Загрузка документа…
ЗАКОН КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
2017-жылдын 18-марты № 47
"Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынганына байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 Мыйзамынын редакциясыны ылайык)
Принят Жогорку Кенешем Кыргызской Республики | 9 февраля 2017 года |
|
|
Статья 1.
"Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 341-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
9-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чыгармачыл иштин жыйынтыктарын тыюу салынгандардын эсебине киргизүү жөнүндө чечимге "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга болот.".
2-берене.
"Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 3, 97-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 15-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Китепканалардын жана аны пайдалануучулардын мыйзамдуу укуктарын кемсинткен аталган органдардын чечимдерине, ошондой эле алардын кызмат адамдарынын аракеттерине же аракетсиздигине "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга болот.";
2) 22-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Каттоодон баш тартууга "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга болот.";
3) 23-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик китепканаларды жоюу тууралуу укук ченемсиз чечимге жеке жана юридикалык жактар, коомдук бирикмелер же көзөмөлчү (окурмандар) кеңештер "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттана алат.".
3-берене.
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 16-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 111-статья менен толукталсын:
"111-статья. Даттануу укугу
Жеке жана юридикалык жактардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын козгоочу иш жүзүндөгү кесепеттерге алып келген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимине, аракетине же аракетсиздигине "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга болот.".
4-берене.
(КР 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5-берене.
(КР 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 21-мартында № 38 (2763) жарыяланды
Президент Кыргызской Республики |
А.Ш. Атамбаев |