Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 16-июнундагы № 119 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 28-июну № 110
"Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 25-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 420-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) 1-бөлүгү "УИАнын мүчөлөрүн" деген сөздөрдөн кийин "УИАнын илимий изилдөө институттарын," деген сөздөр менен толукталсын;
б) 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Улуттук илимдер академиясы юридикалык жактын статусуна ээ жана коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү УИАнын уюштуруучусу болуп саналат. УИА өз ишинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет.";
2) 3-5-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. УИАнын ишинин максаты
УИАнын иши илим чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашырууга багытталган:
- Кыргыз Республикасында табигый, техникалык, гуманитардык жана коомдук илимдер жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- республиканын социалдык-экономикалык, саясий, илимий-техникалык, инновациялык жана маданий жактан өнүгүшүнүн актуалдуу проблемаларын изилдөө;
- илимий иштеп чыгууларды жана жетишкендиктерди пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- Кыргызстандын элинин билим алуусунун, рухий маданиятынын өнүгүшүнө жана анын интеллектуалдык дареметин жогорулатууга илимдин таасирин тийгизүү.
4-статья. УИАнын негизги милдеттери
УИАнын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу алкактарындагы негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- илимдин артыкчылыктуу багыттары боюнча фундаменталдык жана прикладдык, инновациялык илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүзөгө ашыруу;
- эң маанилүү илимий, илимий-техникалык, экономикалык, социалдык жана экологиялык программаларды, инновациялык долбоорлорду илимий экспертизадан өткөрүүнү уюштуруу жана катышуу;
- жогорку квалификациядагы илимий кызматкерлерди аспирантура жана докторантура аркылуу даярдоо; окумуштуулардын жана адистердин квалификациясын жогорулатуу, анын ичинде чет өлкөлүк илимий борборлордо жогорулатуу;
- өлкөнүн экономикалык, социалдык, маданий өнүгүүсүн, жаратылышты сарамжалдуу пайдаланууну жана коргоону илимий камсыз кылуу;
- илимди өнүктүрүүнүн принципиалдуу жаңы жолдорун табуу; ата мекендик жана дүйнөлүк илимдин жетишкендиктерин практикада пайдалануу боюнча сунуштамаларды жана механизмдерди иштеп чыгууга катышуу.
5-статья. УИАнын функциялары
УИАнын функцияларына төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик бирдиктүү саясатын, илимий-техникалык өнүгүшүнүн комплекстүү божомолун иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, республикадагы илимдин абалы жана өнүгүүсүнүн келечеги жөнүндө жылдык баяндаманы даярдоого катышуу;
- илимий-техникалык программалардын, изилдөө иштеринин келечектүү пландарынын алкактарында фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- инновациялардын жана жогорку технологиялардын үлгүлөрүн түзүү боюнча тажрыйбалык-конструктордук жана тажрыйбалык-технологиялык иштеп чыгууларды жүргүзүү;
- эл аралык илимий-техникалык кызматташтыктын алкактарында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди даярдоо, илимий билимдерди пропагандалоо жана жайылтуу;
- илимий-техникалык саясат жана прогресс маселелери боюнча, ошондой эле улуттук билим берүү тутумунун илимий деңгээлин жогорулатуу боюнча мамлекеттик чечимдерди иштеп чыгууга көмөктөшүү;
- илимий техникалык маалыматтын мамлекеттик ресурстарын түзүүгө катышуу.";
3) 9-статьянын 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында "УИАнын уставына ылайык" жана "чечүүчү добуш берүү укугу менен" деген сөздөр алып салынсын;
4) 10-12-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. УИАнын жалпы чогулушу
УИАнын анык мүчөлөрүнөн (академиктеринен), мүчө-корреспонденттеринен, илимий мекемелердин жетекчилеринен жана жетектөөчү окумуштууларынан турган жалпы чогулушу УИАнын жогорку башкаруу органы болуп саналат.
УИАнын жалпы чогулушу:
- УИАнын уставын жана ага түзөтүүлөрдү кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген илимди өнүктүрүүнүн артыкчылыктарынын алкактарында УИАнын илимий изилдөөлөрүнүн негизги багыттарын аныктайт;
- УИАнын президиумунун, УИАнын бөлүмдөрүнүн, илимий мекемелеринин, анык мүчөлөрүнүн (академиктеринин) жана мүчө-корреспонденттеринин отчетторун угат жана бекитет;
- УИА анык мүчөлөрүн (академиктерин), мүчө-корреспондеттерин, чет өлкөлүк мүчөлөрүн, УИАнын президентин жана президиумунун мүчөлөрүн УИАнын уставында аныкталуучу тартипте шайлайт;
- илимий жана уюштуруучулук мүнөздөгү маселелерди карайт.
УИАнын жалпы чогулушунун сессиясы зарылдыгына жараша, бирок жылына эки жолудан кем эмес чакырылат.
11-статья. УИАнын президиуму
УИАнын жалпы чогулушунун сессияларынын аралыгында УИАнын президиуму туруктуу иштөөчү коллегиялуу аткаруучу орган болуп саналат. УИАнын президенти УИАнын президиумунун төрагасы болуп саналат.
УИАнын президиуму УИАнын президентинин, вице-президентинин, башкы окумуштуу катчысынын, бөлүмдөрүнүн төрагаларынын, УИАнын уставында аныкталган санда УИАнын президиумунун мүчөлөрүнүн, ошондой эле кеңеш берүүчү добушу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлүнүн курамында УИАнын жалпы чогулушунда шайланат.
Президиумдун мүчөлөрү 5 жылдык мөөнөткө шайланат. УИАнын президиумунун мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү жана шайлоо тартиби, алардын функциялары жана ыйгарым укуктары УИАнын уставында аныкталат.
УИАнын президиуму:
- УИАнын жалпы чогулушунун сессияларын чакырат;
- илимий-изилдөө жана илимий-көмөкчү мекемелерди түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте карайт;
- УИАнын бардык түзүмдүк мекемелери жана кызмат адамдары тарабынан УИАнын уставынын сакталышы үчүн контролдоону жүзөгө ашырат;
- УИАнын уставына ылайык функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
12-статья. УИАнын президенти
УИАнын президенти УИАнын жалпы чогулушунда УИАнын 70 жаштан улуу эмес анык мүчөлөрүнүн (академиктеринин) жана мүчө-корреспонденттеринин ичинен жашыруун добуш берүү менен 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам УИАнын президентинин кызмат ордуна катары менен эки мөөнөттөн ашык эмес шайлана алат.
УИАнын жаппы чогулушунун шайлоосунун натыйжалары боюнча УИАнын президентинин кызмат ордуна шайланган талапкер Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бир айдын ичинде бекитилет. УИАнын президентин шайлоо жөнүндө жалпы чогулуштун чечими Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилбеген учурда шайлоо жараксыз деп эсептелет.
УИАнын президенти:
- УИАнын жалпы чогулушунун жана УИАнын президиумунун ишине жетекчилик кылат;
- УИАга жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында, эл аралык уюмдарда, коомдоштуктарда, ассоциацияларда УИАнын атынан чыгат;
- өз иши үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана УИАнын жалпы чогулушуна отчет берет.
УИАнын президентинин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:
- өз арызы боюнча;
- УИАнын жалпы чогулушунун мүчөлөрүнүн тизмелик курамынын үчтөн экисинен кем эмеси тарабынан демилгеленген чакыртып алуусу боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган учурларда;
- жазык жана администрациялык мыйзамдарды бузган учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча.
УИАнын президентинин орду бош болгон учурда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри УИАнын жалпы чогулушунун сунушу боюнча УИАнын президентинин милдетин аткаруучуну бир жылга чейинки мөөнөткө дайындайт.";
5) 17-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-статья. УИАны каржылоо
УИАнын илимий мекемелерин каржылоо формалары (базалык, максаттуу-программалык жана гранттык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
УИАнын илимий мекемелеринин каржылык каражаттары төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- республикалык бюджеттин каражаттарынын;
- атайын арналыштагы фонддордун каражаттарынын;
- жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган чет өлкөлүк жана башка булактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн жана кайрымдуулуктарынын.
УИАнын илимий мекемелерин каржылоо илимий мекемелерди, фундаменталдык жана прикладдык программаларды базалык каржылоону, ошондой эле академиялык илимий инфратүзүмдү каржылык камсыз кылууну кошуп алганда, Илимдин улуттук фондунан өзүнчө сап менен жүзөгө ашырылат.
Илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн УИАнын илимий мекемелери, айрым окумуштуулары жана окумуштуулардын тобу Илимдин улуттук фондунун гранттарын алуу үчүн конкурстарга катыша алышат.
Учурдагы жылдын аягына чейин сарпталбаган атайын каражаттар кийинки жылда пайдалануу үчүн сакталып калат.
Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн алынган каржылык каражаттарды максаттуу пайдалануу үчүн каржылоо булактарына (бюджеттик каражаттар, гранттар, насыялар) карабастан, мекеменин жетекчиси, теманын, программанын же долбоордун илимий жетекчиси жеке жоопкерчилик тартат.";
6) 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья. Эмгекке акы төлөө, социалдык-тиричиликтик маселелерди чечүү
УИАнын анык мүчөлөрүн (академиктерин) жана мүчө-корреспонденттерин кошуп алганда, УИАнын кызматкерлерине эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
УИАнын мүчөлөрүнүн, илимий кызматкерлеринин, адистеринин, тейлөөчү персоналынын социалдык-тиричиликтик маселелерин чечүү үчүн УИА тартылган каражаттардын чектеринде кызматтык маяналарга дифференцияланган үстөктөрдү белгилейт жана аларга материалдык жардам көрсөтөт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-июлунда № 78 (2803) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жаңы уставын бекитсин.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жаңы жетекчилигин жана жаңы мүчөлөрүн шайлоо ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставына ылайык жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |