Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 25-майы № 90
"Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 12-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 3, 97-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча "статья" деген сөз "берене" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) преамбула күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында китепкана ишин сактап калуунун жана өнүктүрүүнүн укуктук базасы болуп саналат жана адамдын, коомдук бирикмелердин, элдердин жана этностук жалпылыктардын маалыматка эркин ээ болууга, рухий эркин өнүгүүгө, улуттук жана дүйнөлүк маданияттын баалуулуктарына аралашууга, ошондой эле маданий, илимий жана билим берүү иштерине эркин жетишүү укугуна кепилдик берүүчү китепкана ишинин принциптерин белгилейт.
Ушул Мыйзам эл аралык укуктун принциптерине жана ченемдерине ылайык китепкана ишин уюштуруунун жалпы маселелерин, китепкана иши жаатында мамлекеттин, жарандардын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ортосундагы өз ара мамилелерди жөнгө салат.";
4) 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 11-берене менен толукталсын:
"11-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
китепкана - басма жана кол жазма документтердин, графикалык, аудиовизуалдык материалдардын, электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү документтердин уюштурулган фондусу бар жана аны жеке жана юридикалык жактарга убактылуу пайдаланууга берүүчү мекеме;
китепкана фонду - калкты китепканалык тейлөө максатында эсепке алууга, комплектөөгө, сактоого жана пайдаланууга тийиш болгон, уюштуруучулук жана функционалдык жактан өз ара байланышкан, ар кандай багыттагы жана статустагы документтердин тартипке келтирилген жыйындысы;
китепкана иши - милдеттерине китепкана тармактарын түзүү жана өнүктүрүү, алардын фонддорун түзүү жана иштетүү, китепканалардын пайдалануучуларын китепканалык, маалыматтык жана маалымдама-библиографиялык тейлөөнү уюштуруу, китепканаларды өнүктүрүүнү илимий жана методикалык камсыз кылуу кирген маалыматтык, маданий-агартуучулук жана билим берүү иштеринин тармагы;
документ - сактоо жана коомдук пайдалануу максатында текст, үн жазуу же сүрөттөө түрүндө маалымат түшүрүлгөн, убакыт жана мейкиндикте берүүгө багытталган материалдык объект;
китеп эстеликтери - өтө жогорку рухий, материалдык баалуулуктагы, аларга карата эсепке алуунун, сактоонун жана колдонуунун өзгөчө режими белгиленген тарыхый, илимий, маданий өзгөчө маанидеги кол жазма китептер же басылмалар;
жалпыга жеткиликтүү китепкана - жашына, жынысына, улутуна, тилине, билимине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, динге болгон мамилесине, ишенимине, коомдук бирикмелерге таандыктуулугуна карабастан жеке жактарга, ошондой эле уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан юридикалык жактарга анын кызмат көрсөтүүлөрүнөн, өздүк жана башка маалыматтык ресурстарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүүчү китепкана;
китепканадан пайдалануучу - китепкана кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучу жеке же юридикалык жак;
адистештирилген китепкана - ар кандай алып жүрүүчүлөргө Брайл шрифтиси жана чоңойтулган шрифт менен алынган документтерден, ошондой эле электрондук документтерден турган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды тейлеген китепкана;
электрондук китепкана - электрондук документтердин ар түрдүү коллекцияларынын сакталышын жана натыйжалуу колдонулушун камсыз кылуучу, системанын өзүндө жайгашкан жана телекоммуникациялык тармактар аркылуу жеткиликтүү болгон маалыматтык система;
электрондук документ - маалымат электрондук-санариптик формада берилген документ.";
5) 2-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-берене. Китепкана иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Китепкана иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары "Маданият жөнүндө", "Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө", "Маалыматташтыруу жөнүндө", "Тарыхый-маданий мурасты пайдалануу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле ушул Мыйзамды жана ага ылайык кабыл алынган китепкана иши жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларын камтыйт.";
6) 4-берененин 2-бөлүгүнүн онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык эл аралык уюмдар тарабынан уюштурулган китепканалар.";
7) 7-беренеде:
а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Китепканалардын фондуларына жеткиликтүүлүк тартиби, негизги кызмат көрсөтүүлөрдүн жана китепканалардын аларды көрсөтүү шарттарынын тизмеги китепканалардын уставдарына, мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө мыйзамдарга, автордук жана чектеш укуктар жөнүндө мыйзамдарга жана тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу тууралуу мыйзамдарга ылайык белгиленет.";
б) 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүк алуу;";
8) 8-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Улуттук азчылыктардын өкүлдөрү алардын тилинде китепкана фонду бар болсо, аны пайдаланууга укуктуу.
Көрүү боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жалпыга жеткиликтүү жана атайын адистештирилген китепканаларда тейленүүгө укугу бар. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү китепканалардын имараттарынын жеткиликтүүлүгү жана тейлөөнүн ыңгайлуулугу боюнча шарттарды түзүүгө милдеттүү.";
9) 4-главанын аталышы "мамлекеттин" деген сөздөн кийин "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
10) 14-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары китепкана ишинде заманбап маалыматтык жана телекоммуникациялык инфратүзүмдү камсыз кылат жана бардык деңгээлдеги китепканаларда телекоммуникациялык технологиялардын жогорку деңгээлин камсыз кылуу үчүн аларга тең мүмкүнчүлүктөрдү беришет.";
11) 15-беренеде:
а) 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"китепкана фонддорун комплектөөгө жана мезгилдүү жана улануучу басылмаларга жазылууга Улуттук жана республикалык китепканаларды кепилденген максаттуу каржылоону жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин сметасында өзүнчө корголгон берене менен мамлекеттик каржылоону камсыз кылууну;";
б) 2-бөлүгүндө:
- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"китепкана фонддорун комплектөөнү, мамлекеттик областтык, шаардык, райондук жана айылдык китепканалардын фонддорунун сакталышын жана мезгилдүү басылмаларга жазылууну кепилденген максаттуу каржылоо;";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"китепкана ишин өнүктүрүүнүн региондук жана жергиликтүү программаларын ишке ашырууну.";
12) 17-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Китеп эстеликтери улуттук китепкана фондунун өзгөчө баалуу бөлүгү болуп саналат, китеп эстеликтеринин реестринде катталууга тийиш. Документтерди китеп эстелигине киргизүүнүн тартиби, китеп эстеликтерин китеп эстеликтеринин реестринде каттоо жана китеп эстеликтеринин реестрин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
13) 18-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-бөлүктөр менен толукталсын:
"Өзгөчө баалуу жана сейрек документтерди, басылмаларды жана коллекцияларды камтыган Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фонду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарыхый-маданий мурастын объектиси болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын базасында фонддордун сакталышын камсыз кылуу жана коомдук пайдалануу үчүн Улуттук электрондук китепкана түзүлөт.";
14) 19-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-берене. Китепканалык тейлөөнү координациялоону жана кооперациялоону камсыз кылууга мамлекеттин катышуусу
Китепканадан пайдалануучулардын маалыматка болгон керектөөлөрүн кыйла толук канааттандыруу, китепкана фонддорун сарамжалдуу пайдалануу үчүн мамлекет алардын ресурстарын өз ара пайдаланууга түрткү берет. Бул максатта мамлекеттик бийлик органдары мамлекеттик, анын ичинде борбордук китепкананын функциясын аткаруучу китепканаларды алардын ресурстарын (китепканалар аралык абонементти, жыйынды каталогдорду, маалыматтардын автоматташтырылган базаларын, депозитарийлерди) өз ара пайдалануу үчүн шарттарды түзүү боюнча ишин каржылайт.
Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу үчүн китепканалар илимий-техникалык маалыматтар мекемелери, архивдер, ар кандай деңгээлдеги маалыматтык базасы бар башка ишканалар жана уюмдар менен өз ара аракеттенишет. Алардын өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Китепканалардын ишин координациялоо максатында Ведомстволор аралык китепканалык кеңеш түзүлөт, ал китепканаларды өнүктүрүүнүн стратегиясы, китепканалык улуттук программа, китепканалардын ишин координациялоо, китепкана ишинин эң маанилүү маселелери менен иштөөгө чакырылган эксперттик жана консультациялык орган болуп саналат.
Ведомстволор аралык китепканалык кеңештин иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.";
15) .20-беренеде:
а) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Китепкана пайдалануучуларына документтердин универсалдуу жыйнактарын түзүүнү, сактоону жана берүүнү жүргүзгөн, китепкана ресурстарын өз ара пайдаланууну уюштурууну жүзөгө ашырган жана башка китепканаларга методикалык жардамдарды көрсөткөн китепканаларга (областтык, шаардык, райондук) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте "борбордук" статусу ыйгарылат.
Борбордук китепкананын функцияларын төмөнкүлөр аткарышат:
областта - областтык китепкана;
шаарда - борбордук шаардык китепкана;
райондо - борбордук райондук китепкана";
б) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары борбордук китепканалардын жетекчилигинде турган региондордун борборлоштурулган китепкана системасынын курамына кирген, баштапкы звенодон - айылдык жана шаардык китепканалардан - филиалдардан турган, өз кезегинде ушул региондордун областтык китепканалары менен бириккен, жалпы пайдалануудагы китепканалардын бирдиктүү тармагын сактап калууну камсыз кылышат.";
16) 23-беренеде:
а) берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"Китепканаларды алардын иштөө шарттарын начарлата турган жайларга которууга тыюу салынат. Китепкана жайгашкан жай башка уюмдарга өткөрүп берилген учурда, мамлекеттик бийлик органдары китепканага ага теңдеш жай берүүгө жана китепкана фонддорун жана китепкананын жабдууларын көчүрүүнү каржылоону камсыз кылууга милдеттүү.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 8 жана 9-бөлүктөр менен толукталсын:
"Айыл жеринде жайгашкан китепкананы кайрадан уюштуруу же жоюу жөнүндө чечимдер, ушул айыл жеринин жашоочуларынын пикирин эске алуу менен жана тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын пикирин эске алуу менен гана кабыл алынат.
Айыл жеринде жайгашкан китепкана жоюлган учурда, жоюучу комиссиянын курамына жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү жана тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү кирет.";
17) 24-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Китепканаларды материалдык-техникалык камсыз кылууну начарлатууга, аларды эмгекти коргоо талаптарына, маалыматтык-китепкана фонддорун сактоо ченемдерине жана шарттарына ылайык келбеген жайларга которууга жол берилбейт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |