МыйзамКүчүндө

КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 132 «2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Түндүк-Түштүк автомобиль жолун (Балыкчы - Жалал-Абад альтернативдик автожолун) реконструкциялоо долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамы

Редакция20.07.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 20-июлу № 132

2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Түндүк-Түштүк автомобиль жолун (Балыкчы - Жалал-Абад альтернативдик автожолун) реконструкциялоо долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

2017-жылдын 22-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Түндүк-Түштүк автомобиль жолун (Балыкчы - Жалал-Абад альтернативдик автожолун) реконструкциялоо долбоору боюнча кредиттик макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Сауд өнүктүрүү фондуна жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 1-августунда № 87 (2812) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

        Президенти

 

А.Ш. Атамбаев