Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 15-июлу № 126
"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 29-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1052-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 16-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Монополияга каршы мыйзамдардын бузулгандыгы жөнүндө иштерди кароо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) жеке же юридикалык жактын арызы;
2) ыйгарым укуктуу органдын демилгеси.";
2) 17-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ыйгарым укуктуу орган ишти кароонун натыйжалары боюнча кабыл алган чечим (кагаз жүзүндөгү талап) аны кабыл алган күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен кызыкдар жактарга жиберилет же аларга кол койдурулуп тапшырылат.";
3) 19-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ыйгарым укуктуу органдын чечимине (кагаз жүзүндөгү талабына) арыз берүүчү жана башка кызыкдар жактар административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте даттанууга укуктуу. Административдик даттануу боюнча чечим менен макул болбогон учурда ушул абзацта көрсөтүлгөн жактар сотко кайрылууга укуктуу.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 18-июлунда № 82 (2807) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |