Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 23-майы № 84
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Билим берүү жөнүндө, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 26-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин бешинчи-жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"аккредитация - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган талаптардан жана критерийлерден төмөн эмес белгиленген талаптарга жана критерийлерге билим берүү уюмунун же билим берүү программаларынын ылайыктуулугун таануу максатында билим берүү уюмунун сапатынын деңгээлин бүтүндөй же анын айрым бир билим берүү программаларын баалоонун жол-жобосу;
институционалдык аккредитация - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган талаптардан жана критерийлерден төмөн эмес белгиленген талаптарга жана критерийлерге анын ылайыктуулугун таануу максатында билим берүү уюмунун сапатынын деңгээлин баалоонун жол-жобосу;
программалык аккредитация - тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынан төмөн эмес белгиленген талаптарга жана критерийлерге алардын ылайыктуулугун таануу максатында билим берүү программаларынын сапатынын деңгээлин баалоонун жол-жобосу;";
2) 5-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-берене. Мамлекеттик билим берүү стандарттары
Кыргыз Республикасында билим берүүнүн бардык деңгээлдерине төмөнкүдөй мамлекеттик билим берүү стандарттары белгиленет: мектепке чейинки билим берүү, жалпы башталгыч, жалпы негизги, жалпы орто билим берүү, башталгыч кесиптик билим берүү жана орто кесиптик билим берүү, жогорку кесиптик билим берүү.
Мамлекеттик билим берүү стандарттары билим берүүнүн принциптерин, түзүмүн, билим алуучулардын окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмүн, бүтүрүүчүлөрдү окутуунун ар түрдүү деңгээлинде даярдоонун деңгээлине жана алар тарабынан алынуучу компетенттүүлүккө карата талаптарды аныктайт.
Мамлекеттик стандарт билим алуучуларга берилген билимдин сапатын баалоону өткөрүү үчүн негиз болуп саналат.
Мамлекеттик билим берүү стандарттары менчигинин формасына жана ведомстволук таандыктуулугуна карабастан, бардык билим берүү уюмдары тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат.
Мектепке чейинки жана мектептик билим берүү деңгээлиндеги мамлекеттик билим берүү стандарттары, ошондой эле кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлдери үчүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын макеттери, жалпы билим берүү мектептери үчүн предметтик стандарттар жана кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлдери үчүн даярдоо багыты боюнча жана адистик боюнча стандарттар Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Жождон кийинки кесиптик медициналык билим берүү боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттары Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Мамлекеттик билим берүү стандарттарын кайра кароо жана жаңылоо 5 жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.";
3) 40-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Билим берүү ишин лицензиялоо, билим берүү уюмдарын жана программаларды аккредитациялоо, окуп жаткандарды тестирлөө";
б) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мектепке чейинки, жалпы башталгыч, жалпы негизги, жалпы орто жана мектептен тышкаркы билим берүү программаларын ишке ашырып жаткан мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынан тышкары билим берүү уюмдары билим берүү программаларын ишке ашырууну тиешелүү лицензияларды алгандан кийин гана башташат.";
в) 6 жана 7-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын ырастоо максатында билим берүү уюмдары аккредитациялык агенттиктерден институционалдык жана (же) программалык аккредитациялоодон өтүшөт.
Мында негизги жана жалпы орто билим берүү, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында институционалдык же/жана программалык аккредитациялоодон өтө алышат.
Менчигинин формасына жана ведомстволук таандыктуулугуна карабастан, билим берүү уюмдарын аккредитациялоо алардын иши Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарында белгиленген тартипте таанылган аккредитациялык агенттиктер тарабынан же билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан 5 жылдык мөөнөткө алардын жазуу жүзүндөгү арыздарынын негизинде жүзөгө ашырылат.";
г) 14-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аккредитациялануучу уюм тарабынан көрсөтүлүүчү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда, аккредитациялоону өткөрүп жаткан аккредитациялык агенттик же билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган билим берүү уюмун аккредитациялоодон баш тартат.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-берененин 56-пунктунда:
а) "билим берүү мекемелеринен" деген сөздөр "билим берүү уюмдарынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) пункт "жалпы орто билим берүү" деген сөздөрдөн кийин ", мектептен тышкаркы билим берүү" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 30-майында № 65 (2790) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 23-майы № 84
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Билим берүү жөнүндө, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2017-жылдын 26-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
(КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 1030-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-берененин 56-пунктунда:
а) "билим берүү мекемелеринен" деген сөздөр "билим берүү уюмдарынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) пункт "жалпы орто билим берүү" деген сөздөрдөн кийин ", мектептен тышкаркы билим берүү" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 30-майында № 65 (2790) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |