Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 20-июлу № 130
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 Мыйзамынын редакциясыны ылайык)
2017-жылдын 15-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жарчысы, 2014-ж., № 7, 715-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук формада көрсөтүү үчүн электрондук башкаруунун архитектурасын пайдалануу тартиби "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталат";
2) 3-берененин он тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү электрондук формада көрсөтүү - мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүнү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу аралыктан көрсөтүү.";
3) 15-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк пункттары же болбосо электрондук формада Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу көрсөтүлөт.".
2-берене.
(КР 2023-жылдын 29-декабрындагы № 217 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчүнө кириши менен бир убакта күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 25-июлунда № 84-85 (2809-2810) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |