Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 25-июлу № 145
2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Мамлекеттик мектептердин курулушу боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
2017-жылдын 22-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Мамлекеттик мектептердин курулушу боюнча кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Сауд өнүктүрүү фондуна жогоруда көрсөтүлгөн Кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-августунда № 91 (2816) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |