Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 30-майы № 93
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
2017-жылдын 20-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 4, 347-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
21-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
"12) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишин камсыз кылуу үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү бир жыл ичинде бир миллион сомго чейин сатып алганда.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 9-июнунда № 69-70 (2794-2795) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |