Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 20-июлу № 133
2016-жылдын 13-октябрында Тбилиси шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2017-жылдын 22-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
2016-жылдын 13-октябрында Тбилиси шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Грузия Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте грузия тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 1-августунда № 87 (2812) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |