Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 27-июну № 109
Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө
2017-жылдын 25-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагынын Максат калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагынын Максат айылы деп аталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Лейлек районундагы Ак-Суу айыл аймагынын Жезкен калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Лейлек районундагы Ак-Суу айыл аймагынын Жезкен айылы деп аталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагынын Коткор калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагынын Коткор айылы деп аталсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош областынын Кара-Суу районундагы Сарай айыл аймагынын Ак-Өргөө калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош областынын Кара-Суу районундагы Сарай айыл аймагынын Ак-Өргөө айылы деп аталсын.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош областынын Ноокат районундагы Найман айыл аймагынын Улуу-Тоо калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Ош областынын Ноокат районундагы Найман айыл аймагынын Улуу-Тоо айылы деп аталсын.
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагынын Максат жана Ак-Суу айыл аймагынын Жезкен, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл аймагынын Коткор, Кыргыз Республикасынын Ош областынын Кара-Суу районундагы Сарай айыл аймагынын Ак-Өргөө жана Ноокат районундагы Найман айыл аймагынын Улуу-Тоо жаңы түзүлгөн айылдарынын чек араларынын баяндалышы бекитилсин.
7-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-июлунда № 78 (2803) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |