Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 138 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 28-июлу № 148
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 28-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 605-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 51-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
2-пунктундагы ", ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын мыйзамда белгиленген этикасын" деген сөздөр алып салынсын;
6-пунктундагы "тиешелүү сотто белгиленген" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүктө:
1-пунктундагы "ишенимдүү адамы же" деген сөздөр алып салынсын;
4-пунктундагы "алынган белектерди пайдаланууга" деген сөздөр "берилген белектерди пайдаланууга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5-пунктундагы ", башка коомдук бирикмелердин жана башка уюмдардын" деген сөздөр алып салынсын;
9-пунктунда:
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- тийиштүү соттун төрагасы менен макулдашуу боюнча мыйзамдарда тыюу салынбаган каражаттардан кошумча төлөнүүчү педагогикалык, илимий, эксперттик жана чыгармачылык иштерден. Көрсөтүлгөн иштерди жүзөгө ашыруу судьянын иштеген жери боюнча аткарган ишинин санына жана сапатына таасир этпеши керек;";
- үчүнчү абзац "(мындан ары - Судьяларды тандоо кеңеши)" деген сөздөрдөн кийин ", Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 52-берененин 1-бөлүгүндө:
а) үчүнчү абзацындагы "жана Судьяларды тандоо кеңешине" деген сөздөр ", Судьяларды тандоо кеңешине жана Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
в) алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгына талаптардын бузулгандыгы жөнүндө ага каршы кандай гана айыптоолор болбосун төгүндөөнү же алардын негизсиздигин таанууну талап кылууга;";
3) 54-берене төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"54-берене. Судьялардын кызмат ордуна талапкерлерди окутуу
"1. Судьялардын кызмат ордуна талапкерлерди окутууну Сот адилеттигинин жогорку мектеби жүзөгө ашырат. Судьянын кызмат ордуна талапкер болушкан адамдар бир жылга чейинки мөөнөттөгү окуудан өтүүгө тийиш, бул мезгилдин аралыгында ага иш орду боюнча эмгек акысы сакталбаган эмгек өргүүсү берилет. Окуу аяктаганда квалификациялык экзамен өткөрүлөт.
2. Судьялардын кызмат ордуна талапкерлерди окутуудан өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү Жогорку соттун төрагасы жана Судьялар кеңеши тарабынан аныкталат.";
4) 6-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Судьянын бийик наамы менен коошпогон, ушул конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган тартип жосунун (жосундарын) олуттуу, же болбосо системалуу жасоо кынтыксыздык талаптарын бузуу деп түшүнүлөт.";
5) 12-берененин 1-бөлүгүндөгү "Судьяга таасир кылууга" деген сөздөр "Судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишине кийлигишүүгө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 14-берененин 2-бөлүгү "Судья" деген сөздөн кийин ", анын ичинде" деген сөздөр менен толукталсын;
7) 17-беренеде:
а) 2-бөлүктүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Экзамен талапкерлердин окуусунун жыйынтыктары боюнча тапшырылат.";
б) 4-бөлүктүн бешинчи абзацындагы "туруктуу өкүлүнүн" деген сөздөр "өкүлчүлүгүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын;
8) 19-берененин 3-бөлүгүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 211-берене төмөнкүдөй мазмундагы 31 жана 32-бөлүктөр менен толукталсын:
"31. Талапкер судья болуп дайындалган учурда өзүнүн телефондук сүйлөшүүлөрүн угууга жазуу жүзүндө макулдук берет.
32. Талапкер өзүнүн полиграфологиялык изилдөөдөн өткөндөгүнүн натыйжаларын кошумча берүүгө укуктуу. Анын натыйжаларын баалоонун тартиби Судьялар кеңеши тарабынан аныкталат.";
10) 23-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 4-пунктундагы "жана Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан талапкерлиги Президентке киргизилген" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-4 жана 6-бөлүктөрдөгү ар кандай жөндөмө формаларындагы "Судьяларды тандоо кеңеши" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Судьялар кеңеши" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 5-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5-ГЛАВА. СУДЬЯНЫ КЫЗМАТТАН ЧЕТТЕТҮҮНҮН, ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ТОКТОТУУНУН НЕГИЗДЕРИ ЖАНА ТАРТИБИ";
12) 25-беренеде:
а) берененин аталышындагы "четтетүү" деген сөз "убактылуу четтетүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берген учурда, ал кызмат ордунан убактылуу четтетилет (судьянын милдеттерин аткаруудан четтетилет).
"2. Судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга (айыпталуучу катары тартууга) макулдук берилген учурда, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы аны Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы кызмат ордунан убактылуу четтетүү тууралуу сунушту андан ары Жогорку Кеңешке киргизүү үчүн Президентке, жергиликтүү соттун судьясы боюнча сунушту - Президенттин кароосуна киргизет.";
в) 3-бөлүктө "четтетүү" деген сөз "убактылуу четтетүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 4-бөлүктө:
"Кызматынан" деген сөздөн кийин "убактылуу" деген сөз менен толукталсын;
"четтетүү жөнүндө" деген сөздөр "убактылуу четтетүү жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 26-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
14) 27-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы жана 1-5-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
"11. Судьянын ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:
1) отставкага кеткендиги тууралуу кат жүзүндө арыз берилгенде;
2) жеке каалоосу боюнча кат жүзүндө арыз берилгенде;
3) ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жөндөмсүздүгү медициналык комиссиянын корутундусу менен ырасталганда;
4) Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы жергиликтүү соттун судьясы болуп дайындалганда; жергиликтүү соттун судьясы Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланганда;
5) сот адилеттигин жүзөгө ашыруу менен байланышпаган башка жумушка өткөндө;
6) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же жарандыгынан чыкканда, же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда;
7) судьянын эмгекке жарактуулугу чектелгендиги жөнүндө же аны эмгекке жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
8) ал өлгөндө;
9) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен аны өлдү деп жарыялаганда;
10) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен аны дайынсыз жок деп тааныганда;
11) жергиликтүү соттун судьясы ушул конституциялык Мыйзамдын 23-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган негиздер боюнча башка жергиликтүү сотко которуудан баш тартканда;
12) ага медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
13) реабилитациялабоочу негиздер боюнча ага карата жазык куугунтугун токтотуу жөнүндө соттун айыптоочу өкүмү же токтому мыйзамдуу күчүнө киргенде;
14) судьяны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартип жазасы колдонулганда;
15) судьянын кызмат орду менен айкалышпаган иштер менен алектенгенде;
16) саясий партияларга мүчө болгондо, ал кайсы бир саясий партияны колдоп чыкканда;
17) Президенттикке, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер катары катталганда;
18) Жогорку Кеңешке шайлоолорго катышып жаткан саясий партиянын каттоодон өткөн тизмесине киргенде.";
в) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Судьянын ыйгарым укуктары ушул берененин 11-бөлүгүнүн 14-пунктун кошпогондо, ушул берененин 1 жана 11-бөлүктөрүндө каралган негиздер пайда болгон күндөн тартып Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, ал эми ушул берененин 11-бөлүгүнүн 14-пунктунда каралган учурларда - Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча Президент же Жогорку Кеңеш тарабынан судьяны кызмат ордунан бошотуу жолу менен токтотулат.
Ушул берененин 11-бөлүгүнүн 9, 10, 13-пункттарында каралган соттун чечимдери жокко чыгарылган учурда, жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктары Президент тарабынан, ал эми Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңеш тарабынан кайрадан жаңыртылат.";
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Отставкага кеткендиги тууралуу кат жүзүндөгү арыз ал берилген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде кайра чакыртылып алынышы мүмкүн.";
15) 271 жана 28-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"271-берене. Судьянын отставкасы
1. Судьянын кызмат ордунан кетиши судьянын отставкасы деп таанылат.
2. Ар бир судья жаш курагына карабастан өз каалоосу боюнча отставкага укугу бар. Эгерде судья катары анын жүрүм-туруму кынтыксыз болуп саналса жана анын ыйгарым укуктары ушул конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүгүндө, 11-бөлүгүнүн 1, 3, 5, 11, 17, 18-пункттарында каралган негиздер боюнча токтотулган болсо, судья отставкага кетти деп эсептелет.
3. Отставкадагы судьяларга Судьялар кеңеши тарабынан белгиленген тартипте отставкадагы судьянын күбөлүгү берилет.
4. Эгерде соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен гана билип туруп адилетсиз сот актысын чыгарууда судьянын күнөөлүү экени аныкталбаса, отставкадагы судьянын наамы, судьялык коомдоштукка таандыктуулугу, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда ал айткан пикир жана сот тарабынан кабыл алынган чечим үчүн кол тийбестиктин кепилдиктери отставкадагы судьяда сакталып калат.
5. Судья Кыргыз Республикасынын жарандыгын сактап турганда жана аны жаманатты кылуучу кадамдарга барбаганга, ошол аркылуу сот бийлигинин беделин төмөндөтүүгө жол бербегенге чейин отставкада деп эсептелет.
Судья Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтоткон же аны жаманатты кылуучу кадамдарга барган, ошол аркылуу сот бийлигинин беделин төмөндөтүүгө жол берген учурда, анын отставкада болуусун токтотуунун тартиби жана шарттары Судьялар кеңеши тарабынан бекитилет.
28-берене. Судьялардын тартип жоопкерчилиги
1. Судья тартип бузган жосун жасагандыгы үчүн тартип жоопкерчилигине тартылат.
2. Судьянын өз кызматтык милдеттерин аткаруудагы, же болбосо кызматтан тышкары иштериндеги айыптуу аракети же аракетсиздиги тартип жосуну деп таанылат, алар төмөнкүлөрдөн билинет:
1) сот адилеттигин жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту айкын жана одоно бузганда;
2) судьянын Абийир кодексин одоно бузганда;
3) кеңешүүчү бөлмөнүн сырларын же иш жабык сот жыйынында каралганда судьяга белгилүү болгон сырларды ачыкка чыгарганда;
4) сот адилеттигин жүргүзүүдө же мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруудагы анын ишине кийлигишүүлөрдүн ар кандай түрлөрү, ошондой эле мыйзамда каралбаган ар кандай башка кийлигишүүлөр тууралуу Судьялар кеңешине мыйзамда белгиленген тартипте билдирбей койгондо;
5) өз мүлкүн, кирешелери менен чыгашаларын өз убагында декларациялабаганда жана бербегенде, мында ага билип туруп жалган маалыматтарды чагылдырганда;
6) сот ишинде терс кесепеттерге алып келген эмгек тартибинин эрежелерин одоно бузганда;
7) ушул конституциялык Мыйзамдын 51-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган судьяга коюлуучу башка талаптарды одоно бузганда.
3. Эгерде мыйзамды одоно бузууга жол берилбесе, сот актысын жокко чыгаруу же өзгөртүү судьяны тартип жоопкерчилигине тартууга алып келбейт.
4. Судьяны тартип бузган жосунду жасагандыгы үчүн тартип жоопкерчилигине тартуу төмөнкүдөй тартип жазасынын түрүнүн бирин колдонууга алып келет:
1) алдын ала эскертүү;
2) эскертүү;
3) сөгүш берүү;
4) судьяны ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу.
Ар бир тартип бузган жосун үчүн жасалган жосундун мүнөзүн, аны жасаган жагдайларды жана кесепеттерин, тартип жосунун жасаган судьянын күнөөсүнүн формасын, ким экендигин, судьянын аракеттери (аракетсиздиги) аркылуу жеке (юридикалык) жактардын укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары канчалык даражада бузулгандыгын эске алуу менен бир гана тартип жазасы көрүлөт.
Эгерде судья ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган тартип жазасы күчүндө турган мөөнөттүн ичинде, тиешелүү тартип жазасы көрүлгөндөн кийин жаңы тартип жосунун жасабаса, судья тартип жоопкерчилигине тартылган жок деп эсептелет.
5. Судьяга алдын ала эскертүү судьянын аракеттерине (аракетсиздигине) карата оозеки сөгүш берүү, ал эми эскертүү жана сөгүш - судьянын аракеттерине (аракетсиздигине) карата жазуу жүзүндөгү сөгүш берүү аркылуу жасалат.
Алдын ала эскертүүнүн күчү алты ай мөөнөттү, эскертүү - тогуз ай мөөнөттү, сөгүштүкү - он эки ай мөөнөттү түзөт.
Алдын ала эскертүү, эскертүү же сөгүш Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы тарабынан колдонулган тиешелүү тартип жазасынын мөөнөтүнүн жарымы өткөндөн кийин алып салынышы мүмкүн. Аларды алып салуунун тартиби "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
6. Судьяны тартип бузган жосун жасагандыгы үчүн ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу өзгөчө учурларда, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечими менен ырасталган, судьянын кынтыксыздык талаптарын бузгандыгы үчүн тартип жазасынын эң катуу чарасы катары колдонулат.
Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн негиз боюнча Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары ээлеген кызмат ордунан Президенттин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан, ал эми жергиликтүү соттордун судьялары - Президент тарабынан мөөнөтүнөн мурда бошотулат.
7. Судьяны ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартип жоопкерчилигине тартуунун тартиби бузулган учурда, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечими сотко даттанылышы мүмкүн.
Судьяга карата тартип жазасынын башка түрүн колдонуу жөнүндө Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечимдери даттанууга жатпайт.
Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттун судьяларын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Жогорку Кеңештин, Президенттин чечимдери даттанууга жатпайт.
8. Судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу тартиби "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленет.";
16) 29-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
17) 30-беренеде:
а) 1-бөлүктөгү "маселе боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүктө:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын макулдугу менен Башкы прокурордун сунуштамасы боюнча жол берилет.";
экинчи абзацтагы "Судьялар кеңешине" деген сөздөр "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Судьяны сот тартибинде берилүүчү администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына сунуштаманы тиешелүү мамлекеттик орган киргизет.";
г) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
д) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Эгерде сунуштамадагы жүйө-далилдер судья судьялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жатканда карманган позицияга негизделген болсо, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы судьяны сот тартибинде берилүүчү жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштаманы канааттандыруудан баш тартат.";
е) 7-бөлүктөгү "Судьялар кеңеши" деген сөздөр "Ошол эле негиздер боюнча Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
ж) берене төмөнкүдөй мазмундагы 8 жана 9-бөлүктөр менен толукталсын:
"8. Ыйгарым укуктары токтотулган судьялар ушул беренеде белгиленген тартипте судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде жасашкан жосундары үчүн жазык жоопкерчилигине тартылышат.
9. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын судьяны сот тартибинде салынуучу жазык же администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө чечими даттанылбайт.";
18) 33-беренеде:
а) 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "1-бөлүгүнүн 4-пунктунда" деген сөздөр "11-бөлүгүнүн 9-пунктунда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 11-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык ыйгарым укуктары токтотулган адамдарга, судьялык стажы жыйырма жана андан көп жыл болсо; ушул конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 11-бөлүгүнүн 3 жана 7-пунктуна ылайык; жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу; судьялык стажы он беш жана андан көп жыл болсо ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн өткөндүгүнө байланыштуу судья болуп иштеген ар бир толук жыл үчүн акыркы кызмат орду боюнча төлөнгөн орточо бир айлык эмгек акынын эсебинде, бирок анын бир жылдык эмгек акысынан кем эмес бир жолку жөлөкпул төлөнөт.";
19) 35-беренеде:
а) 23-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 25-бөлүктө:
экинчи абзацтагы "271-беренесинин," деген сөздөр алып салынсын;
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Ушул конституциялык Мыйзамдын 271-беренесин колдонуу ушул конституциялык Мыйзам күчүнө киргенге чейин пайда болгон мамилелерге жайылтылат.";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-бөлүктөр менен толукталсын:
"6. Ушул конституциялык Мыйзамдын 211-беренесинин 31, 32-бөлүктөрү көрсөтүлгөн бөлүктөрдө айрым аракеттерди жүргүзүүнүн тартибин жана шарттарын жөнгө салган Өкмөттүн ченемдик укуктук актылары кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет.
7. Полиграфологиялык изилдөөдөн өтүүнүн тартиби аны ишке ашыруу үчүн көз карандысыз уюмдарды милдеттүү түрдө тартуу жана изилдөөлөрдү жүргүзүү процессине жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетүүсүн камсыз кылуу менен Өкмөт тарабынан белгиленет.".
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 8-августунда № 91 (2816) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |