Редакцияот 18.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 18-марты № 44

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун аймагындагы Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашкан 4142,2 метр бийиктиктеги аты жок чокуга "Апрель революциясынын Баатырлары чокусу" деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө

2017-жылдын 15-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун аймагындагы Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашкан 4142,2 метр бийиктиктеги аты жок чокуга "Апрель революциясынын Баатырлары чокусу" деген географиялык аталыш ыйгарылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 21-мартында № 38 (2763) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев