Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 6-июну № 98
Ишкердик ишти коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2017-жылдын 26-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3041-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "үч жылга чейинки мөөнөткө же андай кылбастан" деген сөздөр "мамлекеттик контролдоочу органдарда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
(КР 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-бөлүгүндө "3 жыл бою" деген сөздөр алып салынсын;
- 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ишкердик субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар жөнүндө текшерүүлөрдүн натыйжалары сот тартибинде тастыкталбаганда жана текшерүү жүргүзгөн кызмат адамынын күнөөсү сот тартибинде белгиленгенде аны ээлеген кызмат ордунан бошотууга алып келет.";
- 5-бөлүгү "кызмат адамдары" деген сөздөрдөн кийин "жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар" деген сөздөр менен толукталсын.
5-берене.
"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-бөлүгүндө "колдонуудагы мыйзамга ылайык" деген сөздөр "алардын күнөөсү сот тартибинде белгиленген учурдан тартып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда кандайдыр бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.
- берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Ишкердик субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар жөнүндө текшерүүлөрдүн натыйжалары сот тартибинде тастыкталбаганда жана текшерүү жүргүзгөн кызмат адамынын күнөөсү сот тартибинде белгиленгенде аны ээлеген кызмат ордунан бошотууга алып келет.".
6-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 13-июнунда № 71 (2796) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |