Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 5-июлу № 118
"Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 31-майында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"аккредитациялоо - социалдык кызматтын кардарларына социалдык кызматтарды көрсөтүүчү социалдык жактан тейлөөнүн жарым-жартылай стационардык уюмдарын жана мекемелерин баалоо жол-жобосу, анын натыйжалары боюнча аккредитацияланган уюм белгиленген талаптарга ылайык келерин ырастоочу аккредитациялоо тууралуу сертификат берилет;";
2) 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 61-статья менен толукталсын:
"61-статья. Социалдык жактан тейлөөнүн жарым-жартылай стационардык уюмдарын жана мекемелерин аккредитациялоо
Калкты социалдык жактан тейлөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын камсыз кылуу максатында кардарларга мамлекеттик социалдык заказдын алкагында социалдык кызматтарды көрсөтүүчү социалдык жактан тейлөөнүн жарым-жартылай стационардык уюмдары жана мекемелери аккредитацияланууга жатат.
Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан тышкары, башка каражаттардын эсебинен каржылануучу социалдык тейлөөчү жарым-жартылай стационардык уюмдарды жана мекемелерди аккредитациялоо ыктыярдуу негизде жүргүзүлүшү мүмкүн.
Социалдык кызматтын кардарларына социалдык кызматтарды көрсөтүүчү социалдык жактан тейлөөнүн жарым-жартылай стационардык уюмдарын жана мекемелерин аккредитациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 11-июлунда № 80 (2805) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |