Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 30-майы № 94
"Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 20-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин тоо" газетасы, 1992-жылдын 4-августу, № 99) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-5-бөлүктөр менен толукталсын:
"Мезгилдүү басылманын өзүнчө номеринин нускасы же нускасынын бир бөлүгү, телеканалдын, радиоканалдын, радиопрограмманын, телепрограмманын, кинохроникалык программанын, программанын уктурма- же көрсөтмө жазылмаларынын нускасы же нускасынын бир бөлүгү, башка массалык маалымат каражатынын өзүнчө чыгарылышы массалык маалымат каражаттарынын продукциясы деп түшүнүлөт.
Мезгилдүү басылманы сатуу, жазылуу, жеткирүү, таратуу, программанын уктурма-же көрсөтмө жазылмалары, телеканалды, радиоканалды берүү (телекөрсөтүү, радио берүү), тиешелүүлүгүнө жараша телеканалдын, радиоканалдын курамында телепрограмманы, радиопрограмманы берүү, кинохроникалык программаны көрсөтүү, таратуунун башка ыкмалары массалык маалымат каражаттарынын продукциясын таратуу деп түшүнүлөт.
Редакциядан тышкары массалык маалымат каражаттарынын продукциясын таратуучусу редакция, анын ыйгарым укуктуу адамы, басып чыгаруучу менен келишим боюнча же башка мыйзамдуу негиздерде кандай гана болбосун жеке же юридикалык жак боло алат.";
2) 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Массалык маалымат каражаттарынын өндүрүштүк-чарбалык иши
Массалык маалымат каражаттарынын иши алардын продукцияларын сатуунун жана башка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебинен, ошондой эле уюштуруучулардын, демөөрчүлөрдүн каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка түшүүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат.
Массалык маалымат каражаттарын жашыруун булактардан финансылоо максатында акча каражаттарын жана башка мүлктү алууга тыюу салынат.";
3) 5-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-статья. Массалык маалымат каражаттарын уюштуруу укугу
Массалык маалымат каражаттарын уюштуруу укугу Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына таандык.
Телекөрсөтүү чөйрөсүндөгү массалык маалымат каражаттары Кыргыз Республикасынын граждандарына жана (же) телекөрсөтүүнү жүзөгө ашыруучу маалымат каражаттарына ээлик кылган юридикалык жактын (телекөрсөтүү уюмунун) уставдык капиталындагы акцияларынын (үлүштөрүнүн) кеминде 65 пайызына чет элдик катышуусу жок юридикалык жактарга таандык болгон учурда гана түзүлүшү жана өз ишин жүзөгө ашырышы мүмкүн.
Төмөнкүлөр уюштуруучу боло албайт:
- он сегиз жашка жете элек же болбосо соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерлерде жазасын өтөп жаткан же сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган Кыргыз Республикасынын гражданы;
- сот тарабынан мыйзамга ылайык иштөөгө тыюу салынган юридикалык жактар.
Массалык маалымат каражаты ушул статьяда белгиленген талаптарга жооп берген бир, же бир нече уюштуруучу тарабынан түзүлүшү мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик органдардын юридикалык жактар жана граждандар менен бирге массалык маалымат каражаттарын түзүүсүнө жол берилбейт.";
4) 15-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-статья. Массалык маалымат каражаттарынын маалыматтарды алуу укугу
Массалык маалымат каражаттарынын органдары массалык маалыматтарды издөөгө, алууга, чыгарууга жана таратууга укуктуу.
Мамлекеттик органдардын, коомдук бирикмелердин жана кызмат адамдарынын карамагындагы маалыматтарды берүү тартиби маалыматка жетүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык жөнгө салынат.".
2-берене.
1. Ушул Мыйзамга ылайык массалык маалымат каражаттарынын уюштуруучусу катары чыга албаган, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан массалык маалымат каражаттарынын уюштуруучусу болуп саналган адамдар ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып, бир жылдын ичинде массалык маалымат каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аларды ээликтен ажыратууну жүргүзүүгө милдеттүү.
2. Уюштуруучуларынын, уставдык капиталында үлүштөргө ээ жактардын курамы өзгөргөнүнө байланыштуу кайра каттоодон өтпөгөн массалык маалымат каражаттары ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып, бир жылдын ичинде белгиленген тартипте массалык маалымат каражаттарын каттоо функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдын тиешелүү арызынын негизинде соттук тартипте жоюлууга жатат.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 9-июнунда № 69-70 (2794-2795) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |
КР 2025-жылдын 6-августундагы N 188 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ