө чектелүүлөрдүн жок болгондугу көрүү функциясына эквиваленттүү боло турган ошол өлчөмдө аларды түзөөгө мүмкүн болбогон көрүп кабыл алуу же окуу жөндөмдүүлүгү чектелүү;
кандайдыр бир дарттардын өзгөчөлүктөрүнүн айынан китепти пайдалана албаган же аны пайдалануу абалында болбогон же болбосо кайсы гана болбосун башка бузулуштарга карабастан, окуу үчүн адатта кабыл алына турган даражада кароосун топтоштура албаган же көздөрүн кыймылдата албаган;
ыйгарым укуктуу уюм - бенефициарларга билим берүү, кесиптик окутуу, адаптациялык окуу же маалыматка жетүү жаатында кызмат көрсөтүүлөрдү пайда албастан көрсөтүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген уюм. Ыйгарым укуктуу уюмга ошондой эле өздөрүнүн ишинин негизги түрлөрүнүн бири катары окшош кызмат көрсөтүүлөрүн бенефициарларга көрсөтүү менен алектенген коммерциялык эмес уюмдар да кирет;
жеткиликтүү форматтагы нуска - бенефициардын чыгармага жетүүсүн камсыз кылган, анын ичинде көрүүсүндө бузулушу жок же басма маалыматын кабыл алуу жөндөмдүүлүгү чектелбеген адам сыяктуу эле ага дагы чыныгы жана ыңгайлуу жетүүгө мүмкүндүк берген чыгарманын альтернативалык түрдөгү же формадагы нускасы.";
2) 19-статьянын 1-бөлүгүндө:
а) 2-пункту "үн жана көргөзмө жазмаларда" деген сөздөрдөн мурда "электрондук (санариптикти кошо алганда), оптикалык же башка машина окуй ала турган формадагы" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) чыгарманын нускаларын жеткиликтүү форматта даярдоого, башка ыйгарым укуктуу органдан жеткиликтүү форматтагы нусканы алууга жана аларды бенефициарларга кандай болбосун ыкмаларда, коммерциялык эмес прокатты кошо алганда же зым же зымсыз байланыш каражаттары боюнча электрондук билдирүүнү берүүгө, ошондой эле бул максаттарга жетүү үчүн кандай гана болбосун аракеттерди жасоого.";
3) 20-статьяда:
а) 1-бөлүгүндө:
расмий тилдеги текстте "репродуцирование" деген сөз "воспроизведение" деген сөзгө алмаштырылсын;
3-пунктунда:
"аудиториялык сабактар" деген сөздөр "окуу, билим берүү жана изилдөө максаттары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
мамлекеттик тилдеги текстте "репродукциялоого" деген сөз "кайра чыгарууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндө:
", китепканалардын ичинде гана" деген сөздөр алып салынсын;
"түзүү" деген сөз "кайра чыгаруу жана таратуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 201-статья менен толукталсын:
"201-статья. Жеткиликтүү форматтагы нускаларга карата чектөөлөр жана өзгөчөлөнтүүлөр
1. Ыйгарым укуктуу уюм автордун макулдугусуз жана автордук сыйакы төлөбөстөн чыгарманын жеткиликтүү форматтагы нускаларын даярдай алат, башка ыйгарым укуктуу уюмдан жеткиликтүү форматтагы нускаларды ала алат жана аларды кандай болбосун ыкмаларда бенефициарларга, коммерциялык эмес прокатты же зым же зымсыз байланыш каражаттары боюнча электрондук билдирүүнү кошо алганда бере алат, ошондой эле төмөнкү шарттарды сактоо менен бул максаттарга жетүү үчүн кандай гана болбосун аракеттерди жасоого:
1) ыйгарым укуктуу уюм чыгармага же чыгарманын нускасына мыйзамдуу жетүүгө ээ болсо;
2) чыгарма жеткиликтүү форматтагы нускага кайра өзгөртүлгөндө, бул өзүнө бенефициарга жеткиликтүү форматтагы маалыматты кароо үчүн зарыл болгон кандай болбосун каражаттарды пайдаланууну камтышы мүмкүн. Мында чыгарманын мазмунун өзгөртүү менен байланышкан өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт;
3) мындай жеткиликтүү форматтагы нускалар бенефициарлардын пайдалануусу үчүн гана берилет;
4) чыгарманын жеткиликтүү форматын даярдоо боюнча иш пайда албастан жүзөгө ашырылат.
2. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ишти жүзөгө ашырууда ыйгарым укуктуу уюм:
1) тейленүүчү адамдардын бенефициарларга карата белгиленген талаптарга ылайыктуулугун аныктайт;
2) бенефициарлардын жана (же) башка ыйгарым укуктуу уюмдардын жеткиликтүү форматтагы нускаларды таратуусуна жана берүүсүнө чектөөлөрдү аныктайт;
3) санкцияланбаган нускаларды кайра чыгарууга, таратууга жана берүүгө тоскоол кылуучу чараларды көрөт;
4) чыгармалардын нускалары менен иштөөдө эсепке алууну жүргүзөт.";
5) 30-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Автор ага таандык чыгарманы ал аныктаган шарттарда жана мөөнөттөрдө акысыз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кандай болбосун адамдарга берүү жөнүндө жалпыга билдирүү жасай алат. Кандай болбосун адам бул чыгарманы автор тарабынан аныкталуучу шарттарда жана мөөнөттөрдө пайдаланууга укуктуу.
Колдонуу мөөнөтүнүн ичинде билдирүү кайра чакырылып алынышы мүмкүн эмес, ал эми чыгарманы пайдалануунун анда каралган шарттары өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.";
6) 31-статьянын 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ушул Мыйзамдын 30-статьясынын 5-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, мындай укук автордо ар бир он жылда пайда болот.";
7) II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 331-статья менен толукталсын:
"331-статья. Мамлекеттик каражаттардын эсебинен түзүлгөн чыгармага карата мүлктүк укуктар
1. Мамлекеттик каражаттардын эсебинен түзүлгөн, мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктарды канааттандыруу үчүн багытталган чыгармага карата мүлктүк укуктар, эгерде келишимде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасына таандык болот.
2. Эгерде мамлекеттик каражаттардын эсебинен түзүлгөн чыгармага мүлктүк укуктар ушул статьянын 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасына таандык болбосо, анда укук ээси Кыргыз Республикасынын талабы боюнча чыгарманы мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктарды канааттандыруу үчүн пайдаланууга акысыз (өзгөчөлөнтүлбөгөн) лицензия көрсөтүүгө милдеттүү.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 21-мартында № 38 (2763) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |