Редакцияот 08.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 8-апрели № 55

2016-жылдын 24-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Лаос Элдик-Демократиялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана расмий/кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим орнотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

2017-жылдын 2-мартында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене.

2016-жылдын 24-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Лаос Элдик-Демократиялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана расмий/кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим орнотуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги лаос тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 11-апрелинде № 44 (2769) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев