Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 6-апрели № 54
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 2-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Суу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 4, 241-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 28-статьянын 2-пунктунда:
а) үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Сууну пайдаланууга уруксатты жокко чыгаруу же убактылуу өзгөртүү жөнүндө чечим административдик (сотко чейинки) тартипте же болбосо сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.";
б) пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Сууну пайдаланууга атайын уруксатты жокко чыгаруу же убактылуу өзгөртүү жөнүндө чечим сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.";
2) 87-статьянын 4-пунктунда "сотко" деген сөз "административдик (сотко чейинки) тартипте же сот тартибинде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
"Суу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 2, 64-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
12-берененин 3-бөлүгү "соттук тартипте" деген сөздөрдөн мурда "административдик (сотко чейинки) тартипте же" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 11-апрелинде № 44 (2769) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |