Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 4-майы № 75
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 30-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 230а-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьяда:
а) мамлекеттик тилдеги тексттеги сегизинчи, жыйырма экинчи, жыйырма алтынчы абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
б) расмий тилдеги тексттеги жетинчи, жыйырма экинчи, жыйырма алтынчы абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
в) жыйырма сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Массалык маалымат каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрү - колдонулуп жаткан технологияларга карабастан электр байланыш тармактары боюнча таратууга арналган теле, радиоканалдардын электр сигналдарын түзүү. Массалык маалымат каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрү электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрү болуп эсептелбейт;
г) отузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Электрдик байланыштын кызмат көрсөтүүлөрү (электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрү) - бир же бир нече юридикалык же жеке жактарга сунушталуучу теле, радиоканалдарды жайылтууну кошо алганда, электр байланыш маалыматтарын кабыл алуу жана берүү боюнча кызмат көрсөтүү. Электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрү массалык маалымат каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрүн өзүнө камтыбайт.";
д) статья төмөнкүдөй мазмундагы кырк тогузунчу-алтымыш үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Берүү мультиплекси - электр байланыш тармактары аркылуу берүүнүн бир каналы боюнча берилүүчү санарип пакетке бириктирилген телерадиоканалдардын жыйындысы, ошондой эле бул телерадиоканалдардын курамына кирген кошумча маалымат.
Берүү каналы - бир аналогдук телеберүү каналын же ага эквиваленттүү санарип телерадиоканалдарынын берүү мультиплексин эфирде жер бетине ушул каражаттардын параметрлери менен аныкталуучу аймакта жайылтууга арналган техникалык жана программалык каражаттардын жыйындысы. Берүү каналы зарыл болгон радио жыштык спектри менен камсыз кылынат.
Радиожыштык спектеринин конверсиясы - жарандык арналыштагы радиоэлектрондук каражаттарынын радио жыштык спектрин колдонууну кеңейтүүгө багытталган экономикалык, уюштуруучулук жана техникалык иш-чаралардын жыйындысы.
Радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасы - радиокызматтардын ортосунда радио жыштыктардын тилкесин бөлүштүрүү жана аларды пайдалануу шарттарын белгилеген, ошондой эле радио жыштыктардын тилкесинин категориясын аныктаган документ.
Телерадиоберүү оператору - лицензиялык талаптарына теле радиоканалдарды жайылтуу киргизилген маалыматтарды берүү жана/же электрдик байланыш жаатындагы тиешелүү лицензиясы бар электр байланыш оператору.
Радиожыштык тилкеси - төмөнкү жана жогорку чектери менен чектелген радиожыштык жааты.
Колдонуучу - абонент болгонуна же болбогонуна карабастан, ал электр байланыш кызмат көрсөтүүсүн колдонгон жеке же юридикалык жак.
Радиокызмат - электр байланышынын белгилүү бир максаттары үчүн радиотолкундарды чыгарууну, берүүнү жана/же кабыл алууну камсыз кылган радиоэлектрондук жана башка техникалык каражаттардын уюштуруу-техникалык жыйындысы.
Радиоышкыбоздук кызмат - ышкыбоздор, башкача айтканда тийиштүү уруксаты бар жана радиотехника менен жеке кызыкчылыгы үчүн гана жана материалдык пайда алууну көздөбөстөн алектенүүчү адамдар ишке ашыруучу, өзүн-өзү окутуу, сүйлөшүп туруу жана техникалык изилдөөлөр жүргүзүү максаттары үчүн радиобайланыш кызматы.
Радиоышкыбоздук спутниктик кызмат - радиоышкыбоздук кызмат сыяктуу эле максаттар үчүн Жердин спутниктеринде орнотулган космостук станцияларды пайдалануучу радио байланыш кызматы.
Радиожыштык - радиожыштык спектрдин бирдиктүү курамын белгилөө үчүн аныкталган электр магниттик термелүүнүн жыштыгы.
Радиоэлектрондук каражаттар - радиотолкундарды берүү жана/же кабыл алууга арналган, бир же бир нече берүүчү жана/же кабыл алуучу түзүлүштөрдөн же мындай түзүлүштөрдүн комбинациясынан жана кошумча жабдуулардан турган техникалык каражаттар.
Теле-, радиоканалдарды жайылтуу - телерадиоберүү операторлору колдогон технологияларга карабастан, телекоммуникациялардын техникалык каражаттарын колдонуу менен теле-, радиоканалдардын электрдик сигналын керектөөчүгө жеткирүү.
Теле-, радиоканалдардын электрдик сигналдарын түзүү - колдонулган технологияларга карабастан электр байланыштын тармактары боюнча жайылтууга арналган электрдик сигналга теле, радиоканалдардын программаларын өзгөртүп түзүү;
Жыштык ыйгаруу - электр магниттик шайкештиги камсыз кылынган айрым шарттарда радиожыштык тилкелерин жана/же номиналдарын же радиоканалдарды колдонуу менен радиоэлектрондук каражаттарды жана/же жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү колдонуу укугуна байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү уруксат.";
2) 4-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы - он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- радиожыштык спектринин конверсиясын жүргүзүү эрежелерин бекитүү;
- радиожыштык спектринин конверсиясын жүргүзүүгө чыгымдарды техникалык-экономикалык негиздөөнүн методикасын бекитүү;
- шаар аралык жана/же эл аралык байланыштын телекоммуникациялык операторунун тармактарына талаптарды бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын радио кызматтарынын ортосунда радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасын бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын номерлештирүү улуттук тутумун жана планын бекитүү;
- жалпы пайдалануудагы телекоммуникациялардын тармактарын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, коргоо, коопсуздук жана укуктук тартипти коргоо органдарынын муктаждыктары үчүн телекоммуникациянын бирдиктүү тармагынын ресурстарын даярдоонун жана пайдалануунун тартибин бекитүү;
- телекоммуникациялардын тармактарынын кошулуу жана өз ара аракеттенүү (тармактар аралык кошулуу) эрежелерин, анын ичинде трафикти өткөрүүнү жана өз ара эсептешүүнүн тартибин бекитүү;
- байланыштын, маалыматты берүүнүн кызматын көрсөтүү эрежелерин бекитүү;
- универсалдык тейлөө резервинин каражаттарын колдонуу тартибин бекитүү.";
3) 8-статьянын 2-бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- лицензиялоо жаатындагы мыйзамдарга жана ушул Мыйзамга ылайык жыштыкты ыйгарууларды берүү;";
4) 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-статья. Радиожыштык спектрин жана спутник байланышынын орбиталык позицияларын пайдалануу
Радиожыштык спектри мамлекеттин менчиги болуп эсептелет. Радиожыштык спектрин жана спутник байланышынын орбиталдык позицияларын пайдаланууну жөнгө салуу мамлекеттин өзгөчө укугу болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык радиожыштык спектрин конверсиялоо менен байланышкан жана келечектүү технологияларды жана стандарттарды киргизүүнү ылдамдатууга, жеке жана юридикалык жактардын, мамлекеттик башкаруунун, улуттук коопсуздуктун, коргоонун, укук тартибин коргоонун муктаждыгы үчүн радиожыштык спектрин натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылууга багытталган экономикалык, уюштуруучулук жана техникалык иш-чараларды жүргүзүү аркылуу камсыз кылынат.
Радиожыштык спектрин бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын радио кызматтарынын ортосунда радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасына ылайык жүргүзүлөт.
Радиожыштык спектрин пайдалануу байланыш боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган берүүчү радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгаруу уруксаттын жана/же радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиянын негизинде юридикалык же жеке жактар тарабынан жүргүзүлөт.
Радиожыштык тилкелерин жана/же номиналдарын бөлүп берүү ведомстволор аралык макулдашууну өткөрүү менен радиожыштыкты тандоонун натыйжаларынын, ошондой эле эгерде Электр байланышынын эл аралык союзунун регламентинде жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген башка эл аралык келишимдерде жол-жобо каралса, радио-жыштыкты ыйгарууну жана/же бөлүп берүүнү пайдаланууну координациялоонун эл аралык жол-жобосунун негизинде жүргүзүлөт.
Радиожыштыкты тандоо төмөнкү мамлекеттик кызмат көрсөтүү менен акы төлөөчү негизде жүргүзүлөт:
- электр магниттик шайкештикти талдоону жүргүзүү;
- ведомстволор аралык макулдашуу;
- радиожыштыкты эл аралык координациялоо;
- радиомониторинг.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер (баалар) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте бекитилет.
Радиожыштыктарды тандоонун натыйжаларын колдонуу мөөнөтү 60 календардык күндү түзөт, бул мезгилдин ичинде арыз ээси аларды уруксат берүүчү документтерди (лицензияларды жана/же жыштыкты ыйгарууну) алууга бериши керек.
Радиожыштыктын номиналдары жана/же тилкелери колдонуудагы радиоэлектрондук каражаттар жана/же жогорку жыштыктагы түзүлүштөр менен электр магниттик жактан шайкеш келбесе, ведомстволор аралык макулдашуудан жана/же эл аралык координациядан баш тартылса же радиомониторингдин оң корутундусу же бош радио жыштык ресурсу жок болсо юридикалык жана/же жеке жактар тарабынан колдонулбайт.
Радиожыштык спектрин пайдалангандыгы үчүн ар жылдык акы төлөө белгиленет, анда радиоэлетрондук каражатты орнотуунун же билдирилген аймактын географиялык зонасы, калктын жыштыгы, колдонулган радиожыштыктын тилкесинин жана радиожыштыктын номиналынын кеңдиги, коммерциялык бааны жана социалдык факторду камтыган салмактык коэффициенти, эсептик көрсөткүчү, радиожыштык номиналын же тилкесинин натыйжалуулугунун коэффициенти эске алынат.
Акы төлөөнүн өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
Радиожыштыктын номиналдарын жана/же тилкелерин пайдалануу төмөнкү учурларда натыйжасыз деп таанылат:
- лицензия же уруксат берүү колдонулган мөөнөттүн ичинде бөлүнгөн радиожыштыктардын номиналы жана/же тилкеси пайдаланбаса;
- радиожыштык спектрин пайдалангандыгы үчүн тиешелүү лицензия берилген учурдан баштап эки жылдын ичинде бөлүнгөн радиожыштыктардын номиналын жана/же тилкесин пайдаланбаса;
- радиоэлектрондук каражаттарын пайдалануу үчүн жыштык ыйгарууда же радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензияда бөлүп берилген радиожыштык ресурсунун 30 пайыздан кемин пайдаланганда.
Радиоышкыбоздук кызматы жана радиоышкыбоздук спутник кызматы үчүн радиожыштыктын тилкелерин тандоо, бөлүү жана пайдалануу акысыз негизде жүргүзүлөт.
Байланыштын техникалык каражаттары, ошондой эле радиожыштык нурлануусунун же жогорку жыштыктагы электр магниттик толкундардын булагы болуп эсептелген техникалык каражаттар Кыргыз Республикасынын байланыш каражаттарын колдонуу маселелери боюнча техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө сертификатталат.";
5) 10-12-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. Радиожыштык спектрин лицензиялоо
Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиялар жүргүзүлгөн радио-жыштыкты тандоонун натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бөлүнөт. Эгерде байланыш кызмат көрсөтүүсү радиожыштык спектрин колдонуу менен көрсөтүлсө, радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиялар тооруктун (конкурстун, аукциондун) жыйынтыгы боюнча берилет, ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтү байланыш кызматын көрсөтүү үчүн жеткиликтүү радиожыштык спектри коммерциялык жактан жагымдуу болуп саналат деп белгилейт. Тооруктарды (аукционду, конкурсту) өткөрүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
Радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксат берүү радиожыштыкты тандоонун натыйжалары боюнча байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия жана/же радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштыкты ыйгарууга уруксат берүү же андан баш тартуу жөнүндө чечим зарыл болгон бардык документтери менен арыз берилген күндөн баштап 30 календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алынат.
Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия анда радиожыштыктардын номиналдарын жана/же тилкелерин көрсөтүү менен чечимдин негизинде берилет.
Радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштыкты ыйгарууга уруксат берүү радиожыштык спектрин пайдаланууга тиешелүү лицензиянын мөөнөтүнүн чегинде колдонулат.
Өндүрүштүк коммерциялык эмес максаттар үчүн радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштыкты ыйгарууга уруксат берүү берилген арызга ылайык 5 жылдан кем эмес жана 15 жылдан ашык эмес мөөнөткө берилет.
Берилген радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиялар жана радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксат берүүлөр жөнүндө маалыматтар лицензиялардын жана уруксат берүүлөрдүн реестрлерине киргизилет, алар байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия колдонуу мөөнөтү боюнча - убактылуу, колдонуунун аймактык чөйрөсү боюнча жыштыктарды тандоонун натыйжаларына ылайык - чектелген, ажыратылуусу боюнча - ажыратылуучу, формасы боюнча - кагазга таризделген болот.
Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиянын же радиоэлектрондук каражатты пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксаттын колдонулушунун мөөнөтү лицензиаттын арызы боюнча узартылат, ал колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 60 календардык күндөн эрте эмес жана 20 календардык күндөн кеч эмес берилет. Көрсөтүлгөн мөөнөттө арыз берилбеген учурда берилген лицензиялардын жана уруксаттардын реестрлерине аларды колдонуунун мөөнөтү аяктаган күнү токтотулгандыгы жөнүндө маалыматтар киргизилет.
Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензияны жана/же радиоэлектрондук каражатты пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксатты жоготкондо, бузганда лицензиат байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилүүчү жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде лицензиянын жана/же уруксаттын дубликатын алат. Лицензия жана/же уруксат бузулган учурда арызга лицензиянын жана/же уруксаттын бузулган бланкы да тиркелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген документтердин тизмегин толук эмес берген учурда, ошондой эле иштин бул түрү менен иштөөгө арыз ээсине тыюу салган соттун чечими бар болгон учурда радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензияны же радиоэлектрондук каражатты пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксат берүүдөн баш тартылат.
Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиянын, ошондой эле радиоэлектрондук каражатты пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксаттын колдонулушунун мөөнөтү төмөнкү учурларда узартылбайт:
- радиожыштыктын номиналдары жана/же тилкелери улуттук коргоону, коопсуздукту, укуктук тартибин коргоону камсыз кылуу кызыкчылыгында же өзгөчө кырдаалдарда талап кылынса жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча гана;
- радиожыштык спектрин пайдалануу жаатындагы Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык бул жөнүндө лицензиатка кеминде 3 жылдан мурда милдеттүү кабарлоо менен;
- радиожыштык номиналдарын жана/же тилкелерин натыйжалуу пайдаланбаганда;
- радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензияны же радиоэлектрондук каражатты пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксат берүүнү колдонуу мөөнөтүн узартуу учурунда спектрди пайдалангандыгы үчүн финансылык карызы болгондо;
- лицензияда көрсөтүлгөн радиожыштык спектрин пайдалануу үчүн лицензиаттын техникалык мүмкүндүгү аны узартуу жөнүндө арыз берүү учуруна карата жок болгондо;
- лицензия же радиоэлектрондук каражатты пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксат берүү боюнча иштин процессинде табылган бузуулар болгондо, бирок алар лицензияны же уруксатты берүүнү узартууга арыз берилген учурда жоюлбаса.
Лицензияны колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин мамлекеттин кызыкчылыгында өзгөчө кырдаалдарда башка жыштыктарга өтүү менен байланышкан электр байланыш операторлору тарткан чыгымдар мамлекет тарабынан компенсацияланат. Компенсациялоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
Лицензиянын жана/же уруксаттын күчү төмөнкү учурларда токтотула турат:
- лицензиялык талаптардын шарттарынын бузулушун жоюу боюнча чечимдер аткарылбаса;
Радиобайланыш Регламентинде белгиленген электр магниттик шайкештиктин шарттары бузулса;
- байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында финансылык карызы бар болсо.
Лицензияны жана/же уруксатты кайра тариздөө төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- юридикалык жакты кайра уюштурганда;
- юридикалык жактын аталышын өзгөрткөндө;
- жеке жактын фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө;
- лицензиядан ажыратканда;
- лицензиянын жана/же уруксаттын колдонулушунун мөөнөтүн узартканда;
- радиоэлектрондук каражатты пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксатта көрсөтүлгөн техникалык мүнөздөмөлөрдү өзгөрткөндө.
Радиожыштык спектрин пайдалануу укугуна лицензияны же радиоэлектрондук каражатты пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксатты жокко чыгаруу лицензияны жана/же уруксатты колдонуу токтотулган себептер жоюлбаган учурда соттук тартипте жүргүзүлөт.
Лицензияны жана/же уруксатты ишмердикти жүзөгө ашыруу үчүн башка жакка берүүгө тыюу салынат.
Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиядан ажыратуу байланыш операторунун активдери сатылган, соттун чечими бар болгон учурларда жүргүзүлөт.
Лицензиянын жана/же уруксаттын күчү төмөнкү учурларда токтотулат:
- жеке ишкер катары жеке жактын иши токтотулуусу;
- юридикалык жактын жоюлушу;
- лицензиянын жана/же уруксаттын күчүнүн мөөнөтүнүн аяктоосу;
- радиожыштык спектрин пайдаланууну өз ыктыяры менен токтоткон учурда лицензиат (лицензиаттын укук мураскери) арыз берүүсү;
- лицензияны жана/же уруксатты жоюу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;
- жеке жактын каза болушу;
- лицензия жана/же уруксат берилген учурдан баштап 2 жылдын ичинде радиожыштык спектрин колдонбоо;
- спектрди пайдаланууну натыйжасыз деп таануу.
Лицензиянын жана/же уруксаттын күчүн токтотуу жөнүндө маалыматтар реестрге киргизилет. Лицензияны жана/же уруксатты колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматтар реестрге киргизилген датадан баштап лицензия жана/же уруксат жараксыз деп эсептелет.
Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензияны жана радиоэлектрондук каражатты пайдалануу үчүн жыштык ыйгарууга уруксатты алуу үчүн лицензиялык талаптарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
Электрдик жана почта байланыш жаатындагы ишке лицензия өзүнө лицензиялык талаптарды камтыйт, алар төмөнкүлөргө негизделет:
- эгерде булар каралган болсо, тармакты же кызмат көрсөтүү көлөмүн өнүктүрүү же кеңейтүү боюнча милдеттенмелерге;
- мындай тармактарды куруу жана пайдалануу, электр байланыш кызматтардын көрсөтүү учурунда табигый апааттар же башка өзгөчө кырдаалдар болгондо электр байланышынын ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылуу муктаждыгын эске алуу тууралуу лицензиаттын милдеттенмелерине;
- бардык колдонуучуларга кодулабаган негизде кызмат көрсөтүү боюнча лицензиаттын милдеттенмелерине;
- колдонуучу акы төлөбөгөндө же колдонуучу сервистик келишимдин шарттарын бузганда кызмат көрсөтүүнү убактылуу токтотуу же токтотуу укуктарына;
- оперативдүү тез кызматтарды чакыруу үчүн акысыз кошулууну берүү милдеттенмелерине;
- эгерде булар бар болсо, башка тармак менен тармак аралык кошулуу жагынан лицензиаттын милдеттенмелерине;
- Кыргыз Республикасынын улуттук номерлештирүү тутумуна жана планына ылайык номерлештирүү ресурсун пайдалануу милдеттенмелерине;
Радиобайланыш регламентине жана Кыргыз Республикасынын радиокызматтарынын радиожыштыктарын бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасына ылайык радиожыштык ресурстарын пайдалануу милдеттенмелерине;
- эгерде булар бар болсо, абоненттер жөнүндө маалыматты камтыган маалымдаманы жарыялоого лицензиаттын милдеттенмелерине;
- маалымдамаларды басып чыгаруу максаты үчүн абоненттерге, башка жактарга тиешелүү купуя эмес маалыматтарды берүү милдеттенмелерине;
- ар кандай колдонуучунун билдирүүлөрүнүн, бардык жашырын маалыматтын же ачыкка чыгаруу улуттук коргоо, коопсуздук же укуктук тартипти коргоо үчүн коркунуч келтириши мүмкүн болгон бардык маалыматтын купуялуулугун камсыз кылуу боюнча лицензиаттын милдеттенмелерине;
- мындай маалымат электр байланыштын операторлоруна жана электр байланыштын кызматтарына акылга сыярлык жана кодулабаган негизде белгилүү болгон учурларды кошпогондо, колдонуучудан алынган же жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармагын пайдалануу убагында же башка тармактын иши менен байланышкан жалпы пайдалануудагы электр байланыштын кызматтарын көрсөтүү же башка кызмат көрсөтүүлөр убагында колдонуучуга карата алынган маалыматты колдонбоо милдеттенмелерине;
- техникалык жактан максатка ылайыктуу жана мүмкүн болсо, кабель өткөргүчтөрдү, электр байланыштын кабелдик каналдарын, өткөрүү укугун, түркүктөрдү жана башка курулмаларды электр байланыштын башка операторлоруна, телерадиоберүү операторлоруна жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын башка кызматтарына берүү боюнча лицензиаттын милдеттенмелерине;
- улуттук коргоого, коопсуздукка же укук тартибине коркунуч келген учурда, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда, мамлекеттин талаптарын канааттандырууда жалпы пайдалануудагы электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу боюнча лицензиаттын милдеттенмелерине;
- ушул Мыйзамда каралган жыйымдарды жана акыларды төлөө боюнча милдеттенмелерге;
- лицензиаттын тармагын зарыл болгон техникалык сыноону өткөрүүгө мүмкүндүк берген тиешелүү чараларды көрүү милдеттенмелерине;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде ушул Мыйзамды жана байланыш жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларды сактоо милдеттенмелерине;
- лицензиаттын укуктары жана милдеттенмелери жагынан жалпы же атайын шарттардын лицензияда бар болушуна;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу орган тарабынан байланыштын тармактарында жана каналдарында изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн шарттарды жана талаптарды сактоого лицензиаттын милдеттенмелерине.
11-статья. Байланыш жаатындагы лицензиялоо тартибинин өзгөчөлүктөрү
Ушул Мыйзамдын 25-статьясынын 4-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, электр байланыштын ички же жабык тармактарынын кызматы электрдик байланыш, маалыматтарды берүү жаатындагы ишке лицензия алуудан бошотулат.
Өндүрүштүк коммерциялык эмес максаттар үчүн (электр байланышы, маалыматтарды берүү, телерадиоберүү, ошондой эле радиоышкыбоздук жана радиоышкыбоздук спутниги байланышы жаатындагы кызмат көрсөтүү менен байланышпаган) радиожыштык спектрин пайдаланган жеке жана/же юридикалык жактар радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия алуудан бошотулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тизмегин бекиткен маалыматтарды алмашуу же башкаруу максаттарына арналган чакан кубаттуулуктагы радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштыктарды ыйгарууну алуу талап кылынбайт.
12-статья. Почта байланышы, маалыматтарды берүү жаатындагы иштерге, радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиялар
Почта байланышы жаатындагы ишке, маалыматтарды берүү жаатындагы иштерге, радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензияларды берүүдө лицензиялык талаптар ушул Мыйзамдын 10-статьясында көрсөтүлгөн жоболорго карата өзгөрүшү мүмкүн.";
6) 16-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жаатындагы мыйзамдарда каралган байланыш жаатындагы лицензияларды, ошондой эле жыштык ыйгарууларды алууга укуктуу.";
7) 22-статьяда:
а) 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр "Евразиялык экономикалык бирликтин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасына радиоэлектрондук каражаттарды жана жогорку жыштык түзүлүштөрүн алып келүү жана Кыргыз Республикасынан радиоэлектрондук каражаттарды жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү алып чыгуу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, Евразиялык экономикалык бирликтин укугун түзгөн, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте радиоэлектрондук каражаттарды жана жогорку жыштык түзүлүштөрдү алып келүүгө уруксат берүүчү документтерди берет.";
8) VI глава төмөнкүдөй мазмундагы 231-статья менен толукталсын:
"231-статья. Теле-, радиоканалдарды жайылтуу
Электр байланыш тармактары боюнча жайылтууга арналган теле, радиоканалдардын электрдик сигналдарын түзүү телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
Теле-, радиоканалдарды жайылтуу, анын ичинде теле-, радиоканалдарды берүүчү мультиплекске топтоо электрдик байланыш жаатына кирет жана электр байланыштын кандай технологиялары жана/же тармактары колдонулгандыгына карабастан, ушул мыйзам жана байланыш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. Теле-, радиоканалдардын сигналдарын жайылтуучу электр байланыш оператору бул учурда телерадиоберүү оператору да болуп эсептелет жана аларды колдонуучуга чейин жеткирүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
Телерадиоберүү оператору өзүнүн электр байланыш тармактарын телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык төмөнкүлөрдү жайылтуу үчүн колдонушу мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын аймагында жалпыга маалымдоо каражаттары катары катталган жана аналогдук берүүгө жана/же берүүнүн санариптик топтомуна жайгаштырууга лицензиялоо жөнүндө жана телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык берилген тиешелүү уруксаты бар теле-, радиоканалдарды;
- жана/же чет өлкөлүк телерадиоканалдарды.
Эгерде телерадиоберүүнүн оператору ретрансляциялануучу теле-радиоканалдардын берүү торчосуна өзгөртүүлөрдү киргизсе, бул оператор телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык телерадио уюм катары катталууга милдеттүү.
Радиоэлектрондук каражаттардын жана/же жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдүн электр магниттик шайкештигин камсыз кылуу максатында телерадиоканалдарды жайылтууда радиожыштык спектрин пайдалануу лицензиялоо жаатындагы мыйзамдар, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, радиожыштык спектрин пайдалануу жаатындагы эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.";
9) 25-статьянын 4-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндө "электр байланышынын тейлөө кызматын саны жагынан чектелген тараптарга же" деген сөздөр алып салынсын;
10) 28-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"Мындай жак электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчү болуп эсептелет. Акы төлөтүүнүн негизинде кызмат көрсөтүлгөн учурда берүүчү ушул Мыйзамга жана лицензиялоо жаатындагы мыйзамдарга ылайык лицензия алууга тийиш.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиялоо, радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгаруу тартиби, анын ичинде лицензияларды берүү, узартуу, токтотуп туруу, токтотуу, ажыратуу тартиби, ошондой эле лицензиялык талаптар, лицензиялык контролдоо, лицензиялык жыйымдарды жана төлөмдөрдү алуу Кыргыз Республикасынын электр байланышы чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.";
2) 9-берененин 1-пунктунун "б" пунктчасында "жана 29" деген сөздөр ", 29 жана 31" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 15-беренеде:
а) 11-пункт "жаатындагы иш" деген сөздөрдөн кийин "(ички же жабык тармактардын операторлорун жана кызматтарын кошпогондо)" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 13-пункт "жаатындагы иш" деген сөздөрдөн кийин "(буга ички же жабык тармактардын операторлорун жана кызматтары кирбейт)" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 14-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 16-берененин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) радиожыштык спектрин пайдалануу (өндүрүштүк коммерциялык эмес максаттар үчүн радиожыштык спектрин пайдаланган жеке жана (же) юридикалык жактарды кошпогондо);";
5) 17-берене төмөнкүдөй мазмундагы 37-пункт менен толукталсын:
"37) аналогдук берүүдө жана (же) санариптик берүү пакетинде колдонуудагы технологияларга карабастан теле-, радиоканалын жайгаштыруу".
3-берене.
"Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 570-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада "телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын" деген сөздөр "телерадио уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулушунун чөйрөсү
1. Ушул Мыйзамдын колдонулушу менчигинин түрүнө, түзүлүү максатына, уставдык иш-аракетине, телерадиоканалдарды, телерадиопрограммаларды жана берүүлөрдү жайылтуу ыкмаларына карабастан, керектөөчүлөрдүн массалык кабылдоосуна эсептелген телерадио каналдарды, ошондой эле телерадиоберүүлөрдү түзүү жана жайылтуу жаатында иш субъекттеринин ортосундагы мамилелерге жайылтылат.
2. Өлкөнүн чегинен тышкары жерде турган, башка мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык аракеттенген уюмдарга карата ушул Мыйзам алардын Кыргыз Республикасынын аймагындагы телерадиоканалдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жайылтуу тартибин жөнгө салуу жаатында гана колдонулат.";
3) 2-беренеде "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдары" деген сөздөр "Телерадио уюмдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-берене. Терминдердин аныктамасы
Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр төмөнкү маанилерде колдонулат:
1) аналогдук берүү - сигналдарды аналогдук кайра иштетүү ыкмалары колдонуу менен телерадиоканалдарды жайылтуу тутуму;
2) аккредитациялоо - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын ишин чагылдыруу үчүн алардын алдындагы телерадио уюмдарынын өкүлдөрүн каттоо жол-жобосу;
3) мамлекеттик телерадио уюмдар - мекеме статусуна ээ болгон жана жарандардын маалыматтык керектөөлөрүн канааттандыруу максатында мамлекеттик бийлик органдары тарабынан уюштурулган мамлекеттик уюм болуп саналган телерадио уюмдар;
4) үн коштоону көп каналдуу берүү - керектөөчүгө берүүнүн тилин тандап алуу мүмкүнчүлүгүн берүүчү телепрограммада эки же андан көп үн коштогон берүү;
5) коомдук телерадио уюмдар - жарандардын маалыматтык керектөөлөрүн канааттандыруу максатында жарандык коомдун катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же жарандык коом тарабынан түзүлүүчү телерадио уюмдар;
6) жамааттык телерадио уюмдар - жамааттын жана/же башка жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнүн маалыматтык керектөөлөрүн канааттандыруу максатында жеке адамдар, жамааттар жана/же аймактык белгилери боюнча бириккен жергиликтүү коомчулуктар тарабынан түзүлүүчү жана/же башка жалпы кызыкчылыгы бар телерадио уюмдар;
7) телерадиоберүүнүн оператору - лицензиялык талаптарына телерадиоканалдарды жайылтуу кирген, электр байланыш жана/же маалымат берүү жаатында тиешелүү лицензиясы бар электр байланыш оператору;
8) телерадиоканалдын программалык концепциясы - ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык телерадиоканалдардын программаларынын жана берүүлөрүнүн негизги мазмундук мүнөздөмөсү аныкталган документ;
9) түз берүү - теле же радио берүүлөрдү алдын ала жазып алуусуз жана монтаждоосуз түз берүү;
10) телерадиоканалды жайгаштырууга уруксат - лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарга ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан теле же радио уюмдарына жана/же телерадио берүү операторуна берилүүчү жана аналогдук берүүдө жана/же берүүлөрдүн санариптик пакетинде колдонуудагы технологияларга карабастан телерадиоканалды жайгаштырууга алардын укугун тастыктоочу документ;
11) телерадиоканалдардын программаларынын жана берүүлөрүнүн ырааттамасы (телерадиоберүүлөрдүн программасы) - убакыттын белгилүү бир мерчемделген учурунда телерадиопрограммалардын, телерадиоберүүлөрдүн обого чыгышынын ырааттуулугу же хронометражы жөнүндө телерадио уюмдарынын ачык маалыматы;
12) телерадиоканалдарды жайылтуу - телерадиоберүү операторлору тарабынан колдонулуучу технологияларга карабастан телекоммуникациялардын техникалык каражаттарын колдонуу менен телерадиоканалдардын электр сигналдарын керектөөчүгө жеткирүү;
13) толук ретрансляциялоо - телекоммуникациянын колдонулган каражаттарына карабастан, толук жана алмаштырылгыс телерадио программаларды, телерадио берүүлөрдү, телерадиоканалдарды кабыл алуу жана таратуу (анын ичинде жазылган түрдө);
14) жарым-жартылай ретрансляциялоо - телекоммуникациянын колдонулган каражаттарына карабастан, телерадио программалардын, телерадио берүүлөрдүн, телерадиоканалдардын бөлүктөрүн кабыл алуу жана таратуу (анын ичинде жазылган түрдө, пакетте жана ар кандай башка формада);
15) берүү сеткасы - конкреттүү мезгилде телерадиоканалдын программалык концепциясынын негизги багыттарын чагылдыруучу радиопрограммалардын, теле же радиоберүүлөрдүн тизмеги, ырааттуулугу, аталышы жана обого чыгуу убактысы;
16) субтитрлер - телепрограмманын нукурасында коштолгон үндү текст менен кайталап берүү аркылуу телепрограммада камтылган маалыматты жайылтуу ыкмасы;
17) телерадио уюмунун чыгармачыл кызматкери - телерадио программалар жана берүүлөр үчүн маалыматтарды кесипкөй түрдө чогулткан, алган, түзгөн жана/же даярдаган штаттагы же штаттан тышкаркы телерадио уюмунун кызматкери (телерадио журналист, продюсер, режиссер, сценарист, дизайнер, сүрөтчү, программанын же берүүнүн жетекчиси ж.б.);
18) телерадио уюму - телерадиоканалдарды түзгөн жана/же комплекттеген, мыйзамда белгиленген тартипте катталган юридикалык жак. Телерадио уюмдун укук жөндөмдүүлүгү мамлекеттик катталган күндөн тартып келип чыгат;
19) телерадиоканал - туруктуу аталышы жана белгиленген мезгилдүүлүгү менен андан ары жайылтуу үчүн берүү сеткасына ылайык түзүлгөн телекөрсөтүү, радио программалардын жана башка аудиовизуалдык чыгармалардын жана материалдардын жыйындысын билдирген массалык маалымат каражаты;
20) телерадио берүү - керектөөчүнүн (калктын) ачык жана код коюлган түрдө ачык-айкын кабыл алышы үчүн телекоммуникациялардын техникалык каражаттарын пайдалануу менен телерадиоканалдарды түзүү жана/же жайылтуу;
21) ачык түрдө жайылтылуучу телерадиоканал - көрүү укугу үчүн керектөөчүнү идентификациялоосуз/жекелештирбестен керектөөчүнүн (калктын) ачык-айкын кабыл алышы үчүн телекоммуникациялардын техникалык каражаттарын пайдалануу менен жайылтылуучу телерадиоканал;
22) код коюлган түрдө жайылтылуучу телерадиоканал - көрүү укугу керектөөчүнү идентификациялоонун/жекелештирүүнүн негизинде камсыз кылынуучу, керектөөчүнүн (калктын) ачык-айкын кабыл алышы үчүн телекоммуникациялардын техникалык каражаттарын пайдалануу менен жайылтылуучу телерадиоканал;
23) чет өлкөлүк телерадиоканал - Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакта катталган телерадиоканап;
24) телерадиоберүү - өз аталышы, трансляциялоо көлөмү, автордук белгиси бар, программанын башка бөлүктөрүнө карабастан колдонулушу мүмкүн болгон жана бир бүтүн маалыматтык продукция катары каралган, программанын мазмундук жагынан толук бүткөн бөлүгү;
25) ата мекендик өндүрүштүн телерадиоберүүлөрү - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жеке жана юридикалык жактар тарабынан түзүлгөн берүүлөр;
26) чет өлкөлүк өндүрүштүн телерадиоберүүлөрү - Кыргыз Республикасынын аймагында катталбаган жеке жана юридикалык жактар тарабынан түзүлгөн берүүлөр;
27) телерадио программа - туруктуу аталышы бар жана берүүнүн белгилүү бир торчосуна кирген телерадио берүүлөрдүн жыйындысы;
28) телерадио кызматкери - өзүнүн кесиптик ишинин мүнөзү боюнча жана кызматтык милдеттерине ылайык телерадио программаларды жана телерадио берүүлөрдү түзүүгө катышкан телерадио уюмунун штаттагы же штаттан тышкаркы кызматкери;
29) телекоммуникациялардын техникалык каражаттары - телерадио программалардын, телерадио берүүлөрдүн, телерадиоканалдардын электр сигналдарын түзүүгө, кабыл алууга, кайра иштеп чыгууга жана берүүгө мүмкүндүк берүүчү техникалык каражаттар;
30) трансляциялоо - телекоммуникациялардын техникалык каражаттарын пайдалануу менен телерадиоканалдарды, телерадио программаларды, телерадио берүүлөрдү жайылтуу;
31) маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Өкмөт аныктаган ушул Мыйзамга ылайык телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган;
32) телерадио уюмунун уюштуруучусу (катышуучусу) - уюштуруу жолу же болбосо мыйзамдарда каралган башка ыкма менен телерадио уюмуна же анын уставдык капиталынын үлүшүнө карата менчик укугун алган жеке же юридикалык жак;
33) берүүлөрдүн пакети - электр байланыш тармактары боюнча берилүүчү бирдиктүү пакетке бириктирилген телерадиоканалдардын жыйындысы. Санарип пакети субтитрлерди, телетексттерди, телегиддерди жана башка кошумча маалыматтарды да камтышы мүмкүн;
34) обо убактысы - телерадио уюму трансляциялоону (кайра трансляциялоону) жүзөгө ашырган убакыт;
35) социалдык пакет - тизмегин Өкмөт бекитүүчү, калк үчүн акысыз бир жыштыкты бөлүү менен таратылуучу жана мамлекеттик бюджеттен жана/же башка булактардан (мындан ары - социалдык пакет) каржылануучу телерадио уюмдардын теле жана/же радио каналдарынын пакети;";
5) 4-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө "телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын" деген сөздөр "телерадио уюмдарынын, телерадио берүү операторлорунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 2-бөлүгүндө:
жетинчи абзацта "телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын" деген сөздөр "телерадио уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган тиешелүү телерадио уюмдары жана/же телерадио берүү операторлору менен келишим түзбөстөн Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк телерадио уюмдарынын түздөн-түз берүүлөрүн жүзөгө ашырууга жол берилбестик";
6) 5-берененин аталышында "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын" деген сөздөр "Телерадио уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 6-беренеде:
а) аталышында "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын" деген сөздөр "Телерадио уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүнүн бешинчи абзацында "өсүп келе жаткан муундун" деген сөздөр "жашы жете электердин жана өспүрүмдөрдүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 7-берененин 1-бөлүгүндө "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдары" деген сөздөр "Телерадио уюмдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 8-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-берене. Телерадио уюмдарынын маалыматтык иши
1. Телерадио уюмдар телерадиоканалдарды мамлекеттик, расмий жана башка тилдерде берүүнү жүзөгө ашырат.
2. Телерадио уюмдар трансляциялоочу телерадио программалар, телерадио берүүлөргө карата ар бир телерадиоканалдын саат 7.00дөн - 00.00гө чейинки мезгилдеги берүүсүнүн ар күндөгү торчосунун жалпы көлөмүндө төмөнкүдөй шарттар жана пропорциялар сакталууга тийиш:
1) телерадио программалардын жана телерадио берүүлөрдүн 50 пайыздан кем эмеси ата мекендик өндүрүштөгү телерадио программалардан жана телерадио берүүлөрдөн турууга тийиш - анын ичинде саат 7.00дөн тартып 10.00гө чейин жана 18.00дөн тартып 23.00гө чейинки мезгилде.
2) берүүнүн кеминде 50 пайызы мамлекеттик тилде, анын ичинде саат 7.00дөн тартып 10.00гө чейин жана 18.00дөн тартып 23.00гө чейинки мезгилде мамлекеттик тилде жүргүзүлүүгө тийиш.
3. Эгерде фильмдин жана/же башка телерадио программанын жана/же телерадиоберүүнүн түп нускасынын (же кайталоонун) тили мамлекеттик же расмий тил болуп саналбаса, мындай фильмдер жана/же телерадио программалар жана телерадио берүүлөр мамлекеттик же расмий тилде аларды дубляждоо шарты менен трансляцияланат.
4. Эгерде уктуруу мультүндөрдүн опциясын пайдалануу менен жүргүзүлсө, анда берүүнүн тилдеринин бири мамлекеттик тил болууга тийиш.";
10) 81-беренеде:
1-бөлүгүндө "Берүүлөрү" деген сөз "Трансляциясы ачык түрдө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 2-главанын аталышында "телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарын" деген сөздөр "телерадио уюмдарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 9-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-берене. Телерадио берүү тутумунун субъекттери
1. Телерадио берүү тутумунун субъекттери аудиокөрмө чыгармаларды, телерадиопрограммаларды, телерадио берүүлөрдү даярдаган телерадио уюмдары, телерадио берүү операторлору болуп авторлор эсептелет.
2. Кыргыз Республикасында телерадиоканалдарды түзүү жана жайылтуу боюнча ишмердүүлүк төмөнкүлөрдү камтыйт:
- лицензия, уруксат алууну талап кылбаган, Кыргыз Республикасынын автордук укук чөйрөсүндө жана аралаш укуктар, ишкердик жаатындагы мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынуучу телепрограммаларды, телерадио берүүлөрдү түзүү (өндүрүү/даярдоо);
- ушул Мыйзам жана массалык маалымат каражаттары жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынуучу телерадио уюмдары тарабынан телерадиоканалды түзүү жана/же комплекттөө ыйгарым укуктуу орган тарабынан лицензиялоо жөнүндө мыйзамга ылайык берилүүчү жайгаштырууга уруксаттын, ошондой эле телерадиоканалдын массалык маалымат каражаты катары катталуусунун болушун талап кылат;
- электр байланыш кызматтарына тийиштүү телерадио берүү операторлору колдонгон технологияларга карабастан электр байланыш тармактары аркылуу керектөөчүлөрдүн (калктын) кабыл алышына эсептелген телерадиоканалдардын электр сигналдарын жайылтуу "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат жана лицензиялоо жана электр байланышы жөнүндө мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат.";
13) 10-беренеде:
а) берененин аталышында "телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдары" деген сөздөр "телерадио уюмдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "мыйзамдарды жана" деген сөздөр "мыйзамдарды жана/же" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
в) 2-бөлүгүндө "телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдары" деген сөздөр "телерадио уюмдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 12-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "12-берене. Муниципалдык жана жамааттык телерадио уюмдары";
б) 2-бөлүгүндө "телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдары" деген сөздөр "телерадио уюмдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-6-бөлүктөр менен толукталсын:
"3. Жамааттын жана/же башка жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнүн маалыматтык керектөөлөрүн канааттандыруу максатында жеке адамдар, жамааттар жана/же аймактык белгилери боюнча биригишкен жана/же башка жалпы кызыкчылыгы бар жергиликтүү коомчулуктар тарабынан түзүлөт.
4. Жамааттык телерадио уюмдардын өз программаларын жана берүүлөрүн калкка тартуулоо жана алардын калктын кабыл алуусу ыктыярдуу болуп саналат жана түрдүү жамааттардын социалдык-экономикалык, маданий жана башка жактан өнүгүүсүнө жетишүүгө, жарандык интеграцияны жана тилектештикти чыңдоого багытталган.
5. Жамааттык телерадио уюмдары коммерциялык эмес уюмдун уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт.
6. Жамааттык телерадио уюмдардын башкаруу органдарын түзүү тартиби, ишмердүүлүк маселелери ушул Мыйзамдын жоболорун эске алуу менен алардын уставдарында жөнгө салынат.";
15) 13-беренеде:

б) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Коомдук телерадио уюмдары жарандык коомдун катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же жарандардын маалыматтык керектөөлөрүн канааттандыруу максатында жарандык коом тарабынан түзүлөт.";
в) 2- жана 4-бөлүктөрүндөгү ар түрдүү жөндөмөдөгү "телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "телерадио уюмдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 14-беренеде:

б) "Жекече" деген сөз "1. Жекече" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) "жарандардын маалыматтык керектөөсүн канааттандыруу максатында" деген сөздөр алып салынсын;
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Жекече телерадио уюмдарында байкоочу кеңештер алардын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) чечими боюнча түзүлүшү мүмкүн.";
17) 15-берененин аталышында "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарын" деген сөздөр "Телерадио уюмдарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
18) 16-беренеде:
а) берененин аталышында "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарын" деген сөздөр "Телерадио уюмдарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Мында телерадио уюмунун уюштуруучулары жана кызматкерлери өз телерадио уюмунун байкоочу кеңешинин мүчөлөрү боло албайт.";
в) 4-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы "телерадио журналисттердин" деген сөздөр "телерадио уюмдарынын чыгармачыл кызматкерлеринин жана телерадио кызматкерлеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
19) 17-берененин аталышында "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын" деген сөздөр "Телерадио уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
20) 18-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-берене. Телерадиоканалдарды жайгаштырууга уруксат берүү
1. Аналогдук берүүдө жана/же берүүнүн санариптик пакетинде алгылыктуу технологияларга карабастан, телерадиоканаларды жайгаштыруу лицензиялык, уруксат берүү тутумундагы мыйзамда белгиленген тартипте маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган телерадио уюмуна жана жана/же телерадио берүү операторуна берген уруксаттын негизинде жүргүзүлөт.
2. Аналогдук берүүдө жана/же берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканаларды жайгаштырууга уруксат берүү Өкмөт аныктаган тартипте жүргүзүлөт. Лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарда каралбаган негиздер боюнча уруксат берүүдөн баш тартууга тыюу салынат.
3. Маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган:
- белгиленген тартипте ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарды сактоону текшерүү максатында лицензиялык контролду жүргүзөт жана бузуулар табылган учурда колдонуудагы мыйзамдарда каралган таасир этүү чараларын көрөт.
Аналогдук уктурууда жана/же берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалардарды жайгаштырууга уруксаттын күчүн убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган уруксаты убактылуу токтотулган телерадиоканалдын берүүсүн токтотуу зарылчылыгы жөнүндө телерадио берүү операторуна жана Өкмөт аныктаган байланышка мамлекеттик көзөмөлдүк кылуучу ыйгарым укуктуу органга токтоосуз маалымдайт.
Укук ээлерин же башка жактардын арызы боюнча, ошондой эле маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган автордук укук жана чектеш укуктар чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды тапкан учурда, маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган мыйзамдарда белгиленген жоопкерчилик чарасын көрүү үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органга кайрылат.";
21) 19-берененин аталышы, 1- жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-берене. Телерадио уюмунун телерадиоканалдарынын программалык концепциясы
1. Ушул Мыйзамдын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, телерадио уюмдарында милдеттүү түрдө телерадиоканалдардын программалык концепциясы болууга тийиш.
2. Телерадио уюмунун берүүлөрүнүн программалык концепциясы төмөнкүлөрдү аныктайт:
- ата-мекендик өндүрүштөгү телерадио берүүлөрдүн, аудиовизуалдык жана/же Кыргыз Республикасынын аткаруучуларынын же авторлорунун музыкалык жана башка чыгармаларынын көлөмүн;
- чет өлкөлүк өндүрүштүн телерадио берүүлөрүнүн жана телерадио программаларынын, ретрансляциялоонун көлөмүн;
- программаларды жана берүүлөрдү жанрдык бөлүштүрүүнү;
- коомдун позитивдүү дене-бой, акыл-эс жана моралдык өнүгүүсүнө эсептелген программаларды жана берүүлөрдү жайылтуу саясатын.";
22) 20- жана 21-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-берене. Телерадиоканалдарды, телерадио программаларды жана телерадио берүүлөрдү ретрансляциялоо
1. Кыргыз Республикасынын аймагында телерадиоканалдарды, телерадио программаларды, телерадио берүүлөрдү толук же жарым-жартылай ретрансляциялоо ушул берененин талаптарын сактаган учурда чектелбейт.
2. Толук ретрансляциялоону телерадио уюмдар жана/же телерадио берүүнүн операторлору ишке ашыра алышат. Мындай учурда аларга ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 1- жана 2-бөлүктөрүнүн талаптары жайылтылбайт.
3. Чет өлкөлүк телерадиоканалдарды толук ретрансляциялоо укугу мыйзамдарда белгиленген тартипте маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан телерадио уюмуна же телерадио берүү операторуна берилүүчү аналогдук берүүдө жана/же берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканаларды жайгаштырууга уруксат берүү менен аныкталат.
4. Жарым-жартылай ретрансляциялоону аналогдук берүүдө жана/же берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга тиешелүү уруксат болгон учурда жана ушул Мыйзамдын 8-беренесинин талаптарын сактоо менен телерадио уюмдары гана ишке ашыра алат. Телерадиоканалдарды, телерадио программаларды, телерадио берүүлөрдү ретрансляциялоого каралган ретрансляциялоонун максималдуу көлөмү жана болжолдуу тизмеги (жанрлар боюнча) телерадиоканалдын берүүсүнүн программалык концепциясы менен аныкталат.
5. Толук же жарым-жартылай ретрансляциялоону жүзөгө ашыруучу жана буга өндүрүүчүдөн тиешелүү укуктарды алган телерадио берүү операторлору жана/же телерадио уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттүү.
21-берене. Телерадиоканалдардын берүүлөрү
1. Телерадио уюму жана/же телерадио берүүнүн оператору телерадиоканалды аналогдук берүүдө жана/же берүүлөрдүн санариптик пакетинде телерадио каналды тийиштүү уруксатты алган күндөн тартып бир жылдан кечиктирбестен жайгаштырууга милдеттүү. Уруксатты берген ыйгарым укуктуу органга мындай жайгаштыруунун башталышы тууралуу он күндүк мөөнөттүн ичинде билдирүүгө милдеттүү.
2. Ушул берененин 1-пунктунун жоболорун бузуу же болбосо телерадио каналдын берүүлөрү отуз календардык күндөн ашык убакытка токтотуу мыйзамда белгиленген тартипте тийиштүү уруксатты кайра артка чакыртып алуу (жокко чыгаруу) үчүн негиз болуп саналат.
3. Телерадио каналды жайгаштырууга уруксатты токтото туруу жөнүндө чечим күчүнө киргенден кийин берүүнү улантуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык телерадио уюмдун жетекчисинин, телерадио берүүнүн тиешелүү операторунун жетекчисинин жоопкерчиликке тартылышына алып келет.
4. Телерадио берүүнүн оператору жылына бир жолу, ар бир календардык жылдын 1-мартынан кечиктирбестен маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга өз торчосунда трансляциялануучу/ретрансляциялануучу телерадио каналдардын тизмеги тууралуу билдирип турууга милдеттүү. Ал эми ушундай тизмекке өзгөртүүлөр киргизилген учурда ыйгарым укуктуу органга бул өзгөртүү киргизилген датадан тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен билдирүүгө милдеттүү.";
23) 22-, 24-беренелер күчүн жоготту деп таанылсын.
24) 26-берененин аталышында "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын" деген сөздөр "Телерадио уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
25) 27-беренеде:
а) берененин аталышында "телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын" деген сөздөр "телерадио уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндө "Чет элдик телерадио компаниялардын" жана "аудиовизуалдык продукциянын" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Чет элдик телерадиоканалдардын" жана "аудиовизуалдык чыгармалардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
26) 30-берененин аталышында "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын" деген сөздөр "Телерадио уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
27) 31-берененин 1-бөлүгүндө "телерадио берүү уюмдарынын" деген сөздөр "телерадио уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
28) 32- жана 33-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32-берене. Жарнак
1. Ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо, телерадио уюмдары "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте өзүнүн телерадио каналдарында жарнактарды жайгаштырууга укуктуу.
2. Төмөнкүдөй учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк телерадиоканалардарды толук же жарым-жартылай ретрансляциялоону жүзөгө ашырган телерадио уюмдарына жана телерадио берүү операторлоруна жарнак жайгаштырууга тыюу салынат:
1) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизинде социалдык пакеттин алкагында чет өлкөлүк теле каналдардын санариптик берүүсү толук ретрансляциялаганда. Мында Өкмөт бекиткен социалдык пакеттин алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында теле каналдарды таратуу чыгымдарын жабуу үчүн Өкмөт аныктаган көлөмдөрдө жарнактарды жайгаштырууга жол берилет;
2) ушул Мыйзамдын 8-беренесинин талаптарын сактоо менен ушул телеканалдын ар күндүк эфиринде чет өлкөлүк телеканалдарды телерадио уюмдары жарым-жартылай ретрансляциялаганда.
3. Кыргыз Республикасынын автордук жана чектеш укуктар чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактабаган телерадиоканалдарда жарнакка тыюу салынат.
33-берене. Демөөрчүлөрдүн телерадио берүүлөрдү жана телерадио программаларды түзүүгө катышуусу
1. Телерадио берүүлөрдү, телерадио программаларды материалдык формада түзүүгө башка жактар, анын ичинде демөөрчүлүк, гранттар жана мыйзам тарабынан уруксат берилген башка колдоо ыкмалары түрүндө катыша алат.
2. Демөөрчүлүк жарнактын бир түрү болуп саналат.
3. Гранттар акысыз негизде берилет жана телерадио берүүнүн жана телепрограмманын башталышында же аягында грант берүүчүгө карата 5 секунддан ашпаган тексттик көрсөтүүдөн тышкары, грант алуучунун жарнак түрүндөгү милдеттенмесине алып келбейт.
4. Телерадио уюмдары же студия-өндүрүүчүлөр болуп саналбаган юридикалык жана жеке жактар программаларды жана/же берүүлөрдү өндүрүүнү тикелей же бирөө аркылуу финансылоого катыша алат.
5. Демөөрчү финансылоочу телерадио берүүлөрдө жана телерадио программаларды демөөрчү жөнүндө маалыматтар (аталышы же ысымы, соодалык же фирмалык маркасы, эмблема) берүүлөрдүн башталышында жана аягында титрлер, диктордук текст же башка ык менен так жана айкын белгиленүүгө тийиш.
6. Демөөрчүлөр телерадио программалардын жана телерадио берүүлөрдүн же алардын бөлүктөрүнүн убактысына жана мазмунуна таасир көрсөтүүгө, ошондой эле телерадио уюмдарынын жана алардын кызматкерлеринин кесиптик иш-аракетине кийлигишүүгө укуксуз.
7. Демөөрчүлөр программалардын жана берүүлөрдүн же алардын бөлүктөрүнүн мазмуну үчүн телерадио берүүчүнү жоопкерчиликтен бошотпойт.
8. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык телерадио берүүдө жарнакты берүүгө тыюу салынган товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү же сатып өткөрүү иши иш-аракетинин негизин түзгөн юридикалык жана жеке жактар демөөрчү боло алышпайт.";
29) 4-главанын аталышында "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын" деген сөздөр "Телерадио уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
30) 35-берененин аталышында "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын" деген сөздөр "Телерадио уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
31) 36-беренеде:
а) берененин аталышында "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын" деген сөздөр "Телерадио уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда ", анын курамына шайланууга" деген сөздөр алып салынсын.
32) 37-берененин аталышында "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын" деген сөздөр "Телерадио уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
33) 38-берененин аталышында "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын" деген сөздөр "Телерадио уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
34) 40-берененин 1- жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Телерадио программаларды жана берүүлөрдү түзүүдө, даярдоодо, берүүлөрдүн торчосун түзүүдө телерадио уюмдар Кыргыз Республикасынын коомдук адеп-ахлакты коргоо жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттүү.
2. Телерадио уюмдарына обо убактысында саат 7.00дөн 23.00гө чейин жашы жете электердин жана жеткинчектердин дене-бой, интеллектуалдык жана руханий жактан өнүгүүсүнө залакасын келтирүүчү жаңылыктан тышкаркы мүнөздөгү программаларды жана берүүлөрдү трансляциялоого, ошондой эле анонс жасоого тыюу салынат. Андай болбогон учурда мындай программалар жана берүүлөр жашы жете электер үчүн техникалык жактан чектелип көрсөтүлүшү керек.
Мындай программалар же берүүлөр атайын эскертүүлөрү болууга жана телерадио уюмдарынын программаларынын ырааттамасында белгиленип, түздөн-түз аларды трансляциялоонун алдында жана мезгил-мезгили менен атайын белгиленип турууга тийиш.";
35) 46-берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "46-берене. Телерадио уюмдарынын эл аралык кызматташтыгы";
36) 47-беренеде:
а) 47-берененин аталышында "телекөрсөтүү жана радиоуктуруу уюмдарынын" деген сөздөр "телерадио уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

"1. Чет өлкөлүк телерадио уюмдарынын кабарчыларын аккредитациялоо Кыргыз Республикасынын тиешелүү телерадио уюмдарынын же чет өлкөлүк телерадио уюмдарынын сунушу боюнча Тышкы иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.";
37) 48-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын. "Ушул Мыйзамдын 32-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту 2019-жылдын 1-июлуна чейин колдонулат.";
б) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин телерадио берүүгө берилген бардык лицензиялар ушул Мыйзам күчүнө кирген датадан тартып жана Өкмөт бекитүүчү телерадио каналды жайгаштырууга уруксат берүү тартиби каралган мыйзамга караштуу акт кабыл алынгандан кийинки үч айдын ичинде колдонулушун улантат.".
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 12-майында № 57-58 (2782-2783) жарыяланды
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 4-майы № 75
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2017-жылдын 30-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)