Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 5-майы № 96
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 31-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 971-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документ - мыйзамдарда белгиленген Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун бардык типтери;";
б) тогузунчу абзацында "шайлоочуларга мөөнөтүнөн мурда добуш берүү үчүн жана шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүү үчүн берилген бюллетендер" деген сөздөр "идентификациялоодон өткөнү жөнүндө чектер, идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтык отчёттор, автоматтык эсептөөчү урнанын нөлдүк жана жыйынтык отчеттору" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) он жетинчи абзацында ", коммерциялык эмес уюм" деген сөздөр алып салынсын;
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
"коомдук байкоочу - мыйзамдарда белгиленген тартипте шайлоону даярдоого, добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды саноого, шайлоонун жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюму (мындан ары - коммерциялык эмес уюм) тарабынан дайындалган адам;";
д) жыйырма үчүнчү абзацы "кагаз түрүндө түзүлүүчү," деген сөздөрдөн кийин "даяр болуу деңгээлине жана арналышына жараша алдын ала, контролдук жана биротоло бүткөн болуп бөлүнүүчү," деген сөздөр менен толукталсын;
е) берене төмөнкүдөй мазмундагы отуз экинчи - отуз төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"интернет - маалыматты сактоо жана берүү үчүн глобалдык (бүткүл дүйнөлүк) компьютердик тарам (бириккен компьютердик тарамдардын тутуму);
интернет-басылма - эгерде интернет-басылмага кирүүчүлөрдүн саны суткасына 500 уникалдуу кирүүчүдөн же айына 1000 уникалдуу кирүүчүдөн ашса, социалдык тарамдардагы интернет-блогдордон жана жеке адамдардын персоналдык барактарынан тышкары, жаңылыктык, маалыматтык-талдоочулук, көңүл ачуучулук жана башкача мүнөздөгү материалдарды камтыган, Кыргыз Республикасында администрацияланган (модернизацияланган) же Кыргыз Республикасынын жарандары жана (же) юридикалык жактары ээлик кылуучулары болуп саналган, интернет тарамына кирүүчүлөрдүн эркин кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берген интернет сайт (портал, форум);
уникалдуу кирүүчү же уникалдуу IP-дареги бар кирүүчү - уникалдуу мүнөздөмөлөргө ээ жана интернет-басылмага белгилүү бир убакыттын аралыгынын ичинде кирип турган, кайталангыс пайдалануучу.";
2) 9-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Талапкер, саясий партия ар бир участкалык шайлоо комиссиясына экиден ашык эмес байкоочу дайындай алат, алар добуш берүүнү өткөрүүгө жана добуш берүү үчүн жайдагы башка шайлоо аракеттерине кезектешип байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашыруу укугуна ээ болушат. Шайлоо комиссиясынын жайында, добуш берүү үчүн жайда катталган бир талапкердин, бир саясий партиянын кызыкчылыктарын билдирүүчү эки же андан көп байкоочунун бир убакта байкоочунун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууларына жол берилбейт.";
б) 2-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндө "аны жиберген уюмдан" деген сөздөр "аны дайындаган талапкерден же талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиядан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 10-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын жарандары эл аралык байкоочулар катары аккредитацияланышы мүмкүн эмес.";
4) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 101-берене менен толукталсын:
"101-берене. Коомдук байкоочулар
1. Коммерциялык эмес уюмдар өздөрүнүн уставдарында белгиленген тартипте, шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышуу жана өздөрүнүн коомдук байкоочуларын жиберүү тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.
2. Коомдук байкоочунун ыйгарым укуктары ушул коомдук байкоочу кызыкчылыктарын билдирүүчү коммерциялык эмес уюмдун мөөрү менен ырасталган жазуу жүзүндөгү жолдомодо аныкталууга тийиш. Жолдомодо коомдук байкоочунун фамилиясы, аты-жөнү, анын жашаган жеринин дареги, байкоочу жиберилген шайлоо участогунун номуру, комиссиянын аталышы көрсөтүлөт, ошондой эле ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган чектөөлөрдүн жоктугу тууралуу жазуу кылынат. Жолдомо коомдук байкоочу Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдун шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышуу жөнүндө чечиминин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн көрсөткөндө жарактуу болот.
3. Коомдук байкоочулар ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерди бергенде тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланат. Аккредитациянын шарттары жана тартиби, коомдук байкоочуларды шайлоо комиссияларынын алдында аккредитациялоо жөнүндө документтин формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет. Бир шайлоо комиссиясынын алдында бир коммерциялык эмес уюмдан бирден ашык коомдук байкоочуну аккредитациялоого жол берилбейт.
4. Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаты, мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы, шайлоо комиссиясынын мүчөсү, талапкердин, талапкерлердин тизмесин киргизген саясий партиянын өкүлдөрү жана байкоочулары, судьялар, прокурорлор, башка укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, аскер кызматчылары шайлоо комиссияларында коомдук байкоочу болуп дайындала алышпайт.
5. Коомдук байкоочунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ал тиешелүү шайлоо комиссиясында аккредитацияланган күндөн тартып башталат жана шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күнү аяктайт.
6. Коомдук байкоочулар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) кандай гана болбосун деңгээлдеги шайлоо комиссиясынын курамын түзүүгө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
2) шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
3) шайлоочуларды эсепке алуунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
4) шайлоону маалыматтык камсыз кылууга байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга;
5) шайлоо комиссиясында турган шайлоочулардын тизмелери, добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө арыздардын (кайрылуулардын) реестри менен таанышууга;
6) добуш берүү күнүндө добуш берүү үчүн жайда сутканын кандай болбосун убагында болууга;
7) шайлоочулардын добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүсүндө катышууга;
8) көпчүлүккө, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өз пикирин баяндоого, шайлоонун даярдалышы жана өткөрүлүшү жөнүндө билдирүү жасоого;
9) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнү уюштуруунун жана добуш берүүнүн ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартибине, анын ичинде шайлоо бюллетендерин берүүгө; шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын, шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин, жокко чыгарылган шайлоо бюллетендеринин санын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; шайлоо бюллетендеринин мазмунун көрүүнү камсыз кылган аралыкта жана шарттарда шайлоочулардын добуштарын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө кандай болбосун толтурулган же толтурулбаган шайлоо бюллетени менен таанышууга; шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун жана башка шайлоо документтеринин түзүлүүсүнө байкоо жүргүзүүгө;
10) өзү жиберилген участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына, ал болбогон учурда - аны алмаштырган адамга добуш берүүнү уюштуруу маселелери боюнча сын-пикирлер жана сунуштар менен кайрылууга;
11) өзү жиберилген шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга;
12) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;
13) тиешелүү шайлоо комиссияларында шайлоочулардын добуштарын кайра саноого катышууга;
14) шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү аны шайлоо комиссиясына жөнөткөн уюмдун аталышы бар төш белгисин тагынып жүрүүгө;
15) шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууга жолтоо болбостон фото-, көрмө тартууну, үн жазууну жүзөгө ашырууга.
7. Коомдук байкоочулар төмөнкүлөргө укуксуз:
1) шайлоочуларга шайлоо бюллетендерин берүүгө;
2) шайлоо бюллетендерин алууда шайлоочунун өтүнүчү боюнча ал үчүн кол коюуга;
3) шайлоочунун өтүнүчү боюнча ал үчүн шайлоо бюллетенин толтурууга;
4) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуучу аракеттерди жасоого;
5) шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлүп жаткан шайлоо бюллетендерин саноого түздөн-түз катышууга;
6) шайлоо комиссиясынын ишине жолтоо болгон аракеттерди жасоого;
7) шайлоочулардын арасында үгүт жүргүзүүгө;
8) тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечимдерди кабыл алуусуна катышууга.
8. Коомдук байкоочулар өз статусун шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүүгө байланышпаган ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга укуксуз.
9. Коомдук байкоочу ушул конституциялык Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурда, тиешелүү шайлоо комиссиясы коомдук байкоочунун аккредитациясын артка чакыртып алууга укуктуу.";
5) 13-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-5-бөлүктөр менен толукталсын:
"3. Добуш берүүнү өткөрүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө үчүн шайлоо участкалары шайлоочулар үчүн эн жогорку ыңгайлуулуктарды түзүү максатында жергиликтүү жана башка шарттарды эске алуу менен түзүлөт.
4. Шайлоо участкалары тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 75 календардык күн калгандан кечиктирбестен, эреже катары, ар бир участкада 2500 шайлоочудан ашпаган эсепте түзүлөт. Шайлоо участкаларынын чек араларын башкаруу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тартиптин негизинде жүзөгө ашырылат.
5. Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча шайлоо участкаларынын схемасын жана чек араларын карайт жана бекитет жана алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен, аларды чек араларын жана даректерин көрсөтүү менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.";
6) 14-беренеде:
а) 6-бөлүгүндө "55" деген цифралар "80" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 7-бөлүгүндө:
- биринчи абзацында:
"шайлоочулардын тизмеси" деген сөздөр "шайлоочулардын алдын ала тизмеси" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"50" деген цифралар "70" деген цифраларга алмаштырылсын;
экинчи сүйлөмүндө "Шайлоочулардын" деген сөздөн кийин "алдын ала" деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи абзацында "шайлоочулардын" деген сөздөн кийин "алдын ала" деген сөздөр менен толукталсын;
- үчүнчү абзацында:
"45" деген цифралар "60" деген цифраларга алмаштырылсын;
абзац "кечиктирбестен" деген сөздөн кийин "алдын ала" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Участкалык шайлоо комиссияларына берилген шайлоочулардын алдын ала тизмелери добуш берүү күнүнө чейин 60 календарлык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына участоктор, райондор жана шаарлар боюнча, шайлоочунун туруктуу же болбосо иш жүзүндө жашаган жери, төрөлгөн жылы жөнүндө маалыматтарсыз, таанышуу жана көрсөтүлгөн маалыматтарды тиешелүү тактоо, тизмелердеги каталарды жана так эместиктерди аныктоо үчүн жайгаштырылат.".
7) 15-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
- бөлүк "шайлоочулардын" деген сөздөн кийин "алдын ала" деген сөздөр менен толукталсын;
- "45" деген цифралар "60" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 3-бөлүгүндө:
- биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ар бир шайлоочу шайлоочулардын алдын ала тизмесинде кандай болбосун каталар же так эместиктер табылган, ошондой эле өзү шайлоочулардын алдын ала тизмесинде жок болгон учурда, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен, аларды бышыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуу. Ушул арызды участкалык шайлоо комиссиясы токтоосуз Борбордук шайлоо комиссиясынын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясындагы тутумдук администраторуна шайлоочуну тизмеге киргизүү, каталарды же так эместиктерди оңдоо боюнча чараларды көрүү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна жиберүү үчүн берет.
Ушул арызга жоопту ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз берүүчү шайлоочулардын алдын ала тизмесине киргизилген, каталар же так эместиктер оңдолгон күндөн тартып 2 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясынын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясындагы тутумдук администраторуна жоопту андан ары шайлоочуга жөнөтүү үчүн жиберет.";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын;
"Тиешелүү участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күн мурда шайлоочулардын контролдук тизмелерин шайлоочулардын таанышуусу үчүн илүүгө милдеттүү.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күндөн кечиктирбестен, актуалдаштырылган, башкача айтканда жөнөтүлгөн күнгө карата шайлоочулар жөнүндө оңдолгон маалыматтарды камтыган шайлоочулардын контролдук тизмелерин Борбордук шайлоо комиссиясына жиберүүгө милдеттүү. Контролдук тизмелер тиешелүү шайлоо участогу боюнча тизмеге киргизилген шайлоочулардын фамилияларынан, аты-жөндөрүнөн, ошондой эле шайлоо участогунун номурунан тышкары башка маалыматтарды камтыбоого тийиш.";
г) 4-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун (ID картасынын), ал эми ал болбогондо - Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун, кызматтык же дипломатиялык паспортунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 5-бөлүгүндө:
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Борбордук шайлоо комиссиясы номерленген, көктөлгөн жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын тизмелерин (мындан ары - шайлоочулардын кагаздагы тизмелери) токтоосуз ачат жана эки нускада, тиешелүү участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берет. Мында ар бир шайлоо участогу боюнча биротоло тизменин кагаздагы экинчи нускасы биротоло тизмеге киргизилген шайлоочулардын жашаган жери жөнүндө маалыматтарды камтыбоого тийиш. Көрсөтүлгөн тизме Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өзүнүн расмий сайтына жайгаштырылат.";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"Тиешелүү участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүү күнүнө чейин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо участогунун шайлоочуларынын биротоло тизмелеринин кагаздагы экинчи нускасын шайлоо участогунда илүүгө милдеттүү.
Шайлоочулардын илинген биротоло тизмелерин шайлоочунун же байкоочунун фото-, көрмө тартып алуусу чектелүүгө жатпайт.";
8) 22-беренеде:
а) берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
"21. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 60 календарлык күн мурда жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жана башка жеткиликтүү ыкмалар менен шайлоочуларга шайлоочулардын тизмелери менен таанышуунун зарылдыгы жөнүндө маалымдоого милдеттүү. Мамлекеттик телерадио уюмдар, республикалык бюджеттен каржылануучу телерадио уюмдар жана санариптик берүүнүн социалдык пакетине кирген телерадио уюмдар Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоочуларга өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшерүүнүн зарылдыгы жөнүндө маалымдоо үчүн жетиштүү көлөмдө, акысыз эфирдик убакыт берүүгө милдеттүү.";
б) 9-бөлүгүнүн экинчи абзацынын биринчи сүйлөмүндө "митингдерде жана жалпыга маалымдоо каражаттары" деген сөздөрдөн кийин "митингдерде, жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле интернет-басылма" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 17-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "17. Эгерде көрсөтүлгөн адамдар ушул жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюштуруучулары же интернет-басылманын ээлери жана бир эле убакта талапкерлер же болбосо алардын өкүлдөрү болуп саналса, ушул конституциялык Мыйзамга ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынын журналисттерине, башка чыгармачыл кызматкерлерине, ошондой эле кызмат адамдарына маалыматтык теле- жана радио программаларын алып барууга, ушул жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылма аркылуу шайлоону чагылдырууга катышууга тыюу салынат.";
г) 18-бөлүгүндө "(тең уюштуруучулары" жана "жалпыга маалымдоо каражаттары" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "(тең уюштуруучулары, ээлери" жана "жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 19-бөлүгүндө:
- биринчи абзацы "каражаттары" деген сөздөн кийин "жана интернет-басылмалары" деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи абзацы "басма сөздө" деген сөздөрдөн кийин "же интернет-басылмада" деген сөздөр менен толукталсын;
е) 20-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Шайлоо өткөрүүдө берилген эфирдик убакытты, басылма аянтты же интернет-басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы, интернет-басылманын ээлик кылуучусу тарабынан аккредитация максатында шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш. Берилген маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан өзүнүн расмий сайтында, жалпы маалымдоо үчүн шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 25 календарлык күндөн кечиктирбестен жарыяланат.";
9) 25-беренеде:
а) аталышы "каражаттары" деген сөздөн кийин "жана интернет-басылма" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 1-бөлүгүндө:
- биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан расмий билдирүүлөрдү жана материалдарды, ченемдик жана башка актыларды жарыялоо үчүн гана уюштурулган басылмаларды кошпогондо, ушул конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 18-бөлүгүнүн колдонулушуна туш келген мезгилдүү басылма жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле интернет-басылма талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген материалдар үчүн тең шарттарда А4 өлчөмүндө бир беттен кем эмес акысыз басылма же тиешелүүлүгүнө жараша электрондук аянтын бөлүп берүүгө тийиш.";
- экинчи сүйлөмү "басма сөз" деген сөздөрдөн кийин "же интернет-" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Талапкерлерге, саясий партияларга басма же интернет аянттарын берген мезгилдүү басылмалар менчигинин түрүнө карабастан, ошондой эле шарттарда (баанын, көлөмдүн бирдейлиги жана башка шарттар) башка талапкерлерге, саясий партияларга басма же электрондук аянттарын берүүгө милдеттүү. Мында басма же электрондук аянтынын баасы шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашышы мүмкүн эмес.";
10) 27-беренеде:
а) 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Үгүт материалдарын жайгаштыруу максатында жашыл өсүмдүктөрдү, бак-дарактарды, тоонун боорлорун жана чокуларын жана дөбөлөрүн, башка табигый дөңсөөлөрдү кандай болбосун түрдө пайдаланууга жол берилбейт.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"8. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптар радио боюнча жүзөгө ашырылуучу шайлоо алдындагы үгүткө жайылтылбайт.";
11) 28-берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацы "талапкердин сүрөтүн" деген сөздөрдөн мурда "Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилүүчү тизмекке ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
12) 29-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Добуш берүү үчүн жайда монитор байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү көрүп контролдоону жүзөгө ашыруу үчүн жеткиликтүү жерге орнотулууга тийиш.";
13) 30-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Шайлоо бюллетени тыгыздыгы шайлоочунун койгон белгисин бюллетендин арт жагын көрүүгө мүмкүндүк бербей тургандай кагазга басылууга тийиш.";
14) 31-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- добуш берүү күнүндө оператордун ишин контролдоону жана аны менен бирдикте шайлоочулардын электрондук тизмесинде жарандарды идентификациялоону жүргүзүүчү;";
б) 2-бөлүгүндө:
- биринчи абзацында:
- абзац "мүчөлөрү" деген сөздөн кийин "идентификация боюнча жабдууну колдонуу менен," деген сөздөр менен толукталсын;
- абзац төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Шайлоочуну идентификациялоо аралыктан жана талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар шайлоочуну идентификациялоо жол-жобосун жана мониторду көрүп тургандай шартта жүргүзүлүүгө тийиш.";
- бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- бул шайлоо участогунда ошол учурда идентификациядан өткөрүлгөн жана идентификациядан өткөнү жөнүндө чек алган шайлоочулардын саны;";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- идентификациядан өтүп жаткан шайлоочунун фото сүрөтү;";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"Жабдуу ушул шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын биротоло тизмесине кирген шайлоочуну идентификациялай албаган жана идентификациядан өткөнү жөнүндө чек бербеген ар бир учурда, эгерде идентификациялоо боюнча бир нече ирет көрүлгөн чаралар натыйжа бербесе, шайлоо комиссиясынын идентификациялоо процессин контролдоого жооптуу мүчөсү комиссиянын төрагасына билдирет, андан кийин жабдуунун идентификациялай албаганы жөнүндө эки нускада акт түзөт. Актыга шайлоо комиссиясынын идентификациялоо процессин контролдоого жооптуу мүчөсү, оператор жана тиешелүү шайлоочу кол коёт. Бир нускасы шайлоочуга тапшырылат, ал эми экинчи нускасы шайлоо комиссиясында калат, шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин шайлоо комиссиясы бул актыларды чара көрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жиберет. Мында шайлоочу добуш берүүгө киргизилбейт.
Шайлоочуга чек бербестен шайлоо бюллетенин берген учурда тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү мыйзамдарда каралган жоопкерчиликти тартат.";
в) 3-бөлүгүндө:
- биринчи сүйлөмү "каттайт" деген сөздөн кийин ", шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтин сериясы жана номуру коюлат жана шайлоо бюллетенин бергени жөнүндө ага кол коёт" деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи сүйлөмү алып салынсын;
г) 6-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү алып салынсын;
д) 7-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Добуш берүү үчүн үкөктөр добуш берүү үчүн атайы жабдылган эң жакынкы кабинадан бир жарым метрден ашпаган аралыкта, добуш берүү үчүн жайда турган адамдар бюллетендеги белгини көрүп биле албай тургандай жайгаштырылууга тийиш.";
е) 11-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү сүйлөмдөр менен толукталсын: "Автоматтык түрдө эсептөөчү урнага бюллетенди таштоонун эрежелеринен кыйналган шайлоочунун өтүнүчү боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири же техникалык адис чакырылган учурларды кошпогондо, добуш берүү үчүн үкөктүн жанында шайлоо бюллетенин таштап жаткан шайлоочудан башка адамдардын болушуна тыюу салынат. Добуш берүү үчүн жайда турган адамдарга добуш берүү үчүн үкөктү далдалоого же ага байкоо жүргүзүүгө башка ыкма менен тоскоолдук кылууга тыюу салынат.";
ж) 12-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Добуш берүү үчүн жайга киргизүү талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн байкоо жүргүзүүсүнө шайлоочулар топтолушуп, тоскоолдук кылбай тургандай жүргүзүлүүгө тийиш.";
з) берене төмөнкүдөй мазмундагы 16-бөлүк менен толукталсын:
"16. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүүнүн жана автоматтык түрдө саноочу урналарды пайдалануунун тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.";
15) 33-беренеде:
а) 2-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү "бир календардык күн калганда" деген сөздөрдөн кийин "саат 8ден 20га чейинки мезгилде" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Шайлоочуга келгенден кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү анын биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча идентификациялоону оператор менен бирдикте жүргүзөт. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү ага чектин ордуна шайлоо бюллетенин берет. Шайлоо бюллетендерин бергенде участкалык шайлоо комиссиясынын чүчү кулак менен аныкталган мүчөсү шайлоочуну шайлоочулардын кагаздагы тизмесинде каттайт, шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документтин сериясын жана номурун коет жана ага шайлоо бюллетинин бергени жөнүндө кол коёт. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазманын тууралыгын текшерет жана шайлоочулардын кагаздагы тизмесине кол коёт.";
в) 9-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Жайдан тышкары добуш берүүнүн аякташы боюнча добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдүн көзөнөктөрү участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы жана башка мүчөлөрү, байкоочулар тарабынан кол коюлган, А4 форматындагы мөөр басылган барак менен бекитилет (пломбаланат) жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Көчмө укөктөр сейфте (шкафта) сакталат, ал мөөр басылып кошумча бекитилет (пломбаланат).
Жайдан тышкары добуш берүүнүн аяктаганы тууралуу акт түзүлөт, анда добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө арыздардын саны, добуш берген шайлоочулардын саны, берилген шайлоо бюллетендеринин саны, берилген чектердин саны, пайдаланылбаган бюллетендердин саны жана кайтарылган бузулган бюллетендердин саны тууралуу маалыматтар камтылат, ага участкалык шайлоо комиссиясынын катышкан бардык мүчөлөрү, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар кол коёт. Акт түзүүдө катышкан ар бир адамга актыга кол коюлгандан кийин токтоосуз анын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилет.";
16) 35-беренеде:
а) 6-бөлүгүндө:
- биринчи абзацынын экинчи сүйлөмүндө "пломбалардын жана мөөрлөрдүн" деген сөздөр "пломбалардын, мөөрлөрдүн жана участкалык комиссиянын мүчөлөрү, көчмө үкөктөрдү мөөрлөп бекитүүдө катышкан адамдар койгон колдордун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацынын биринчи сүйлөмү "ушул көчмө үкөктү" деген сөздөрдөн кийин "жана берилген чектерди" деген сөздөр менен толукталсын;
- үчүнчү абзацынын биринчи сүйлөмү "алынган шайлоо бюллетендеринин" деген сөздөрдөн кийин "жана берилген чектердин" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 8-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз эсептөөнүн алдында участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы автоматтык эсептөөчү урналар боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялайт, бул жөнүндө өзүнчө акт түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго тиркелет жана участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышкан мүчөлөрүнүн, саясий партиялардын талапкерлеринин өкүлдөрүнүн, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн алдында жарыя кылынат.
Автоматтык эсептөөчү урналар добуш берүүнүн бүткүл мезгилинде добуш берүүнүн купуялуулугунун ачылышына жол бербөөгө жана зымдуу жана зымсыз тарамдарга кошулбоого тийиш. Автоматтык эсептөөчү урналардан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды алуу добуш берүү күнү саат 20дан кийин, бирок саат 21ден кечиктирбестен участкалык шайлоо комиссиясынын чечими боюнча жүзөгө ашырылат. Автоматтык эсептөөчү урналардын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн отчеттору, мөөр менен күбөлөндүрүлгөн идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтык отчеттор добуш берилүүчү жайда турган саясий партиялардын талапкерлеринин бардык өкүлдөрүнө, байкоочуларга берилет.";
в) 11 -бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндө "уккандай же" деген сөздөр "уккандай жана" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 16-бөлүгүнүн экинчи абзацында:
- биринчи сүйлөмү "шайлоочулардын тизмелери" деген сөздөрдөн кийин ", чектер, автоматтык эсептөөчү урналардын отчеттору, идентификация боюнча баштапкы жана жыйынтык отчет" деген сөздөр менен толукталсын;
- бешинчи сүйлөмү "шайлоочулардын тизмесин" деген сөздөрдөн кийин ", чектерди, автоматтык эсептөөчү урналардын отчетторун, идентификация боюнча баштапкы жана жыйынтык отчетту" деген сөздөр менен толукталсын;
д) 19-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюлгандан кийин, анын биринчи нускасы, шайлоо бюллетендерин кошуп алганда шайлоо документтери, шайлоочулардын тизмелери, арыздар (даттануулар), алар боюнча кабыл алынган чечимдер, участкалык шайлоо комиссиясы түзгөн актылар, автоматтык эсептөөчү урналардын отчеттору, идентификация боюнча баштапкы жана жыйынтык отчет менен бирге участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан добуш берүү күнүнөн кийинки күндөгү таңкы саат 6дан кечиктирбестен, токтоосуз талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн коштоосунда аймактык шайлоо комиссиясына жеткирилет.
Тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталуучу чет мамлекеттердин аймагында же алыскы жерлерде турган шайлоо участокторунун участкалык шайлоо комиссиялары ушул бөлүктө көрсөтүлгөн документтерди жеткирүүнү Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген мөөнөттөрдө жүзөгө ашырат.";
е) 23-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү участкалык шайлоо комиссияларынын кире беришиндеги такталарга токтоосуз илинет.
Шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмеси же анын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү 3 календардык күндөн кечиктирбестен участкалык шайлоо комиссияларынын кире беришиндеги такталарга илинет.";
17) 36-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.";
18) 37-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны шайлоочулардын тизмесинде шайлоо бюллетендерин алганы жөнүндө шайлоочулар койгон колдордун саны, ал эми кошумча контролдоо зарыл болгондо - ошондой эле идентификациядан өткөнү жөнүндө чектер боюнча аныкталат.";
19) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 371-берене менен толукталсын:
"37-1-берене. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялоонун тартиби
1. Ар бир шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөнүнө жараша анын расмий сайтына токтоосуз жайгаштырылат, алар юридикалык мааниге ээ болбогон алдын ала маалымат болуп саналат.
2. Ар бир шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор добуш берүү күнүнөн тартып 18 календарлык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат.
3. Шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмелери добуш берүү күнүнөн тартып 5 календарлык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат.
4. Аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдору добуш берүү күнүнөн тартып 19 календарлык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат.";
20) 44-берене төмөнкүдөй мазмундагы 13-бөлүк менен толукталсын:
"13. Талаш-тартыштарды кароо менен байланышкан материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталууга тийиш.";
21) 45-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Талаш-тартыштарды кароо менен байланышкан материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталууга жатат.";
22) 46-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
- "тиешелүү" деген сөз "Борбордук" деген сөзгө алмаштырылсын;
- "же сот" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүгүндө:
- 7-пунктунда "анын өкүлдөрүнүн, ошондой эле талапкердин жакын туугандарынын" деген сөздөр "анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ишенимдүү адамдарынын, байкоочулардын, ошондой эле жакын туугандарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) талапкерге карата соттун айыптоо өкүмүнүн күчүнө кириши.";
в) 3-бөлүгүнүн 6-пунктунда "же аткаруу органынын, кызматкерлеринин же өкүлдөрүнүн" деген сөздөр ", аткаруу органынын кызматкерлеринин, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, саясий партиянын ишенимдүү адамдарынын, саясий партиянын атынан чыккан байкоочулардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
23) 48-берененин 1-бөлүгүндө "ноябрь" деген сөз "октябрь" деген сөзгө алмаштырылсын;
24) 51-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"51-берене. Президенттин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо
1. Президенттин кызмат ордуна талапкер Өкмөт тарабынан бекитилген, мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык "Ортодон жогору" деңгээл катары мүнөздөлүүчү, карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш. Тилди билүүнүн деңгээли белгиленген үлгүдөгү сертификат (мындан ары - мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат) менен ырасталат.
2. Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүү чөйрөсүндөгү мекеме тарабынан тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча берилет.
3. Президенттин кызмат ордуна талапкердин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты Борбордук шайлоо комиссиясына бербегени каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.";
25) 53-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) ушул конституциялык Мыйзамдын 51-беренесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат.";
б) 4-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндө "миң" деген сөз "он миң" деген сөздөргө алмаштырылсын;
26) 54-беренеде:
а) 2-бөлүгүндө:
- 1-пунктта "15000" деген цифралар "150000" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 2-пунктта "50000" деген цифралар "500000" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 3-пунктта "50" деген цифралар "500000" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 4-пунктта "5000" деген цифралар "500000" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
27) 59-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоолор Президент тарабынан добуш берүү күнүнө 100 календардык күн калгандан эрте эмес жана 90 календардык күн калгандан кеч эмес дайындалат. Учурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт аяктаган айдын биринчи жекшемби күнү добуш берүү күнү болуп саналат. Жогорку Кеңеш шайланган конституциялык мөөнөт ал шайланган күндөн тартып эсептелет. Добуш берүүнүн натыйжасында ал ыйгарым укуктуу курамда шайланган күн Жогорку Кеңештин шайланган күнү болуп саналат.";
28) 60-берененин 3-бөлүгүндө:
- биринчи абзацында "120" деген цифралар "75" деген цифраларга алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацында "кем болбоосун" деген сөздөрдөн кийин ", мында алардын ичинен кеминде 5 талапкер алгачкы 65 талапкердин тизмесине киргизилиши керек" деген сөздөр менен толукталсын;
- бешинчи абзацында "улуттарга" деген сөз "этносторго" деген сөзгө алмаштырылсын, "кем болбоосун" деген сөздөрдөн кийин ", мында алардын ичинен кеминде 5 талапкер алгачкы 65 талапкердин тизмесине киргизилиши керек" деген сөздөр менен толукталсын;
29) 61-беренеде:
а) 8-бөлүгүндө "күбөлөндүрүлгөн" деген сөз алып салынсын;
б) 10-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Талапкерлердин тизмесинде турган талапкер кандай болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен, бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берүү менен, шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде, талапкерлердин тизмесин каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү талапкерлердин тизмесинен талапкерди чыгарып салуу тууралуу чечим кабыл алууга милдеттүү.
Саясий партия кандай болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 5 календардык күн калгандан кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө тиешелүү арыз берүү менен, айрым талапкерлерди катталган тизмеден чыгарып салууга укуктуу. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде, талапкерлердин тизмесин каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү талапкерлердин тизмесинен талапкерди чыгарып салуу тууралуу чечим кабыл алат.
Саясий партия кандай болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 10 календардык күн калгандан кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө тиешелүү арыз берүү менен, талапкерлердин тизмесин чакыртып алууга жана шайлоого катышуудан баш тартууга укуктуу. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү талапкерлердин тизмесин каттоо тууралуу чечимди жокко чыгарууга милдеттүү.";
в) расмий тилдеги тексттин 11-бөлүгүндө "чем на 5 календарный день" деген сөздөр "5 календарных дней" деген сөздөргө алмаштырылсын;
30) 64-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда, 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында жана 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында "7" деген цифра "9" деген цифрага алмаштырылсын;
31) 65-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
- экинчи абзацында "талапкерлердин тизмеси боюнча мандаттарды бөлүштүрүүнүн натыйжасында шайланган депутат" деген сөздөр "депутат болуп шайланган талапкер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан катталган саясий партиянын талапкерлеринин тизмесинде турган талапкер добуш берүүдөн кийин депутаттык мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз талапкер тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен форма боюнча толтурулууга, нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө жана талапкердин жеке өзү тарабынан берилүүгө тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу тууралуу чечим кабыл алат. Талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө арыз Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу тууралуу чечимди кабыл алганга чейин чакыртып алынышы мүмкүн.";
б) 3-бөлүгү "анын мандаты" деген сөздөрдөн кийин "ушул берененин 4-1-бөлүгүнүн талаптарын эске алуу менен" деген сөздөр менен толукталсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 41-бөлүк менен толукталсын:
"41. Депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын мандаты катталган кийинки талапкерге төмөнкүдөй берилет:
1) аял жынысындагы депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда, аял жынысындагы талапкерлердин ичинен;
2) эркек жынысындагы депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда, эркек жынысындагы талапкерлердин ичинен.
Талапкерлердин тизмесинде тиешелүү жыныстагы көрсөтүлгөн адамдар болбогон учурда, депутаттын мандаты кезек боюнча ошол эле тизмедеги кийинки талапкерге берилет.";
32) 66-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү ушул конституциялык Мыйзамдын 1-беренесинин 30-пунктун жана 31-пунктунун "в" пунктчасын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 6-июнунда N 67-68 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:
- өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул конституциялык Мыйзамдан келип чыккан зарыл ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |