Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 28-июлу № 150
2016-жылдын 16-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 16-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору үчүн берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына тийиштүү гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
2017-жылдын 22-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
2016-жылдын 16-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана 2016-жылдын 16-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кызыл-Кыя шаарындагы суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо" долбоору үчүн берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына тийиштүү гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-августунда № 91 (2816) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |