Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 25-июлу № 141
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2017-жылдын 29-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 211-беренеде:
а) "Соттун чечими" деген сөздөр "1. Соттун чечими" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Экстремисттик же террористтик ишти жүзөгө ашырууга чакырган же болбосо аны жүзөгө ашыруунун зарылдыгын негиздеген же актаган маалыматтык материалдарды экстремисттик же террористтик деп таануу жөнүндө арыздар боюнча соттор чыгарган чечимдер жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.";
2) 3-бөлүмчө төмөнкүдөй мазмундагы 251-глава менен толукталсын:
"251-глава. Экстремисттик же террористтик ишти жүзөгө ашырууга чакырган же болбосо аны жүзөгө ашыруунун зарылдыгын негиздеген же актаган маалыматтык материалдарды экстремисттик же террористтик деп таануу жөнүндө арыздар боюнча өндүрүш
2611-берене. Арызды берүү
1. Прокурор өз компетенциясынын чегинде экстремисттик же террористтик ишти жүзөгө ашырууга чакырган же болбосо аны жүзөгө ашыруунун зарылдыгын негиздеген же актаган маалыматтык материалдарды экстремисттик же террористтик деп таануу жөнүндө арыз менен алар табылган же таркатылган жер же мындай материалдарды чыгарууну жүзөгө ашырган уюм жайгашкан жер боюнча, ушул Кодекстин 4-главасында белгиленген сотко караштуулук жөнүндө эрежелерди сактоо менен сотко кайрылууга укуктуу.
2. Прокурордун арызы боюнча сот чечим чыгарганга чейин ушул Кодекстин 14-главасында каралган тартипте маалыматтык материалдардын жеткиликтүүлүгүн убактылуу чектөөгө укуктуу.
2612-берене. Арызды кароо
1. Арыз ал келип түшкөн учурдан тартып үч күндүк мөөнөттө сот тарабынан каралууга тийиш. Эгерде арызда камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурларда, алар боюнча чечим беш күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат.
2. Арызды сот талапты билдирген прокурордун жана эгерде алардын турган орду белгилүү болсо, арызда көрсөтүлгөн жактардын катышуусу менен карайт. Сот жыйналышынын убагы жана орду жөнүндө талаптагыдай түрдө кабардар кылынган арызда көрсөтүлгөн жактардын сотко келбөөсү ишти кароого жана чечүүгө тоскоолдук болуп саналбайт.
3. Эгерде арызда көрсөтүлгөн жактардын турган орду белгисиз болгон учурда, сот арызды алардын катышуусусуз карайт.
2613-берене. Соттун арыз боюнча чечими жана анын аткарылышы
1. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими юстиция чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органына жарыялоо үчүн жөнөтүлөт.
2. Соттун чечими ушул Кодекстин 40-главасында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-августунда № 90 (2815) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |