Редакцияот 04.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 4-апрели № 52

2015-жылдын 2-декабрында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Армения Республикасынын кошулуусу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө

2017-жылдын 2-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

2015-жылдын 2-декабрында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Армения Республикасынын кошулуусу тууралуу протокол ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразиялык экономикалык комиссияга көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 7-апрелинде № 43 (2768) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев