Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 25-июлу № 142
2016-жылдын 17-октябрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун тартиби жөнүндө аткаруу протоколун ратификациялоо тууралуу
2017-жылдын 28-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
2016-жылдын 17-октябрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реадмиссия жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун тартиби жөнүндө аткаруу протоколу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте казакстан тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун жана Аткаруу протоколунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-августунда № 90 (2815) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |