Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 29-июну № 115
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 25-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
351-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"351-статья. Бирдиктүү салык декларациясын, ошондой эле салыктык отчетторду, эсептешүүлөрдү мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө бербөө
Бирдиктүү салык декларациясын мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө бербөө -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Нөлдүк көрсөткүчтөр менен салык отчётторун бербөө же болбосо салыктык карыздары жок салык төлөөчүлөрдүн салык отчётторун мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө бербөөсү -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш өлчөмүндө, кызмат адамдарына - он өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Салыктык карызы бар салык төлөөчүлөрдүн салыктык отчётторду, салык салууга байланышкан эсептешүүлөрдү мыйзамда белгиленген мөөнөттө бербөөсү, -
салыктык карыздардын суммасына жараша төмөнкүдөй администрациялык айып салууга алып келет:
эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө: жарандарга - он өлчөмүндө, кызмат адамдарына - он беш өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз жыйырма өлчөмүндө;
эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө: жарандарга - он беш өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз кырк өлчөмүндө;
эсептешүү көрсөткүчүнүн миңден эки жарым миңге чейинки өлчөмүндө: кызмат адамдарына - отуз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз элүү өлчөмүндө;
эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жарым миңден беш миңге чейинки өлчөмүндө: кызмат адамдарына - элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз алтымыш өлчөмүндө.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 11-июлунда № 80 (2805) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |