Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 28-июлу № 152
"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
2017-жылдын 29-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
6-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ишкердик субъекттерин мамлекеттик каттоодон баш тартуу административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 4-августунда № 91 (2816) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |