Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 27-марты № 51
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 16-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 4, 267-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 181-берене менен толукталсын:
"181-берене. Кыргыз Республикасы түзгөн белгилүү бир категориядагы эл аралык келишимдердин күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу өзгөчөлүгү
Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ведомстволору, ошондой эле башка тиешелүү мамлекеттик органдары мындай эл аралык келишимдердин белгилүү бир категориясы үчүн Өкмөт белгилеген мөөнөттөрдө аларды ратификациялоо же бекитүү жөнүндө сунуштарды киргизишет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 28-мартында № 40 (2765) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |